Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана алардын
Күчүн жоготкон · 24.07.2009 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 242.
милдети
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү Кыргыз Республикасынын су-
веринитетин, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн тыштан болгон кол
салуудан коргоо үчүн, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Ынтымагына
катышкан мамлекеттер менен бирге эл аралык келишимдерге ылайык агресси-
ядан биргелешип коргонуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн ас-
кердик мамлекеттик структура.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү кургак жер, аскер-дењиз,
аскер-аба бөлүктөрүнөн жана абадан кол салуудан коргонуу бөлүктөрүнөн,
аскердик мекемелерден жана аскер окуу жайларынан, жергиликтүү аскердик
башкаруу органдарынан турат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жетекчиликти борбордошту-
рууну жана жеке башкарууну, туруктуу аскердик жана мобилизациялык даяр-
дыкты айкалыштыруу менен кадрлык, регулярдуу армиянын негизинде
түзүлөт.
Аскерлерди комплектөө жана аскер кызматын өтөө Кыргыз Республика-
сынын мыйзам актыларына ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүнө жалпы жетекчилик Кыргыз Республикасынын Президенти,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясында жана ушул Мыйзамда аныкталган алардын полномочиелеринин че-
гинде ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө тикеден-тике жетекчилик
кылуу Коргоо министрлигине жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аскерлерди
оперативдүү башкаруунун жана аскерлерди колдонуу пландарын иштеп чыгуу-
нун негизги органы болуп саналат.
Тынчтык мезгилде Коргоо министрлигинин Башкы штабы Чек ара аскер-
леринин, Ички аскерлердин, Улуттук гвардиянын жана Граждандык коргонуу-
нун штабдары менен бирдикте биргелешип аракеттенүүнүн варианттарын
пландаштырат, командалык-штабдык машыгууларды өткөрүү жолу менен өз ара
аракеттенүүнү уюштурат.
Согуш мезгилинде республиканын коргоо ишине тартылган башка аскер-
дик структуралар Коргоо Кењешинин баш ийүүсүнө өтөт. Бөлүктөрдү жана
подразделениелерди согушта колдонуу, аларга жетекчилик кылуу Кыргыз
Республикасынын Коргоо министрлигинин Башкы штабы иштеп чыккан бирдей
план боюнча жүзөгө ашырылат.
Аскердик бөлүктөрдү, подразделениелерди, башка аскердик формирова-
ниелерди жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым аскер
кызматчыларын алардын тикеден-тике милдети менен байланышпаган тапшыр-
маларды аткарууга тартууга Мыйзамдын негизинде же Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин токтому боюнча гана жол берилет.
Аскерлерди топтоштуруу (дислокациялоо) аскердик-коргонуу концепци-
ясынын милдеттерине жана талаптарына, ошондой эле оперативдүү коргонуу
пландарына ылайык ишке ашырылат.
Аскерлерди топтоштуруу планы Өкмөт менен макулдашуу боюнча Башкы
штаб тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Коргоо минист-
ринин сунушу боюнча Президент тарабынан бекитилет.
Аскерлерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде топтош-
турууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу менен гана
жол берилет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналы
өндүрүштүк, чарбалык жана башка иштерди аткарат жана Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарында каралган эмгектик укуктар менен милдеттердин толук
жыйындысына ээ болот.
Берененин тексти 24.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-мартындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын аскердик уюмдарына парламенттик контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 06.03.2006 · № 144 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/735/st-13" title="13-статья - Об обороне (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>