Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Конституциялык сотунун (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө, 11-беренесинин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пунктунун 22-пунктчасына жана 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исанова Мария Насирдиновнанын сунушу боюнча) чечими
Бишкек шаары
2009-жыл 2-июну
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толук-
тоолорду киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 30-апрелиндеги, "2009-жылдын
24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк" ка-
надалык компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик
коомунун, "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик коомунун жана "Каме-
ко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жањы
шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 2009-жылдын
30-апрелиндеги жана "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 29-майындагы Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 24-апрелиндеги N 181-р буйругу жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N 254 токтому Конституцияга ылайык
эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунк-
тунун экинчи бөлүгүнө, 11-беренесинин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-бе-
ренесинин 1-пунктунун 22-пунктчасына жана 74-беренесинин 1-пунктуна ка-
рама-каршы келет деп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты Исанова Мария Насирдиновнанын сунушу боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,
Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де-
мин, А.С.Кененсариев, Ч.Ж.Курбанова, Ө.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабекова жана
К.Э.Эсенкановдордун курамында,
соттук жыйналыштын катчысы: Ж.К.Абдымомунованын,
тараптар: 2009-жылдын 8-майындагы ишеним каттын негизинде аракет-
тенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.Н.Исанованын
өкүлү Милащенко Константин Геннадьевичтин, 2009-жылдын 14-майындагы
ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин өкүлү Акмолдоев Айбек Кудайбергеновичтин жана 2009-жылдын
15-майындагы ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн өкүлү Иминов Махамаджан Саитовичтин катышуулары менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесин, "Кыргыз Республи-
касынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жана "Кыр-
гыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын
11-беренесин жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта "Кыргыз Респуб-
ликасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жө-
нүндө", "2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун,
"Центерра Голд Инк" канадалык компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компа-
ни" жабык акционердик коомунун, "Кумтөр Голд компани" жабык акционердик
коомунун жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтор"
долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо туура-
луу" жана "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү-
лөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N 181-р
буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелинде-
ги N 254 токтому Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө, 11-берене-
синин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пунктунун 22-пунктча-
сына жана 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет деп табуу
жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.Н.Исано-
ванын сунушун карады.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы С.Н.Деминдин
баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты М.Н.Иса-
нованын өкүлү К.Г.Милащенконун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин өкүлү А.К.Акмолдоевдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү
А.К.Иминовдун сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тапты:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 8-майында
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор-
ду киргизүү жөнүндө", "2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол ко-
юлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик
коомунун, "Центерра Голд Инк" канадалык компаниясынын, "Кумтөр Оперей-
тинг Компани" жабык акционердик коомунун, "Кумтөр Голд компани" жабык
акционердик коомунун жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосунда-
гы "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратифика-
циялоо тууралуу" жана "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги
N 181-р буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
24-апрелиндеги N 254 токтому Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгү-
нө, 11-беренесинин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пункту-
нун 22-пунктчасына жана 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет
деп табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты
М.Н.Исанованын сунушу келип түшкөн.
Депутат М.Н.Исанованын сунушунда төмөндөгүдөй жүйөөлөр келтирилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кумтор" долбоору боюнча жањы шарттар жө-
нүндө Макулдашуунун долбоорун жактырган 2009-жылдын 24-апрелиндеги N
181-р буйругун кабыл алган. Ушул буйруктун негизинде Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министри ошол эле күнү жактырылган долбоор боюнча Макул-
дашууга кол койгон. Макулдашуу 2009-жылдын 30-апрелинде Өкмөттүн N 254
токтому менен жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине рати-
фикациялоого жиберилген.
Жогорку Кењеш бул Макулдашууну 2009-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзам
менен ратификациялаган, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөр-
түүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республика-
сынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам-
дарды кабыл алган.
Депутат М.Н.Исанова көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актылар Кыргыз
Республикасынын Конституциясына, атап айтканда Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө, 11-берене-
синин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пунктунун 22-пунктча-
сына жана 74-беренесинин 1-пунктуна төмөндөгү негиздер боюнча кара-
ма-каршы келет деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун
экинчи бөлүгүнө ылайык Кыргызстандын элинин атынан алар шайлаган Прези-
дент жана Жогорку Кењеш чыгууга укуктуу. Бирок, "Кумтор" долбоору боюн-
ча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын атынан мын-
дай конституциялык укук берилбеген Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистри кол койгон.
Конституциянын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республика-
сынын аймагында бирдиктүү салык тутуму иштейт. Ушуну менен салыктарды
белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине гана таандык.
Аталган конституциялык жоболорду бузуу менен "Кумтор" долбоору боюнча
жањы шарттар жөнүндө Макулдашуу бул долбоор үчүн өзгөчө салык тутумун
аныктаган, аны менен Кыргыз Республикасынын бирдиктүү салык тутумун
бузган. Ошону менен бирге, ал мамлекетте салыктарды киргизүүчү ыйгарым
укуктуу жалгыз орган болгон Жогорку Кењеш аркылуу түзүлгөн эмес.
Конституциянын 22-беренесинин түздөн-түз көрсөтүлгөн талабына ыла-
йык ар бир адам мыйзамдарда каралган тартипте жана учурларда салыктарды
жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү. Бирок талашылып жаткан мыйзам менен
ратификацияланган Макулдашууда Кыргыз Республикасындагы айрым юридика-
лык жактар мыйзамдарда белгиленген кээ бир салыктардын түрлөрүн
төлөбөй, анын ордуна мыйзамда белгиленбеген таптакыр башка салыктык тө-
лөмдөрдү төлөөлөрү белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун
22-пунктчасында Жогорку Кењештин ыйгарым укуктарына эл аралык келишим-
дерди ратификациялоо гана кирет деп көрсөтүлгөн, ал эми "Кумтөр" долбо-
ору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашуу эл аралык келишим болуп са-
налбайт, себеби "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө"
Мыйзамда ал тууралуу көрсөтүлгөн аныктамага ылайык келбейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-пунктуна
ылайык Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин, Жогорку Кењештин
ченемдик укуктук актыларынын негизинде гана Өкмөт өзүнүн токтомдорун
жана буйруктарын чыгарат. Бирок, даттанылып жаткан буйрук жана токтом
Өкмөт тарабынан аталган ченемдерди бузуу менен кабыл алынган. Ошону ме-
нен, Өкмөткө Макулдашууга кол коюуга жана макулдук берүүгө формалдуу
укук берген Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген
өзгөртүүлөр жана толуктоолор ошол маалда али мыйзам боло элек, юридика-
лык күчү жок анын долбоору гана болчу.
Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депута-
ты М.Н.Исанованын өкүлү К.Г.Милащенко сунуштун талаптарын колдоду,
ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү-
лөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамды конституцияга ылайык эмес деп табуу
жөнүндөгү кошумча өтүнүчүн сунуш кылды жана аларды канааттандырып бе-
рүүнү сурады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Өкмөттүн өкүлдөрү
А.К.Акмолдоев жана М.С.Иминов сунуштун жүйөөлөрү менен макул болбостон,
аны канааттандыруусуз калтырууну сурашты.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүн
талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, сунуш төмөнкү негиз-
дер боюнча канааттандырылууга жатпайт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 5-пунктуна
ылайык жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору,
өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз
Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жа-
шоо-тиричилигинин жана иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жана
мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат. Алар ошондой эле менчик-
тин жеке, муниципалдык жана башка түрлөрүндө болушу мүмкүн. Жер жана
жаратылыш ресурстарынын ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун жана
аларды коргоо кепилдигинин чектери жана тартиби мыйзам менен аныкталат.
2009-жылдын 24-апрелиндеги Бишкек шаарында кол коюлган "Кумтөр"
долбоору боюнча жана 2009-жылдын 30-апрелиндеги Мыйзам менен Жогорку
Кењеш тарабынан ратификацияланган Макулдашуунун жөнгө салуу объектиси
болуп жањы шарттар жөнүндө "Кумтөр" кениндеги алтын жана күмүш запаста-
рын геологиялык изилдөө жана иштетүү, ошондой эле аларды өндүрүү жана
сатуу болгондуктан, көрсөтүлгөн Макулдашуу өзүнүн негизинде инвестиция-
лык макулдашуулардын бир түрүнө тийиштүү болгон концессиялык макулдашуу
болуп саналат. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын менчик ээси катары
көрсөтүлгөн пайдалуу кендерине болгОн өзүнүн укуктарынын жана аларды
коргоонун кепилдигинин чектерин жана тартибин аныктаган Мыйзамдар болуп
"Жер казынасы жөнүндө", "Кыргызстандагы концессиялар жана концессиялык
ишканалар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары саналат.
"Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесинин 5-пунктуна ылайык
жер байлыктарынын мамлекеттик фондун жер байлыктарын пайдалануу боюнча
мамлекеттик органдар аркылуу түздөн-түз башкаруу укугу, ошондой эле жер
байлыктарын геологиялык изилдөөгө жана пайдалуу кендерди казып алуу
үчүн инвестицияларды тартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген.
Аталган Мыйзамдын 8-беренеси чет мамлекеттердин юридикалык жана физика-
лык жактарына жер байлыктарын пайдалануучулары болушуна уруксат берет.
"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамдын 1,
11-беренелерине жана "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана кон-
цессиялык ишканалар жөнүндө" Мыйзамдын 1, 10-беренелерине ылайык жер
байлыктарын пайдаланууга концессия берилет, ал мүлктү, жерди жана анын
байлыктарын убактылуу пайдаланууга берүүгө байланышкан белгилүү бир иш-
кердик кызматынын түрүн ишке ашыруу үчүн инвесторго Өкмөт тарабынан бе-
рилген уруксат болуп эсептелинет. Инвесторлорго концессия берүү инвес-
торлор Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ме-
нен түзүүчү концессиялык келишимдердин, макулдашуулардын негизинде Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
"Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар
жөнүндө" Мыйзамдын 15-беренесине ылайык концессиялык келишимдерди тү-
зүүгө жана аткарууга байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмө-
түнүн ыйгарым укуктарына кирет.
Конституциянын 68-беренесинин 2, 3-пункттарына жана 73-беренесинин
1-пунктуна ылайык Өкмөт мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы
болуп саналат жана ушул Конституцияда жана мыйзамдарда Президенттин жа-
на Жогорку Кењештин компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан баш-
ка мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.
Жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жана мыйзамдык жоболордун маа-
нисине ылайык "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашуу
Өкмөттүн ыйгарым укуктарынын чегинде түзүлгөн жана Өкмөттүн башчысы ка-
тары Премьер-министр ага кол коюуга укуктуу болгон, бул болсо Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 5-пунктунун талаптарына
ылайык келет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-беренесинин 3-пунктуна
жана 22-беренесине ылайык тиешелүү мыйзамды кабыл алуу жолу менен са-
лыктарды жана жыйымдарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине таандык. Мындай Мыйзам болуп Кыргыз Республикасынын Салык ко-
декси эсептелет. "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулда-
шууда долбоор боюнча жањы режимдеги салыкты төлөөнү жана башка жыйым-
дардын жањы режимдеги жоболору камтылгандыктан Жогорку Кењеш жогоруда
аталган конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырып, өзүнүн жактыруу-
сун билгизип, ошол Макулдашууну Мыйзам түрүндө ратификациялаган. Жогор-
ку Кењеш Кыргызстан элинин атынан чыгып, каралып жаткан Макулдашууну
ратификациялоодо Кыргызстан элинин жашоо-тиричилигинин жана иш аракети-
нин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтары-
лууда турат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин
4-пунктуна жана 4-беренесинин 5-пунктуна) деген бул Макулдашуудагы жөн-
гө салынуучу объекттин конституциялык статусун негизге алган. Ошондук-
тан, "Кумтөр" долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратифи-
кациялоо, айрым мыйзам актыларына ратификация жөнүндөгү мыйзам бөлүгүнө
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар көрсөтүлгөн конституциялык че-
немдерге ылайык келет.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси салык салуу чөйрөсүндө кењи-
ри-укуктук мамилесин жөнгө салат, талашылып жаткан "Кыргыз Республика-
сынын Салык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүн-
дө" Мыйзамдын ченемдери Өкмөт тарабынан, же болбосо Жогорку Кењештин
тапшырмасы менен түзүлгөн макулдашуу салык мыйзамында көрсөтүлгөндөн
башка ченемдердин бекитилиши, көрсөтүлгөн чөйрөдө ушундай эле кењи-
ри-укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган. Эреже катары мындай
ченемдик актылар Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин жү-
зөгө ашыруу максатында тармактык мыйзамдык актыларына киргизилет. Жого-
руда белгиленгендей, тийиштүү мыйзамдарга анын ичинде Салык кодексине
да өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Жогорку Кењештин кароосуна
кирет. Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Салык
кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду жана айрым мыйзам актыларына
Салык кодекси бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдар жого-
рудагы көрсөтүлгөн конституциялык ченемдерге карама-каршы келбейт деп
эсептейт.
Өкмөттүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N 181-р буйругун жана Өкмөттүн
2009-жылдын 24-апрелиндеги N 254 токтомун "Кыргыз Республикасынын че-
немдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, ченемдик
укуктук актыларынын категориясына киргизүүгө болбойт, анткени алар жал-
пыга милдеттүү, такай же убактылуу мүнөздөгү көп жолу колдонууга багыт-
талган, аткарылууга тийиш болгон бекитүүгө, өзгөртүүгө жана жокко чыга-
рууга багытталбаган жана так практикалык багыты бар. Ошондуктан Өкмөт-
түн көрсөтүлгөн актыларынын конституциялуулугун текшерүү Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун ыйгарым укуктарына кирбейт.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасын, "Кыргыз Республикасынын
Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана 14 беренелерин, "Кыргыз
Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,
13, 14, 23, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз
Республикасынын Конституциялык соту, чечти:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана то-
луктоолорду киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 30-апрелиндеги, "2009-жылдын
24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн, "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун, "Центерра Голд Инк" кана-
далык компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коо-
мунун, "Кумтор Голд компани" жабык акционердик коомунун жана "Камеко"
канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр долбоору боюнча" жањы
шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" 2009 жылдын
30-апрелиндеги жана "Кыргыз Республикасындагы айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2009-жылдын 24-майындагы Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдары Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республика-
сынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө,
11-беренесинин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пунктунун
22-пунктчасына жана 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет деп
табуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Иса-
нова Мария Насирдиновнанын сунушу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N
181-р буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-ап-
релиндеги N 254 токтому Конституцияга ылайык эмес жана Кыргыз Республи-
касынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-пунктуна карама-каршы келет
деген бөлүгүндө иш боюнча конституциялык сот өндүрүшү кыскартылсын.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,
юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү
түрдө аткарылууга тийиш.
4. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору-
на", "Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерине жары-
ялансын.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сотунун төрагасы С.Сыдыкова
Кыргыз Республикасынын Конституциялык
сотунун секретары О.Мамыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (8)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр…Распоряжение · 24.04.2009 · № 181-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги №254 ""Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому…Постановление · 24.04.2009 · № 254
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон
- О Конституционном суде Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1335-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1337-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөЗакон · 06.03.1992 · № 850-XII
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон