12-берене. Концессиялык келишим
Күчүндө · 30.07.2013 редакциясы
Концессиялык келишим анын субъекттеринин ортосундагы концессиялык мамилелерди жөнгө сала турган негизги документ болуп саналат. Капиталдык салымдардын өлчөмүнө жараша концессиялык келишим эл депутаттарынын тийиштүү Совети жана жергиликтүү мамлекеттик администрация же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле алар уполномочие берген же атайын түзүлгөн орган тарабынан түзүлөт. Концессиялык келишимдин мазмуну негизги жана кошумча жоболорду камтыйт. Негизги жоболорго:
- келишимдин субъектилери;
- келишимдин объектиси;
- төлөмдөрдүн түрлөрү, шарттары, өлчөмү жана тартиби;
- капиталдык салымдардын төмөнкү өлчөмү жана аны төлөө мөөнөтү;
- өндүрүлүүчү продукциянын көлөмүнө квоталар;
- айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптар;
- тараптардын биринин талабы боюнча колдонула баштаса, келишимдин шарттарын өзгөртүп жибериши мүмкүн болгон юридикалык фактылардын тизмеси;
- ишкананы жоюу тартиби;
- келишимдин мөөнөттөрү;
- тараптардын жоопкерчилиги кирет.
Калган бардык өз ара милдеттенмелер кошумча жоболорго таандык. Негизги жоболорду камтыбаган концессиялык келишим түзүлгөн учурдан тартып жараксыз деп эсептелет.
Берененин тексти 30.07.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/800/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>