Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1992-жылдын 6-марты № 850-XII
Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө
(КР 2003-жылдын 8-мартындагы № 58, 2004-жылдын 11-июнундагы № 73, 2004-жылдын 9-декабрындагы № 188, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2013-жылдын 30 июлундагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) КР Жогорку Советинин 1992-жылдын 6-мартындагы № 851-XII токтому менен колдонууга киргизилген
I. Жалпы жоболор
II. Концессиялык укук мамилелери
III. Концессиялык ишкананын ээлик кылуу жагынан иштери
IV. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1-берене. Концессия деген түшүнүк
Инвесторго мүлктү, жерди жана анын ички казнасын убактылуу пайдаланууга берүү менен ээлик кылуу ишинин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксат бериши концессия деп аталат. (КР 2004-жылдын 9-декабрындагы № 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Концессиялык ишти закон жагынан жөнгө салуу
Концессиялык келишимдин жалпы шарттары ушул Закон, ошондой эле «Чет өлкөлүк инвестициялар жөнүндө», «Менчик жөнүндө», «Аренда жана арендалык мамилелер жөнүндө», «Менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын закондору жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык жана ээлик кылуучулук иштерди жөнгө салуучу башка закон актылары менен жөнгө салынат. Концессиялык келишимдин жалпы шарттары ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө», «Мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ишкердиктин жалпы негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык жана ишкердик ишти жөнгө салуучу башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Концессиялык иш-аракеттердин негизги принциптери
Концессиялык иш-аракеттердин негизги принциптери булар:
- иш-аракеттин келишимдик узак мөөнөттүү мүнөзү;
- концессионерлерди тандоого конкурстук мамиле;
- жаратылышты пайдалануунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун Кыргыз Республикасында колдонулган эмгекти коргоо нормаларын жана эрежелерин сактоо;
- концессиялык келишимдин объектисин комплекстүү пайдалануу.
4-берене. Концессиялык келишимдин объектилери
Белгилүү аймактагы жер, анын ички казынасы, мүлк, ошондой эле чарбачылыктын айрым түрлөрү концессиялык келишимдин объектиси боло алат. Концессиялык келишимдин объектиси катары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынса мамлекеттин колунда кеминде акциялардын үчтөн эки бөлүгүнө ээ болгон акционердик коомдордун мүлкү болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү концессияга берилбей турган же чектөө киргизиле турган объектилердин тизмесин бекитет. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Концессиялык укуктук мамилелердин субъектилери
Төмөндөгүлөр концессиялык укуктук мамилелердин субъектилери болуп саналат:
- концессиялык органдар - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, алар укук берген же атайын түзүлгөн органдар, ошондой эле өздөрүнө берилген укуктун чегинде аракеттене турган жергиликтүү мамлекеттик администрация жана эл депутаттарынын жергиликтүү Советтери;
- концессионерлер - чет мамлекеттер, юридикалык жактар жана граждандар, ошондой эле биргелешкен (Кыргыз Республикасынын закондору боюнча) ишканалар.
(КР 2004-жылдын 9-декабрындагы № 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Концессия убагындагы менчик
Мамлекет концессия келишимдин объектилерине кожоюндук кылуунун өзгөчөлүү укугун гана өзүнө калтырып, аларды ээликтөө жана пайдалануу укугун концессионерге берет. Ушул Мыйзамдын 4-беренесиен ылайык концессияга акционердик коомдун мүлкү өткөрүп бериле турган болсо;
- акционердик коомдогу чечүүчү добуштун укугу жана концессиялык коомдун мүлкүн тескөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө сакталып калат;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана акционердик коомдун жалпы чогулушунун тиешелүү чечими болмоюнча концессионер акционердик коомдун кыймылсыз мүлкүн сатууга ажыратып алууга арендага берүүгө күрөөгө коюуга, чарбалык жана шериктик коомдордун уставдык капиталына салым (пай) катары төлөөгө же дагы башка жолдор менен бул мүлктү тескөөгө укугу жок концессиялык келишимде каралган активдер менен мүлктү кошпогондо.
Концессиялык келишимдин объектилерин пайдалануунун натыйжасында концессионер алган продукция жана киреше анын менчиги болуп саналат. Кыргыз Республикасы продукциянын үлүшүн артыкчылык менен алууга (сатып алууга) укуктуу. Мындай алымдын (сатуунун) шарттары концессионерди канааттандырууга жана жетишилген макулдашуу келишимде бекемделүүгө тийиш. Ошондой эле концессиялык келишимдин объектилеринин составына кирбеген, Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан закондорунда же келишимде каралган негиздер боюнча алынган материалдык жана башка байлыктар концессионердин менчигинде болушу мүмкүн. Концессионердин эсебинен концессиялык келишимдин объектилерин жакшыртып берүү Кыргыз Республикасынын менчиги болуп калат. Концессионер концессиялык органдардын макулдугу менен жүргүзүлгөн жакшыртып берүүнүн наркын өндүртүп алууга укуктуу. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Концессия объектилерин үчүнчү жактарга берүү
Концессиялык келишимдин объектисин үчүнчү жактарга концессионердин толук, ошондой эле жарым-жартылай бериши ошол концессияны алгачкы жолу берүү үчүн белгиленген тартипти сөзсүз сактоо гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Концессияны бир тараптуу берүү жараксыз деп табылат, үчүнчү жактарга кандайдыр бир укук бере албайт жана концессионер менен түзүлгөн концессиялык келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууга алып келет.
7-1-берене. Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга өткөрүп берүү
Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө жана стратегиялык мааниге ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга берүү жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга өткөрүп берүү менен байланышкан укук жагындагы мамилелер концессиялык орган, акционердик коом менен концессионердин ортосунда түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткенден кийин күчүнө кирген келишим менен жөнгө салынат. Мындай келишимдерди узартуу өзгөртүү, бузуу тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт. Стратегиялык мааниге ээ болгон объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасын бекиткен учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II. Концессиялык укук мамилелери
8-берене. Концессиялык сунуштарды даярдоонун тартиби
Концессияга сунуш кылынган объектилердин тизмесин Уполномочиелүү органдар өздөрү жүргүзгөн иштин чөйрөсүнө ылайык даярдайт жана аны Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтү бекитет. Сунуштарды даярдоо объектилердин так чек арасын, мүлктүк комплекстердин составын аныктоону, пайдалуу кен чыккан жерлерди, жаратылыш ресурстарын, өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес фондуларды каттоодон өткөрүүнү жана баа берүүнү өзүнө камтыйт.
9-берене. Конкурстарды уюштуруу
Концессияларды берүү өтүнүчүн инвесторлор концессия органдарына жөнөтөт. Өтүнүчкө тиркелүүчү зарыл документтердин тизмесин жана конкурстарды өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
10-берене. Концессия үчүн объектилерди берүү жөнүндө чечим кабыл алуу жана концессиялык ишканаларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү
Концессия үчүн объектти берүү туурасында чечимди ушул Мыйзамдын 71-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, конкурстардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат. Конкурстан өткөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн концессия алган концессионерлер ушул Закондо аныкталган тартипте жана шарттарда концессиялык орган менен концессиялык келишим түзүү укугуна ээ болот. Концессиялык келишимдердин долбоору мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү адистерди тартуу менен дайындай турган комплекстүү экспертизадан милдеттүү түрдө өтөт. Комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү келишим түзгөнгө чейин талапкерлерден алынган билдирүүлөрдө жалган маалыматтар камтылса, же концессиялык келишимге Кыргыз Республикасынын таламдарына каршы келген жоболор кирип калса, тизмеге киргизилген объектилерге карата өзүнүн чечимин ар кандай учурда кайтарып алууга укуктуу. Концессиялык ишканалар мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Концессионердин төлөмдөрү
Концессионердин төлөмдөрү тике жана кыйыр болуп экиге бөлүнөт. Тике төлөмдөргө:
- концессия үчүн акы;
- арендалык акы, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын закондору менен белгиленет;
- Кыргыз Республикасынын закондорунда каралган салыктар кирет.
Кыйыр төлөмдөргө:
- Кыргыз Республикасынын эл чарбасына кошумча инвестиция берүү;
- концессионер тарабынан жеңилдик кредиттерди берүү;
- соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын юридикалык жана физикалык жактарына концессионер тарабынан башка жеңилдиктерди берүү кирет.
Эркин жүгүртүлүүчү же ага теңештирилген валютадагы туруктуу сумма концессия үчүн акы төлөө деп түшүнүлөт, анын өлчөмү конкурстун жүрүшүндө аныкталат жана концессиялык объекттин баалануучу наркы болуп саналат. Эреже катары, бул төлөм бир жолу жүргүзүлөт жана келишимде башка шарттар каралбаса, концессиялык ишкананы чарбалык иши башталганга чейин ал мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жүргүзүлөт.
12-берене. Концессиялык келишим
Концессиялык келишим анын субъекттеринин ортосундагы концессиялык мамилелерди жөнгө сала турган негизги документ болуп саналат. Капиталдык салымдардын өлчөмүнө жараша концессиялык келишим эл депутаттарынын тийиштүү Совети жана жергиликтүү мамлекеттик администрация же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле алар уполномочие берген же атайын түзүлгөн орган тарабынан түзүлөт. Концессиялык келишимдин мазмуну негизги жана кошумча жоболорду камтыйт. Негизги жоболорго:
- келишимдин субъектилери;
- келишимдин объектиси;
- төлөмдөрдүн түрлөрү, шарттары, өлчөмү жана тартиби;
- капиталдык салымдардын төмөнкү өлчөмү жана аны төлөө мөөнөтү;
- өндүрүлүүчү продукциянын көлөмүнө квоталар;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптар;
- тараптардын биринин талабы боюнча колдонула баштаса, келишимдин шарттарын өзгөртүп жибериши мүмкүн болгон юридикалык фактылардын тизмеси;
- ишкананы жоюу тартиби;
- келишимдин мөөнөттөрү;
- тараптардын жоопкерчилиги кирет.
Калган бардык өз ара милдеттенмелер кошумча жоболорго таандык. Негизги жоболорду камтыбаган концессиялык келишим түзүлгөн учурдан тартып жараксыз деп эсептелет.
13-берене. Келишимдин колдонулуу мөөнөтү
Концессиялык келишим 5 жылдан 50 жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт.
14-берене. Концессиялык келишимдерди узартуу, өзгөртүү жана бузуу
Концессиялардын мөөнөтүн узартуу тараптардын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт жана зарыл учурда концессиялык келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн негиз болуп саналат. Тараптардын макулдашуусу боюнча гана концессиялык келишимдин шарттарын өзгөртүүгө жол берилет. Эгерде келишимде башка жагдайлар каралбаса тараптардын биринин талабы боюнча соттун чечими аркылуу же тараптардын макулдашуусу менен третейлик териштирүү тартибинде келишим өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. (КР 2013-жылдын 30 июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Кыргыз Республикасынын концессиялык органдарынын полномочиелери
Концессиялык келишимдерди түзүү жана аткаруу маселелери Республикасынын Өкмөтүнүн, ал укук берген же атайын түзүлгөн органдардын ошондой эле концессиядагы капиталдык салымдардын төмөндө көрсөтүлгөндөй көлөмүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана эл депутаттарынын жергиликтүү Советтеринин компетенциясы болуп саналат:
- АКШнын 0,3 млн. долларына же башка жүгүртүлүүчү валютада анын эквивалентине чейин - райондук жана шаардык мамлекеттик администрациянын жана эл депутаттарынын тийиштүү Советтеринин;
- АКШнын 0,8 млн. долларына же жүгүртүлүүчү валютада анын эквивалентине чейин - областтык жана Бишкек шаардык мамлекеттик администрациянын жана эл депутаттарынын тийиштүү Советтеринин;
- АКШнын 0,8 млн. долларынан же жүгүртүлүүчү валютада анын эквивалентинен ашканда, ошондой эле республикалык мамлекеттик башкаруу органдарынын карамагындагы объектилер - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ал укук берген же атайын түзүлгөн органдардын.
Кыргыз Республикасынын концессиялык органдары:
- Кыргыз Республикасынын закондорунун, концессиялык келишимдин шарттарынын концессионер тарабынан сакталышына көзөмөл жүргүзөт жана жол берилген тартип бузууну четтетүүнү талап кылат;
- концессиялык ишкана жоюлганда Кыргыз Республикасынын аймагында сатыла турган концессионердин мүлкүн артыкчылык укук менен сатып алат;
- көз карандысыз аудитордук кызматты тартуу жолу менен концессионердин финансылык-чарбалык ишин текшерет.
16-берене. Концессионердин укуктары жана милдеттери
Концессионер:
- Кыргыз Республикасынын закондоруна ылайык өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды, бөлүмдөрдү ачууга жана консорциумдарды түзүүгө;
- ишкананын чарбалык ишин өз алдынча пландаштырууга;
- макулдашкан тараптардын өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн граждандарынан жумушчулардын жана кызматчылардын штатын өз каалоосу боюнча түзүүгө;
- өзү чыгарган продукцияны лицензиясыз ташып кетүүнү кошкондо, алынган продукциясын жана пайдасын өз алдынча пайдаланууга укуктуу.
Концессионер:
- чарба ишин Кыргыз Республикасынын закондорунан жана келишимден эч четтөөсүз аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын закондоруна ылайык өз ишинин натыйжаларына оперативдүү бухгалтердик эсеп, ошондой эле оперативдүү отчеттуулук жүргүзүүгө;
- келишимдин мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты ай өткөндө же келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда ишкананы жоюуга, өзүнө арендага же пайдаланууга берилген мүлктү концессиялык органдарга берүүгө жана өз мүлкүн тескөөгө милдеттүү.
III. Концессиялык ишкананын ээлик кылуу жагынан иштери
17-берене. Концессионердин кирешеси
Салыктарды жана башка береселерин төлөп бергенден кийин концессионерде калган киреше толугу менен анын карамагына түшөт. Концессионер ушул Законго, Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө Законго жана түзгөн келишимине ылайык кирешесин пайдалануу багыттарын, аны чет өлкөгө которуу жагын өз алдынча аныктайт. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда продукциясын сатып өткөрүүнүн натыйжасында алынган кирешесин концессионердин ташып кетүүсү «Кыргыз Республикасындагы Чет өлкөлүк инвестиция жөнүндө» Законго ылайык жүргүзүлөт.
18-берене. Салык салуу
Концессиялык ишканага салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 , 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык алынып салынды)
19-берене. (КР 2003-жылдын 8-мартындагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынды)
20-берене. Камсыздандыруу
Концессиялык ишкананы ишинин опурталдуу жактарын камсыздандыруу тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт. Концессиялык ишкананын персоналын социалдык камсыздандыруу: Кыргыз Республикасынын граждандары Кыргыз Республикасынын закондорунун нормалары менен; ал эми чет өлкөлүк кызматкерлер - алардын туруктуу жашаган өлкөсүнүн тийиштүү фондуларына төлөөлөрдү чегерүү аркылуу жекече эмгек контрактылары менен жөнгө салынат.
21-берене. Жумушчулар менен кызматчыларды жалдоо шарттары
Жумушчулар менен кызматчыларды жалдоо контрактылык негизде жүргүзүлөт. Административдик-техникалык персонал жагынан Республикасынын граждандарынын үлүшү концессиялык келишимде тараптардын макулдашуусу менен белгиленет. Кыргыз Республикасынын граждандарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы концессиялардагы чет өлкөлүк граждандардын иштөө шарттары, эмгек жана эс алуу режими, эмгек акы төлөө, социалдык камсыздандыруу жана эмгегин коргоо Эл аралык эмгекти уюштуруунун (МОТ) нормалары менен жөнгө салынат.
IV. Корутунду жоболор
22-берене. Концессионерлер үчүн гарантиялар
Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө Закондо каралган бардык гарантиялар концессионерге жайылтылат. Концессионерлердин иш-аракеттери калктын жашоо турмушуна жана ден соолугуна же экология реалдуу коркунуч түзгөн жана концессионер коркунучту четтетүү үчүн зарыл чараларды көрүү боюнча талаптарды аткарбаган учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан алардын административдик-чарбалык ишине кийлигишүүгө жол берилбейт. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамына ылайык)
23-берене. Тараптардын жоопкерчилиги
Концессиялык келишим түзгөн тараптар анын аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын закондорунда жана концессиялык келишимде каралгандагыдай жоопкерчилик тартат. Концессиялык келишим бир тараптуу бузулган учурда күнөөлү тарап кемчил алынган пайданы кошкондо экинчи тарапка чыгашанын ордун өндүрүп берет.
24-берене. Талаштарды кароо
Концессиялык органдар, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык жактар концессионерлердин ортосундагы, ошондой эле концессионерлердин өздөрүнүн ортосунда алардын иши менен байланышкан маселелер боюнча талаш-тартыштар соттордо (анын ичинде эл аралык соттордо) ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча третей сотторунда каралууга тийиш. (КР 2013-жылдын 30 июлундагы № 178 Мыйзамына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 11
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 2 июня 2009 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 02.06.2009
Цитата келтиргендер (11)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы №317 "Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.12.2010 · № 317
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 447-т (2025-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 04.06.2025 · № 447-т
- КР Өкмөтүнүн буйругуРаспоряжение · 04.05.2015 · № 193-р
- (Русский) Решение от 2 июня 2009 годаРешение Конституционного суда · 02.06.2009
- КР Өкмөтүнүн 15-жылдын 8-майындагы № 195-б (Протоколдордун долбоорлорун жактыруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 08.05.2015 · № 195-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 631 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 317 "Кыргыз Республикасында Кен казып алуу…Постановление · 25.12.2018 · № 631
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү…Закон · 12.05.2021 · № 62
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 591-б (2014-жыллын 29-майынлагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин…Распоряжение · 22.12.2014 · № 591-р
- Кыргвз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-мартындагы №84 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексине инвестицияларды тартуу боюнча кечиктирилгис чаралар…Постановление · 14.03.2008 · № 84 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы №759 "Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө", "Концессиялар жөнүндө", "Кен концессиясы жөнүндө", "Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө…Постановление · 15.12.2009 · № 759 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 августа 2005 года № 366 "О проекте постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики "О внесении изменений в пункт 3 третьего этапа и об…Постановление · 13.08.2005 · № 366 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 11.06.2004 · № 73
- О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О концессиях и иностранных концессионных предприятиях в Кыргызской Республике"Закон · 08.03.2003 · № 58
- Постановление Верховного Совета РК от 6 марта 1992 года №851-XII "О введении в действие Закона Республики Кыргызстан "О концессиях и иностранных концессионных предприятиях в…Постановление · 06.03.1992 · № 851
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (11)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-апрели № 85-б "Кыргыз Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелерин аткаруунун алкагында даярдалган 2013-2019-жылдардагы соода…Распоряжение · 05.04.2021 · № 85-р
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы (КР Президетинин…Стратегия · 21.01.2013 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-февралындагы № 52-б (Концессия үчүн сунушталган объекттердин тизмесин жана Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участок) күрөң көмүр кендерин комплекстүү…Распоряжение · 11.02.2016 · № 52-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б (Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү…Распоряжение · 23.09.2015 · № 472-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3375-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Адвокаттык иш жөнүндө", "Администрациялык…Постановление · 27.06.2013 · № 3375-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3376-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Адвокаттык иш жөнүндө", "Администрациялык…Постановление · 27.06.2013 · № 3376-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3377-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Адвокаттык иш жөнүндө", "Администрациялык…Постановление · 27.06.2013 · № 3377-V
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 2-июнундагы (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N 181-р буйругу жана…Решение · 02.06.2009
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 516-б (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор киргизγγ…Распоряжение · 29.11.2016 · № 516-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-январындагы № 2-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 12.01.2016 · № 2-р · Күчүн жоготкон