Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргвз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексине инвестицияларды тартуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-03-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 14-марты N 84
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын отун-энергетика
комплексине инвестицияларды тартуу боюнча
кечиктирилгис чаралар жөнүндө
"Кыргызэнерго" акционердик коомун мамлекеттен ажыратуунун жана
менчиктештирүү программасынын үчүнчү этабынын 2 жана 3-пункттарына өз-
гөртүүлөр киргизүү жөнүндө жана төртүнчү этабын бекитүү тууралуу" Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2007-жылдын 29-июнундагы N
2003-III токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комп-
лексине инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 11-ав-
густундагы N 389 буйругу менен түзүлгөн жумушчу тобунун тиркелген отче-
ту жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору жактырылсын.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 24-апрелинде-
ги N 347-IV "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр
киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу" токтому
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2008-жылдын 25-апрелинде-
ги N 364-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам ак-
тыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
күчүн жоготту деп табуу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл
алуу жөнүндө" токтому
4. Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана огун ресурстары
министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дай-
ындалсын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети кыска мөөнөттө Бишкек шаарынын ТЭЦинин, "Түндүкэ-
лектр" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомдорунун мүлк-
түк комплекстерине баалоо жүргүзсүн жана инвестициялык сынак өткөрүү
боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кир-
гизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн, Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-
төлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам
актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана
күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 1998-ж., N 6, 226-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүү киргизилсин:
139-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын.
2-статья.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору, 2003-ж., N 6,
240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын.
3-статья.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2002-жылдын 21-январындагы N 7 "Токтогул гидроэлектр станцияла-
рынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиялары-
нын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- 2002-жылдын 21-январындагы N 9 "Кыргыз Республикасынын айрым
мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы;
- 2007-жылдын 30-июлундагы N 100 "Токтогул гидроэлектр станцияла-
рынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линиялары-
нын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү
жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4-статья.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 347-IV ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.04.2008 · № 347-IV
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 364-IV ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын айрым…Постановление · 25.04.2008 · № 364-IV
Шилтеме берет (13)
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2003 · № 168
- Об особом статусе каскада Токтогульскихгидроэлектростанций и национальной высоковольтной линии электропередачЗакон · 21.01.2002 · № 7
- Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөЗакон · 06.03.1992 · № 850-XII
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 11-августундагы №389 ("Токтогул гидроэлектрстанцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү…Распоряжение · 11.08.2007 · № 389
- Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз республикасынын мыйзамына өзгөртүү жана…Закон · 30.07.2007 · № 100
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 1998 года N 584 "Об обеспечении представления интересов государства в органах управления акционерных обществ, акции (часть акций)…Постановление · 07.09.1998 · № 584 · Күчүн жоготкон
- О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.01.2002 · № 9 · Күчүн жоготкон
13 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.