Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 „Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 сентября 2021 года № 183 "О вопросах, регламентирующих порядок предоставления государственного имущества в аренду, хозяйственное ведение, оперативное управление, безвозмездное временное пользование"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-09-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 16-январы № 25 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциялары объекттеринин режимдик мүнөзүн эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларынын мүлкүнө, Кыргыз Республикасынан тышкары жайгашкан мамлекеттик мүлк объектилерин ижарага берүүдө пайда болгон мамилелерге карата колдонулбайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларынын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы бекиткен жоболорго ылайык жөнгө салынат.";
- 18-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн административдик имараттарындагы жайлар, иши аталган мамлекеттик уюмдардын кызматкерлеринин социалдык-тиричилик керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган субъектке ачык тоорук жүргүзбөстөн берилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24 - сентябрындагы № 183 токтомуПостановление · 24.09.2021 · № 183
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кенилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 11.10.2013 · № 190
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.