Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу» юридикалык жактардын бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана ишине зарыл болгон шарттарды түзүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 1-марты № 32-б "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана ишине зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы белгиленген тартипте:
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесине Бишкек шаары. Киев кечөсү, 96 "Б" дарегиндеги мамлекеттик имараттан жалпы аянты 61.0 кв. м. болгон № 313, 314, 315, 716-б кабинеттерди акысыз пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарынын негизинде. коммуналдык кызматтарга жана эсплуатациялык чыгымдарга акы төлөе менен беш жыл мөөнөткө пайдаланууга берсин; "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн кабинеттерди максатка ылайык пайдалануусун камсыздасын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон