Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максаты жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 15-марты, № 53-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылдын республикалык бюджетине езгөртүүлөр киргизилгенге чейин, белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин 2019-жылга карата атайын эсебиндеги каражатты 3 642 500 (үч миллион алты жүз кырк зки миң беш жүз) сомго көбөйтсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизгенде ушул өзгөртүүнү караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон