12-берене
Күчүндө · 23.12.2019 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрү чыгашалардын 2000300,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттерин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытташсын.
4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатууга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзамда бекитилген 2019-2021-жылдарга теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болбой тургандыгы белгиленсин.
6. Жеке кирешелерин (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйтүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом каралсын.
Берененин тексти 23.12.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Жайыл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 9-декабрындагы № 11 "2019-жылга бюджетти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.12.2019 · № 11
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111855/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>