7-1-берене. Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга өткөрүп берүү
Күчүндө · 30.07.2013 редакциясы
Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө жана стратегиялык мааниге ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга берүү жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Мамлекеттин колунда акциялардын кеминде үчтөн эки бөлүгүнө ээ болгон акционердик коомдордун мүлкүн концессияга өткөрүп берүү менен байланышкан укук жагындагы мамилелер концессиялык орган, акционердик коом менен концессионердин ортосунда түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткенден кийин күчүнө кирген келишим менен жөнгө салынат. Мындай келишимдерди узартуу өзгөртүү, бузуу тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт. Стратегиялык мааниге ээ болгон объекттердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасын бекиткен учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 73 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II. Концессиялык укук мамилелери
Берененин тексти 30.07.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/800/st-7-1" title="7-1-берене - Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>