Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Товарларды эсепке алуу пункттарынын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максаттарын аткаруу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 4-майы № 129-б Товарларды эсепке алуу пункттарынын иши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик органдар, мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча ишке тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жайларды акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында, 35 (отуз беш) айлык мөөнөткө, андан ары мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берсин.
2. Мамлекеттик менчик үлүшү бар чарбакер субъекттерге ушул буйруктун 1-пунктунда аталган максаттар үчүн жайларды акысыз пайдалануу шартында мамлекеттик органдарга ижарага берүү сунушталсын.
3. Ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында аталган жайларды коммуналдык тейлөө жана күтүүгө эксплуатациялык чыгымдарды каржылоо товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
У.Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен…Постановление · 23.08.2018 · № 396 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 "Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 374 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2015 · № 374 · Күчүн жоготкон