Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Имараттарды пайдаланууга укук берүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «РАСПОРЯЖЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ от 5 апреля 2023 года № 160-р (О предоставлении права пользования зданием)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-04-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 160-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 23-марты № 85-б Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун көңүлгө алуу менен:
1. Борбордук Азиядагы Америка университетине К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин балансында турган, Бишкек шаары, Медеров көчөсү 161а дареги боюнча жайгашкан имараттагы жалпы аянты 1425 кв.м жайларды жанаша аймагы менен 15 жылдык мөөнөткө билим берүү максатында төмөнкү шарттарда акысыз пайдалануу укугу берилсин:
- бардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды кармоо боюнча эксплуатациялык чыгымдарды төлөө;
- Борбордук Азиядагы Америка университетинин каражаттарынын эсебинен имараттын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо (көтөрмө конструкцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана реконструкциялоону кошпогондо) боюнча иштерди өз алдынча жүргүзүү жана жанаша жайгашкан аймакты абаттоо.
2. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жайларды жана жанаша жайгашкан аймакты Борбордук Азиядагы Америка университетине билим берүү максатында пайдалануу үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- Борбордук Азиядагы Америка университети менен ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү жайларды акысыз пайдалануу жөнүндө келишим түзсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 160-т (Имаратты жана жанаша жайгашкан аймакты билим берүү максатында пайдалануу үчүн өткөрүп берүү…Распоряжение · 05.04.2023 · № 160-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон