Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарында жайгашкан Баткен облусунун калктуу конуштарында социалдык объекттердин, транспорттук инфраструктуранын жана ирригациялык курулмалардын курулушун өз учурунда каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 17-майы № 140-б Кыргыз Республикасынын чек арага жакын аймактарында жайгашкан Баткен облусунун калктуу конуштарында социалдык объекттердин, транспорттук инфраструктуранын жана ирригациялык курулмалардын курулушун өз учурунда каржылоону камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, белгиленген тартипте "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча сметалык багыттоолорду 220,0 (эки жүз жыйырма) миллион сом суммасына көбөйтсүн жана төмөнкүлөргө кошумча финансы каражаттарын бөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине 150,0 (жүз элүү) миллион сом - Баткен облусунун аймагындагы Кок-Таш - Ак-Сай, Ак-Сай - Тамдык автожолдорунун курулушун улантууга жана Ак-Сай - Рават автожолунун курулушуна;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине 50,0 (элүү) миллион сом - Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы "Бакай" участогунун тургундарын сугат суу менен камсыздоо үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 20,0 (жыйырма) миллион сом - Баткен облусундагы Баткен районунун Ак-Сай айылындагы мектепти капиталдык оңдоого жана Капчыгай, Ак-Татыр айылдарында бала бакчаларынын курулушуна;
2) "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөр каралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын камсыздашсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59