Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 июля 2009 года № 242 "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-07-24.
Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 24-июлундагы № 242 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
1994-жылдын 13-апрели № 1462-XII
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Коргоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
21 ноября 1997 года N 82,
3 января 2005 года №2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
1994-жылдын 13-апрелиндеги № 1463-XII токтому менен
колдонууга киргизилген)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Мамлекеттик бийлик органдарынын коргоо жагынан
полномочиелери
III бөлүм. Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин,
уюмдарынын жана граждандарынын коргоо жагынан
милдеттери
IV бөлүм. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, алардын
милдети жана составы
V бөлүм. Согуш кырдаалы, аскердик абал, мобилизация, аймактык
коргонуу, граждандык коргонуу
VI бөлүм Корутунду жоболор
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын коргоо иштеринин негиздерин жана
аны уюштурууну, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдар-
дын, кызмат адамдарынын жана граждандардын коргоо жагынан укуктарын жа-
на милдеттерин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн структурасын
жана уюшулушун, коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзам-
дарынын бузулушу үчүн жоопкерчиликтерди, ошондой эле коргоого тиешелүү
башка нормативдик актыларды аныктайт.
I бөлүм. Жалпы жоболор
1-статья
1-статья. Коргоонун негиздери
Бул Мыйзамда коргоо деп куралдуу кол салуудан коргоого мамлекеттин
даярдыгын камсыз кылуу боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социал-
дык, укуктук жана башка чаралардын системасы, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын калкын, аймагын жана суверенитетин коргоо түшүнүлөт.
Коргоо коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эњ маанилүү функци-
яларынын бири болуп саналат.
Коргоо эл аралык укукка, Кыргыз Республикасынын Конституциясына,
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республи-
касынын аскердик-коргонуу концепциясына ылайык уюштурулат жана ишке
ашырылат.
Куралдуу күрөш каражаттарын колдонуу менен коргоо үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын Куралдуу Күчтөрү түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын граж-
дандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети киргизилет.
Коргоого куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен Кыргыз Рес-
публикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Экология жана
өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвар-
диясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз
Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
күзөт кызматынын аскердик бөлүмчөлөрү, бөлүктөрү жана бирикмелери тар-
тылат.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн аскерлердин тизмесине тынчтык мезгилде
башкалар киргизилбейт.
Кыргыз Республикасында башка аскердик түзүлүштөрдүн болушуна жана
түзүлүшүнө Мыйзам боюнча жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
2-статья. Коргоону уюштуруу
Коргоону уюштурууга:
- коргоо жагынан укуктук жөнгө салуу;
- согуш коркунучуна болжол жасоо жана баа берүү;
- Кыргыз Республикасынын аскердик саясатын жана аскердик концепци-
ясы иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн түзүү, даярдоо жана за-
рыл даярдыкта кармоо, ошондой эле аларды колдонууну пландаштыруу, Кыр-
гыз Республикасынын аймагын оперативдүү жабдуу;
- курал жарактарды жана аскердик техниканы сатып алуу, иштеп чы-
гуу, өндүрүү жана өркүндөтүү;
- экономиканы, мамлекеттик органдар жана башкаруу системаларын со-
гуш мезгилинде иштетүүгө мобилизациялык даярдоо, ошондой эле калкты,
аймактарды жана коммуникацияларды коргоого даярдоо;
- мамлекеттик жана мобилизациялык резервдерде материалдык запас-
тарды түзүү;
- граждандык жана аймактык коргоо иш чараларын пландаштыруу жана
ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана аскердик сырды камсыз кылуу жана сактоо;
- аскердик илимди өнүктүрүү;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын коргоо жагынан иш аракетин координациялоо;
- коргоого кеткен чыгымдарга жана Коргоо министрлигинин ишине мый-
зам чектебеген көлөмдө граждандык контроль;
- коллективдүү коопсуздук жана биргелешип коргоо максатында эл
аралык кызматташуу;
- аскердик иш аракеттерге байланыштуу курчаган чөйрөнү коргоо бо-
юнча иш чараларды жүзөгө ашыруу;
- коргоо жагындагы башка иш чаралар кирет.
3-статья. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелери боюнча
мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын коргоо маселеси боюнча мыйзамдары Кыргыз
Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамды жана Кыр-
гыз Республикасынын коопсуздугу менен байланышкан мамилелерди жөнгө са-
луучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын камтыйт.
II бөлүм. Мамлекеттик бийлик органдарынын коргоо
жагынан полномочиелери
4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо жагынан
полномочиелери
Кыргыз Республикасынын Президенти:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы -
Коргоо Советинин Төрагасы болуп саналат;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине Кыргыз Республикасынын
аскердик-коргонуу концепциясынын долбоорун сунуш кылат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куруу пландарын, аны
колдонуу пландарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мобили-
зациялык жайылтуу схемасын, экономиканын мобилизациялык пландарын,
ошондой эле коргоо кызыкчылыгында мобилизациялык резервдерди (ресурс-
тарды) даярдоо жана топтоо жана өлкөнүн аймагын оперативдүү жабдуу
пландарын бекитет;
- бөлүнгөн каражаттын чегинде курал-жарактарды жана аскердик тех-
никаны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын жана пландарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кењештикте Корго-
нуу министрин дайындайт, ал өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Прези-
денти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдында жеке жоопкерчиликтүү
болот;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командование-
син дайындайт жана кызматынан алат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлери-
нин составын, структурасын жана санын бекитет, Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүндөгү жогорку командалык составга кирген адамдар
ээлөөчү кызматтардын тизмесин белгилейт;
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 8-октябрындагы ПУ
N 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бир
маселелери жөнүндө" Указы
- Мыйзамда белгиленген тартипте жогорку аскердик наамдарды ыйга-
рат;
- Кыргыз Республикасынын граждандык коргонуу пландарын жана Аймак-
тык коргонуу жөнүндө Жобону бекитет;
- Коргоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүн жана башка аскерлерди топтоштуруу (дислокациялоо), аскер объ-
ектилерин жайгаштыруу пландарын бекитет;
- коллективдүү коопсуздук жана куралсыздануу маселелери боюнча
биргелешкен коргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө сүйлөшүү
жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде
Кыргыз Республикасына капыстан куралдуу кол салуу болгон учурда согуш
кырдаалын, жалпы же жарым жартылай мобилизация, аскердик абал жарыя-
лайт, бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна
токтоосуз киргизет;
- согуш аракеттерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнө приказ берет;
- согуш мезгилинин нормативдик актыларын колдонууга киргизет жана
алардын колдонулушун токтотот, Кыргыз Республикасынын аскердик абалы
жөнүндөгү Мыйзамга ылайык согуш мезгилиндеги мамлекеттик башкаруу ор-
гандарын түзөт жана жоет;
- Кыргыз Республикасынын граждандарын мөөнөттүү аскер кызматына
чакыруу жана мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын запаска бошотуу
жөнүндө указдарды чыгарат.
(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
5-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин коргоо
жагындагы полномочиелери
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши:
- Кыргыз Республикасынын аскердик саясатын аныктайт жана аскер-
дик-коргонуу концепциясын кабыл алат;
- коргоо жагынан мыйзамдык жөнгө салуу жана аскер кызматынан бо-
шонгон аскер кызматчыларын, башка адамдарды, жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо иштерин жүзөгө ашырат;
- Аскердик анттын текстин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарын, тууларын жана желектерин бекитет;
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 256
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн туусу жана символдук белги-
си жөнүндө жобону жактыруу жөнүндө" токтому
- коргоо бюджетин карайт жана статьялар боюнча бекитет;
- аскердик наамдарды белгилейт;
- аскердик кызмат өтөө жана аскердик кызматты алмаштырган мамле-
кеттик кызмат (альтернативалык кызмат) аткаруу тартиби жөнүндө жобону
бекитет;
- Кыргыз Республикасынын коргоо маселелери боюнча мыйзамдарынын
аткарылышын контролдойт;
- Коргоо министрин дайындоого макулдук берет;
- биргелешкен коргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө, коллек-
тивдүү коопсуздук жана куралсыздандыруу маселелери боюнча биргелешкен
коргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл
аралык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын эл аралык милдет-
тенмелерине ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде пай-
далануу жөнүндө чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде
жалпы же жарым-жартылай мобилизация жөнүндө, аскердик абалын киргизүү
жана алып салуу жөнүндө, согуш кырдаалын жарыялоо жөнүндө, согуш мезги-
линдеги мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын түзүү жана жоюу,
согушту токтотуу жана тынчтык келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
6-статья. Коргоо Кењеши
Кыргыз Республикасынын Коргоо Кењеши Кыргыз Республикасынын коргоо
иштерине, аскердик саясатына, аскердик курулушуна, коргонууну экономи-
калык жактан камсыз кылуу жана аскер кызматчыларын социалдык жактан
коргоо ишин жүзөгө ашыруучу негизги аскердик-саясий орган болуп сана-
лат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо Кењешинин составы жана ага дайындоо
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши беките турган Кењеш жөнүндөгү Жо-
бо менен аныкталат.
7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо жагынан
полномочиелери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы үчүн жооп бе-
рет;
- өзүнө баш ийген мамлекеттик башкаруу органдарынын коргоо маселе-
лери боюнча ишине жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине коргоо бюджетинин долбо-
ору боюнча сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскерлерди
курал-жарак жана аскердик техника менен жабдууну, аларды Коргоо минист-
рлигинин заказдарына ылайык материалдык каражаттар, ресурстар жана кыз-
мат көрсөтүү менен камсыз кылууну уюштурат;
- жалпы аскердик уставдардын долбоорлорун Жогорку Кењештин бе-
китүүсүнө киргизет;
- курал жарактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларынын жана
пландарынын аткарылышын, ошондой эле аскердик-каттоо жүргүзүүчү адис-
тиктер боюнча граждандарды даярдоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлери-
нин инфраструктурасын түзүүнү камсыз кылат;
- аскердик каттоонун тартибин аныктайт жана аскер кызматына, ас-
кердик жыйындарга жана мобилизация боюнча чакырыла турган Кыргыз Рес-
публикасынын граждандарынын контингенттери жөнүндө Кыргыз Республикасы-
нын Президентине сунуш даярдайт;
- мобилизациялык пландарды жана тапшырмаларды, мобилизациялык жана
мамлекеттик резервдерди топтоо пландарын иштеп чыгууну жана анын атка-
рылышын уюштурат;
- мамлекеттик коргоо ишканаларын, илим-изилдөө жана тажрыйба-конс-
труктордук уюмдарды, аскер окуу жайларын, жогорку окуу жайлардын аскер
кафедраларын түзүү, кайра профильдештирүү жана жоюу жөнүндө чечим кабыл
алат;
- берилген полномочиелеринин чегинде Кыргыз Республикасынын коргоо
маселелери боюнча эл аралык келишимдеринде камтылган милдеттенмелеринин
аткарылышын уюштурат;
- Коргоо министрлиги жөнүндө жобону бекитет;
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 18-мартындагы № 150
"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобону бекитүү туу-
ралуу" токтому
- аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошонгон адамдарды жана
алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан камсыз кылуу боюнча өзүнүн
карамагындагы органдардын ишин уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, коргоо ишканаларынын
жана уюмдарынын граждандык персоналы үчүн алардын эмгек шарттарына жа-
раша жењилдиктерди белгилейт;
- уюштурулушун, милдеттерин аныктайт, граждандык жана аймактык
коргонууну жалпы пландаштырууну, ошондой эле бекитилген пландардын ат-
карылышы үчүн контролду ишке ашырат;
- курал-жарактарды жана аскердик техниканы, коргоо объектилерин
жана башка аскердик мүлктү өткөрүү, арендага берүү, сатуу жана жоюу
тартибин белгилейт;
- курал-жарактарды жана аскердик техниканы, стратегиялык материал-
дарды, алдыњкы технологияны жана кош маанидеги продукцияны экспорттоого
контроль уюштурат;
- аскердик маселелер боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мам-
лекеттердин ортосундагы ишенимди чыњдоо жана аскер коркунучунун дењгээ-
лин өз ара төмөндөтүү, коллективдүү коопсуздукту түзүү боюнча чараларды
аныктайт.
8-статья. Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин
полномочиелери
Коргоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку мамлекеттик бийлик органдарынын
чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн куруу жагы-
нан саясатты ишке ашырат;
- аскердик саясат жана аскердик коргоо концепциясы боюнча сунуш-
тарды иштеп чыгууга катышат жана аларды Президенттин кароосуна коет;
- коргоо бюджетинин долбоору боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана
аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- коргоону камсыз кылуу таламында узак мөөнөттүү мамлекеттик прог-
раммалардын жана иштердин жылдык пландарынын долбоорун иштеп чыгат;
- коргоонун таламында аткарылуучу иштерди координациялайт, финан-
сылайт жана өз компетенциясынын чегинде контролдойт;
- төмөндөгү максаттарга бөлүнгөн каражаттын чегинде Кыргыз Респуб-
ликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыгы үчүн коргоо жагындагы
илим-изилдөө иштерин, курал-жарактарды жана аскердик техниканы,
азык-түлүктөрдү, шаймандарды жана башка мүлктү, материалдык жана башка
ресурстарды, ошондой эле подряддык иштерди жана кызматтарды келишимдик
негизде заказ кылат жана финансылайт;
- коргоо таламында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдо-
нуу пландарын жана мобилизациялык пландарды, ошондой эле Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагын оперативдүү жабдуу планын иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлерин опера-
тивдүү башкарууну жүзөгө ашырат;
- коргоо жана коопсуздук таламында чалгындоо иштерин жүзөгө ашы-
рат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мамлекеттик жана ас-
кердик сырды сактоо боюнча иштерди уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн зарыл болгон аскердик
даярдыкта кармайт;
- аскерлердин штабдарынын оперативдүү даярдыгын уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн финансылык, техникалык,
тылдык жана медициналык камсыздоону ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматын өтөөнү
уюштурат жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызмат-
чыларын жана граждандык персоналын социалдык жактан коргоону камсыз кы-
лат;
- аскер кызматынан бошонгон адамдарды жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
- башка мамлекеттердин аскер ведомстволору менен кызматташат;
- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү таламында
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бекитүүсүнө киргизүү
үчүн жалпы аскердик уставдардын долбоорлорун иштеп чыгып, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө сунуш кылат;
- зарыл болгон аскердик адабияттарды жана пособиелерди чыгарат.
9-статья. Башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана
ведомстволордун полномочиелери
Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана ведомстволор аскердик
заказдарды аткарууда коргоонун муктаждыктары үчүн зарыл болгон продук-
циянын берилиши үчүн, тармактын мобилизациялык даярдыгы үчүн жоопкерчи-
лик тартат, мобилизациялык даярдык планына ылайык согуш мезгилинде анын
туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат.
10-статья. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын коргоо
жагынан полномочиелери
Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары аскердик башкаруу орган-
дары менен өз ара аракеттенип, өзүнүн аймагынын чегинде:
- коргоо жана аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошонгондорду
жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо жагынан Кыргыз
Республикасынын мыйзам жана башка нормативдик актыларынын аткарылышын
камсыз кылат;
- аймактарды жана коммуникацияларды коргоо максатында даярдоо бо-
юнча иш чараларды жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын граждандарынын аскердик каттоосун жана
аларды аскер кызматына даярдоону, аларды аскер кызматына, аскердик жы-
йымдарга чакыруу жана мобилизациялоо иштерин уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзам жана башка
нормативдик актылар менен белгиленген тартипте Коргоо министрлигинин
аскердик формированиелеринин жана мекемелеринин керектөөлөрүн камсыз
кылат;
- мобилизациялык пландардын жана тапшырмаларынын аткарылышын
жүзөгө ашырат;
- граждандык жана аймактык коргоо боюнча иш чараларды пландаштыру-
уга катышат жана анын аткарылышын камсыз кылат;
- мамлекеттик бийлик жана башкаруунун жогорку органдарына коргоону
уюштурууну жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет.
III бөлүм. Кыргыз Республикасынын ишканаларынын,
мекемелеринин, уюмдарынын жана граждандарынын
коргоо жагынан милдеттери
11-статья. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын коргоо
жагынан милдеттери
Ишканалар, мекемелер жана уюмдар ведомстволук баш ийүүсүнө, менчи-
гинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзам жана башка норма-
тивдик актыларына ылайык келишимдик милдеттенмелерин, ал эми согуш мез-
гилинде - курал жарактарды жана аскердик техниканы, башка аскердик
мүлктү жана ресурстарды түзүү, чыгаруу, берүү жана оњдоо боюнча, под-
ряддык иштер боюнча жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жа-
на башка аскерлердин муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүү боюнча мамле-
кеттик заказдарды аткарат;
- граждандык коргоо иш чараларын уюштурууга жана жүзөгө ашырууга
катышат;
- эгерде мыйзамда башка жагдайлар белгиленбесе, келишимдик негизде
мобилизациялык пландарда жана тапшырмаларда, мобилизациялык жана мамле-
кеттик резервдерди топтоо пландарында каралган иш чараларды жүзөгө ашы-
рат;
- өзүнүн кызматкерлерине аскердик милдеттерин аткаруу үчүн зарыл
шарттарды түзүп берет, муну менен байланышкан чыгашалар ишканалар жана
уюмдар тарабынан мамлекеттик бюджеттен орду толтурулат.
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-апрелиндеги N 194
"Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому
12-статья. Кыргыз Республикасынын граждандарынын коргоо жагынан
милдеттери жана укуктары
Кыргыз Республикасынын граждандары мыйзамга ылайык:
- аскердик милдетин аткарат же контракттык негизде ыктыяры менен
аскер кызматын өтөйт;
- граждандык жана аймактык коргоо иш чараларына катышат;
- согуш мезгилинде бийлик органдарынын талабы боюнча коргоо мук-
таждыгы үчүн өздөрүнүн менчигиндеги курулуштарды, транспорт каражатын
жана башка мүлктү берет, келтирилген зыян мамлекет тарабынан кийин кай-
тарылат.
Кыргыз Республикасынын мыйзам жана башка нормативдик актыларында
каралган болсо, кызмат адамдары өздөрүнүн ээлеген кызматына ылайык кор-
гоо маселелери боюнча өз функцияларын билүүгө жана аткарууга милдеттүү.
IV бөлүм. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү,
алардын милдети жана составы
13-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана алардын
милдети
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү Кыргыз Республикасынын су-
веринитетин, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн тыштан болгон кол
салуудан коргоо үчүн, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Ынтымагына
катышкан мамлекеттер менен бирге эл аралык келишимдерге ылайык агресси-
ядан биргелешип коргонуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн ас-
кердик мамлекеттик структура.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү кургак жер, аскер-дењиз,
аскер-аба бөлүктөрүнөн жана абадан кол салуудан коргонуу бөлүктөрүнөн,
аскердик мекемелерден жана аскер окуу жайларынан, жергиликтүү аскердик
башкаруу органдарынан турат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жетекчиликти борбордошту-
рууну жана жеке башкарууну, туруктуу аскердик жана мобилизациялык даяр-
дыкты айкалыштыруу менен кадрлык, регулярдуу армиянын негизинде
түзүлөт.
Аскерлерди комплектөө жана аскер кызматын өтөө Кыргыз Республика-
сынын мыйзам актыларына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүнө жалпы жетекчилик Кыргыз Республикасынын Президенти,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясында жана ушул Мыйзамда аныкталган алардын полномочиелеринин че-
гинде ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө тикеден-тике жетекчилик
кылуу Коргоо министрлигине жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аскерлерди
оперативдүү башкаруунун жана аскерлерди колдонуу пландарын иштеп чыгуу-
нун негизги органы болуп саналат.
Тынчтык мезгилде Коргоо министрлигинин Башкы штабы Чек ара аскер-
леринин, Ички аскерлердин, Улуттук гвардиянын жана Граждандык коргонуу-
нун штабдары менен бирдикте биргелешип аракеттенүүнүн варианттарын
пландаштырат, командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү жолу менен өз ара
аракеттенүүнү уюштурат.
Согуш мезгилинде республиканын коргоо ишине тартылган башка аскер-
дик структуралар Коргоо Кењешинин баш ийүүсүнө өтөт. Бөлүктөрдү жана
подразделениелерди согушта колдонуу, аларга жетекчилик кылуу Кыргыз
Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы штабы иштеп чыккан бирдей
план боюнча жүзөгө ашырылат.
Аскердик бөлүктөрдү, подразделениелерди, башка аскердик формирова-
ниелерди жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым аскер
кызматчыларын алардын тикеден-тике милдети менен байланышпаган тапшыр-
маларды аткарууга тартууга Мыйзамдын негизинде же Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин токтому боюнча гана жол берилет.
Аскерлерди топтоштуруу (дислокациялоо) аскердик-коргонуу концепци-
ясынын милдеттерине жана талаптарына, ошондой эле оперативдүү коргонуу
пландарына ылайык ишке ашырылат.
Аскерлерди топтоштуруу планы Өкмөт менен макулдашуу боюнча Башкы
штаб тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Коргоо минист-
ринин сунушу боюнча Президент тарабынан бекитилет.
Аскерлерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде топтош-
турууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу менен гана
жол берилет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналы
өндүрүштүк, чарбалык жана башка иштерди аткарат жана Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында каралган эмгектик укуктар менен милдеттердин толук
жыйындысына ээ болот.
14-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү коомдук
жана башка уюмдар менен бирикмелердин иш аракетине
чектөө салуу
Саясий максат көздөгөн коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелер-
дин ишине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө алар-
дын структураларын түзүүгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн штаттык кызматтарын жа-
на финансы каражаттарын структураларды түзүү жана ар кандай коомдук жа-
на башка уюмдар менен бирикмелердин иш аракетин жүзөгө ашыруу үчүн пай-
даланууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү ме-
нен мекемелеринин аймагында ар кандай саясий үгүт жүргүзүүгө тыюу салы-
нат.
15-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө
мыйзамдуулукту камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мыйзамдуулуктун сакта-
лышына жана кылмыш жөнүндөгү иштердин иликтенишине көзөмөл Кыргыз Рес-
публикасынын Генеральный прокуроруна жана ага баш ийген аскер прокуро-
руна жүктөлөт.
Аскер кызматчыларын укуктук жактан коргоону, Кыргыз Республикасы-
нын Куралдуу Күчтөрүндө граждандык жана уголовный иштерди кароону аскер
соттору ишке ашырат.
V бөлүм. Согуш кырдаалы, аскердик абал, мобилизация,
аймактык коргонуу, граждандык коргонуу
16-статья. Согуш кырдаалы
Согуш кырдаалы Кыргыз Республикасына Куралдуу кол салуу (агрессия)
болгон учурда же Көз карандысыз Мамлекеттер Ынтымагынын катышуучулары-
нын ортосундагы макулдашуу боюнча милдеттенмени аткаруу зарылчылыгы
болгон учурда жарыяланат жана согушкан тараптардын ортосунда тынчтык
келишими түзүлүшү менен токтотулат.
Согуш кырдаалы жарыяланган же согуш аракеттери иш жүзүндө баштал-
ган учурдан тартып, аскердик мезгил башталат, ал согуш аракеттеринин
токтотулгандыгы жөнүндө жарыялоо менен жана иш жүзүндө согуштун токто-
тулушу менен аяктайт. Кыргыз Республикасына капыстан кол салуу болгон
учурда аскердик командование, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары
согуш жарыялангандыгын күтпөстөн, агрессиянын мизин кайтаруу үчүн чара
көрүүгө милдеттүү.
17-статья. Аскердик абал
Аскердик абал Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын ай-
рым жерлеринде согуш кырдаалы жарыяланышы менен, ошондой эле башка мам-
лекеттин же мамлекеттердин тобунун Кыргыз Республикасына тикеден-тике
куралдуу кол салуу коркунучу болгон учурда киргизилет.
Аскердик абалдын режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен
аныкталат.
18-статья. Мобилизация
Жалпы же жарым-жартылай мобилизация жарыяланышы менен Кыргыз Рес-
публикасынын Куралдуу Күчтөрүн же алардын бөлүктөрүн аскердик мезгилдин
уюмуна жана составына которуу боюнча, ошондой эле ишканаларды, мекеме-
лерди жана уюмдарды же алардын бөлүктөрүн тынчтык абалдан аскердик
абалга которуу боюнча иш чаралар жүзөгө ашырылат.
Мобилизациялык иш чараларга даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн тар-
тиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-сентябрындагы N 125 "Кыргыз
Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Мый-
замы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-июнундагы N 377
"Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга аскер кызма-
тын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүүлөрдү моби-
лизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз Республика-
сынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын түзүлүштөрдүн
кызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому
19-статья. Граждандык коргонуу
Граждандык коргонуу калкты, эл чарба объектилерин авариялардын,
кыйроолордун, табият кырсыктарынын кесепетинен жана душман азыркы учур-
дагы кыйраткыч каражаттарды колдонгон учурда коргоо максатында уюштуру-
лат.
Граждандык коргонуунун милдеттери жана аны уюштуруу Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдары менен аныкталат.
20-статья. Аймактык коргонуу
Аймактык коргонуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы объектилерди
жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык жана тер-
рордук актылардан коргоо, ошондой эле аскердик абалдын режимин орнотуу
жана кармап туруу максатында уюштурулат жана ишке ашырылат.
Аймактык коргонуунун жалпы милдеттери жана уюштурулушу Кыргыз Рес-
публикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
VI бөлүм. Корутунду жоболор
21-статья. Коргоону финансылоо
Коргоону финансылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
Коргоо министрлигине каражат бөлүү жолу менен Кыргыз Республикасынын
бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
22-статья. Коргоонун эл аралык аспектилери
Кыргыз Республикасы коргоону уюштурууда жана ишке ашырууда эл ара-
лык укуктун нормаларын, ошондой эле өзү катышуучусу болуп саналган эл
аралык келишимдерди жана макулдашууларды сактайт.
Кыргыз Республикасы башка мамлекеттерге аскердик жардамды өзү ка-
тышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын катышуусу менен түзүлгөн коргоо маселелери
боюнча эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде
ратификацияланууга тийиш.
23-статья. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелери боюнча
мыйзамдарынын бузулушу үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын, ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалардын, меке-
мелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана граждандар коргоо боюнча өздө-
рүнө жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарбаса же коргоо милдеттерин атка-
рууга тоскоолдук кылса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дис-
циплинардык, административдик, граждандык-укуктук жана уголовный жооп-
керчиликтерине тартат.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 26 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (26)
- Первоначальный доклад Кыргызской Республики об осуществлении положений Международного пакта о гражданских и политических правах (Одобрен постановлением Правительства Кыргызской…Доклад · 13.04.1998
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Постановление Правительства КР от 29 апреля 2002 года N 256 "Об одобрении Положения о знамени и знаке символики Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 29.04.2002 · № 256
- Распоряжение Президента КР от 28 мая 2002 года РП N 113 "О вручении Боевого Знамени Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Распоряжение · 28.05.2002 · № 113
- "Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына…Положение · 27.06.2000 · № 377
- Постановление Правительства КР от 23 декабря 1998 года N 859 " О проекте Закона Кыргызской Республики "Об обороне"Постановление · 23.12.1998 · № 859
- Распоряжение Президента КР от 27 августа 2002 года РП N 197Распоряжение · 27.08.2002 · № 197
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 11 октября 1999 года З N 1499-1 "О повестке дня пленарного заседания Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Постановление · 11.10.1999 · № 1499
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 10 ноября 1999 года 3 N 1547-1 "О повестке дня пленарного заседания Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Постановление · 10.11.1999 · № 1547
- "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 30.07.2013 · № 174
- Постановление Правительства КР от 23 марта 1998 года №143 "О проектах законов Кыргызской Республики "О военном положении", "О мобилизационной подготовке и мобилизации в…Постановление · 23.03.1998 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-мартындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын аскердик уюмдарына парламенттик контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 06.03.2006 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №169 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтомуПостановление · 10.03.2009 · № 169 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2000-жылдын 8-октябры ПУ № 279 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" УказыУказ · 08.10.2000 · № 279 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8 декабрындагы № 565 «Чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 08.12.2005 · № 565 · Күчүн жоготкон
- План законопроектных работ Правительства Кыргызской Республики на 1998 год (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 6 января 1998 года № 5)План · 06.01.1998 · № 5 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 апреля 2001 года №167 "О некоторых вопросах, связанных с реализацией Указа Президента Кыргызской Республики "О статусе города Ош" от 4…Постановление · 12.04.2001 · № 167 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-апрелиндеги N 194 "Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.04.2000 · № 194 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 23 июня 1999 года N 340 "Об отзыве некоторых проектов законов Кыргызской Республики"Постановление · 23.06.1999 · № 340 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 ноября 2001 года №680 "О Положении о знамени и знаке символики Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 01.11.2001 · № 680 · Күчүн жоготкон
26 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Аскердик абал жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 30.04.2009 · № 149
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөЗакон · 30.09.1998 · № 125
- Постановление Правительства КР от 29 апреля 2002 года N 256 "Об одобрении Положения о знамени и знаке символики Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 29.04.2002 · № 256
- Постановление Правительства КР от 18 марта 2002 года № 150 " Об утверждении Положения о Министерстве обороны Кыргызской Республики"Постановление · 18.03.2002 · № 150
- Постановление Правительства КР от 27 июня 2000 года N 377 "Об утверждении Положения о призыве на военную службу по мобилизации военнообязанных, приписанных к воинским частям для…Постановление · 27.06.2000 · № 377
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 10-апрелиндеги N 194 "Аскердик-транспорттук милдет жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.04.2000 · № 194 · Күчүн жоготкон
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 13 апреля 1994 года № 1463-XII "О порядке введения в действие Закона Кыргызской Республики "Об обороне"Постановление · 13.04.1994 · № 1463-XII · Күчүн жоготкон
11 ичинен 9 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2006-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 399 "С.Ч.Пазылов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.07.2006 · № 399
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 31-июлундагы № 301 " Мамлекеттик мааниси бар объекттердин коопсуздугун камсыз кылууну Јркіндјті боюнча…Указ · 31.07.2005 · № 301
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №183 "2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу системасын түзүүнүн жана киргизүүнүн…Постановление · 16.03.2012 · № 183 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о военно-транспортной обязанности (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 10 апреля 2000 года №194)Положение · 10.04.2000 · № 194 · Күчүн жоготкон