5-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин коргоо
Күчүн жоготкон · 24.07.2009 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 242.
5-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 5-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
жагындагы полномочиелери
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши:
- Кыргыз Республикасынын аскердик саясатын аныктайт жана аскер-
дик-коргонуу концепциясын кабыл алат;
- коргоо жагынан мыйзамдык жөнгө салуу жана аскер кызматынан бо-
шонгон аскер кызматчыларын, башка адамдарды, жана алардын үй-бүлө
мүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо иштерин жүзөгө ашырат;
- Аскердик анттын текстин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарын, тууларын жана желектерин бекитет;
Карањыз:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-апрелиндеги № 256
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн туусу жана символдук белги-
си жөнүндө жобону жактыруу жөнүндө" токтому
- коргоо бюджетин карайт жана статьялар боюнча бекитет;
- аскердик наамдарды белгилейт;
- аскердик кызмат өтөө жана аскердик кызматты алмаштырган мамле-
кеттик кызмат (альтернативалык кызмат) аткаруу тартиби жөнүндө жобону
бекитет;
- Кыргыз Республикасынын коргоо маселелери боюнча мыйзамдарынын
аткарылышын контролдойт;
- Коргоо министрин дайындоого макулдук берет;
- биргелешкен коргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө, коллек-
тивдүү коопсуздук жана куралсыздандыруу маселелери боюнча биргелешкен
коргонуу жана аскердик кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл
аралык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын эл аралык милдет-
тенмелерине ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде пай-
далануу жөнүндө чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде
жалпы же жарым-жартылай мобилизация жөнүндө, аскердик абалын киргизүү
жана алып салуу жөнүндө, согуш кырдаалын жарыялоо жөнүндө, согуш мезги-
линдеги мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын түзүү жана жоюу,
согушту токтотуу жана тынчтык келишимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Берененин тексти 24.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 29 апреля 2002 года N 256 "Об одобрении Положения о знамени и знаке символики Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 29.04.2002 · № 256
- Постановление Правительства КР от 1 ноября 2001 года №680 "О Положении о знамени и знаке символики Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Постановление · 01.11.2001 · № 680 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/735/st-5" title="5-статья - Об обороне (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>