Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Айыл банк» ачык акционердик коомуна имаратты берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 17-январы, № 11-б Мамлекеттик менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Айыл банк" ачык акционердик коомуна Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 14 дареги боюнча жайгашкан имаратты акы төлөп пайдалануу (ижара) келишиминин шарттарында 3 жылдык мөөнөткө белгиленген тартипте берсин;
- "Айыл банк'" ачык акционердик коому менен ижара келишимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык тоорук өткөрбөстөн белгиленген тартипте түзсүн;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Дж.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 29-мартындагы № 91-б ( "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна имаратты 3 жылга чейинки мѳѳнѳткѳ акы тѳлѳп пайдалануу (ижаралоо) келишиминин шарттарында…Распоряжение · 29.03.2017 · № 91-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон