КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 6 декабря 2024 года № 781-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-06.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 12-январы № 2-б Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендерин комплекстүү иштетүү жана өздөштүрүү долбоору боюнча конкурсту өткөрүү жана Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү табуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кенин комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык:";
- 1-пунктундагы "Кара-Кече күрөң көмүр кени" деген сөздөр "Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кендери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пунктундагы "бир айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2016-жылдын 1-мартына чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме Тиркеме Кара-Кече жана Миң-Куш ("Ак-Улак" участогу) күрөң көмүр кенин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
Панкратов О.М.
-
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы;
Кожошев А.О.
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары;
Зилалиев Д.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кодуранова А.С.
-
КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Турускулов Ж.К.
-
"Республика-Ата Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Нышанов С.К.
-
"Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Турсунбаев А.А.
-
"Кыргызстан" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Пирматов И.А.
-
"Бир бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жутанов А.Т.
-
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Касымалиев А.А.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Мамбеталиева Ж.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Малабаев А.Д.
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
Атаджанов С.С.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Мамбетов Т.М.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Муратбеков К.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Акматалиев А.И.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Кайыпов А.К.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Исагулов А.И.
-
Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким;
Сазбаков А.З.
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору;
Ажыгулов К.
-
Нарын облусунун Жумгал районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын биргелешкен жыйынынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сапаров А.С.
Нарын облусундагы Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Тулобаева А.Н.
-
"Кара-Кечени коргоо боюнча комитет" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жакыпов М.М.
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын директору;
Ногойбаев А.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Айткулов М.А.
-
"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
Толубаев Т.М.
-
"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б (Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү…Распоряжение · 23.09.2015 · № 472-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери күчүн жоготту…Распоряжение · 06.12.2024 · № 781
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 472-б (Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүү жана комплекстүү өздөштүрүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү…Распоряжение · 23.09.2015 · № 472-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемелери күчүн жоготту…Распоряжение · 06.12.2024 · № 781
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөЗакон · 06.03.1992 · № 850-XII
- Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон