16-берене. Концессионердин укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 30.07.2013 редакциясы
Концессионер:
- Кыргыз Республикасынын закондоруна ылайык өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды, бөлүмдөрдү ачууга жана консорциумдарды түзүүгө;
- ишкананын чарбалык ишин өз алдынча пландаштырууга;
- макулдашкан тараптардын өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн граждандарынан жумушчулардын жана кызматчылардын штатын өз каалоосу боюнча түзүүгө;
- өзү чыгарган продукцияны лицензиясыз ташып кетүүнү кошкондо, алынган продукциясын жана пайдасын өз алдынча пайдаланууга укуктуу.
Концессионер:
- чарба ишин Кыргыз Республикасынын закондорунан жана келишимден эч четтөөсүз аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын закондоруна ылайык өз ишинин натыйжаларына оперативдүү бухгалтердик эсеп, ошондой эле оперативдүү отчеттуулук жүргүзүүгө;
- келишимдин мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты ай өткөндө же келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда ишкананы жоюуга, өзүнө арендага же пайдаланууга берилген мүлктү концессиялык органдарга берүүгө жана өз мүлкүн тескөөгө милдеттүү.
III. Концессиялык ишкананын ээлик кылуу жагынан иштери
Берененин тексти 30.07.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/800/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>