Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы билим берүү объекттеринин курулушун каржылоо маселесин чечүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 4-июну № 185-б Чүй облусунун, Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарындагы билим берүү объекттеринин курулушун каржылоо маселесин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибинин 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:
1) 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 30-мартына чейинки мезгил үчүн Укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине которулган каражаттардын эсебинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 1124613428 (бир миллиард жүз жыйырма төрт миллион алты жүз он үч миң төрт жүз жыйырма сегиз) сомго көбөйтсүн, анын ичинде:
- 2019-жылдын 1-январына карата Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттардын калдыгынын эсебинен 465356344 (төрт жүз алтымыш беш миллион үч жүз элүү алты миң үч жүз кырк төрт) сом;
- 2019-жылдын 1-апрелине карата Бирдиктүү депозиттик эсептеги каражаттардын калдыгынын эсебинен 439078538 (төрт жүз отуз тогуз миллион жетимиш сегиз миң беш жүз отуз сегиз) сом;
- 2019-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 220178546 (эки жүз жыйырма миллион жүз жетимиш сегиз миң беш жүз кырк алты) сом;
2) "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каражаттардын көлөмүн 799320164 (жети жүз токсон тогуз миллион үч жүз жыйырма миң жүз алтымыш төрт) сомго көбөйтсүн;
3) аталган каражаттарды "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорунда эске алсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 "Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун…Постановление · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке…Порядок · 22.06.2018 · № 298 · Күчүн жоготкон