Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Дайры» координациялык маркетинг борбору» коомдук фондуна 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз шартта убактылуу пайдаланууга имарат өткөрүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 26-сентябры № 362-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, 2008-жылдын 31-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүу банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2007-жылдын 31-майында кол коюлган "Кол өнөрчүлүк секторду өнүктүрүү жолу менен айылдык аялдардын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн жардам" долбоору (ЯЖАФтын № 9104 долбоору) боюнча Япониянын жакырчылыкты азайтуу фондунун (ЯЖАФ) гранты жөнүндө макулдашуу-каттын 5-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, "Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Дайры" координациялык маркетинг борбору" коомдук фондуна Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114 дарегинде жайгашкан имараттан аянты 165 кв. м болгон биринчи кабаттагы бөлмөнү жана аянты 33,1 кв. м болгон № 309 кабинетти коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана пайдалануу чыгымдарын төлөө менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз шартта убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2007-жылдын 31-майында кол коюлган "Кол өнөрчүлүк секторду өнүктүрүү жолу менен айылдык…Закон · 31.01.2008 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон