Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 21-майы № 145-б (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 467-б буйругунун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 506 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруунун алкагында "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун толук иштешин мындан ары камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 400 000 000 (төрт жүз миллион) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүп берсин;
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 467-б буйругунун редакциясына ылайык
- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому менен төмөнкүдөй шарттарда Карыз милдеттенмесин түзсүн:
ар бир траншты жоюунун мөөнөтү - 15 жыл; карыздын негизги суммасын жоюуга жеңилдетилген мезгил - 10 жыл, акча каражаттары которулган датадан тартып; пайыздык ставка - жылдык 1 пайыз, которулган датадан тартып иш жүзүндө которулган акча каражаттарынын суммасына чегерилет; карыздын негизги суммасын жана чегерилген пайыздарды жоюунун мезгилдүүлүгү - квартал сайын, ар бир кварталдын акыркы айынын 15ине чейин; күрөөсүз негизде; айыптык санкциялар - жылдык 4 пайыз.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган бюджеттик кредит арналган максатка гана жумшала тургандыгы;
- жогоруда аталган бюджеттик кредитти кайтарып берүү Карыз милдеттенмесинин шарттарына ылайык камсыздалаары.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна бөлүнгөн бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын контролдоону камсыздасын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 26.12.2018 · № 112
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.08.2015 · № 560 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген)Программа · 05.08.2015 · № 560 · Күчүн жоготкон