Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын аскердик уюмдарына парламенттик контроль жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-03-06.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 6-марты № 144
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын аскердик уюмдарына
парламенттик контроль жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев
демилге көтөргөн "Кыргыз Республикасынын аскердик уюмдарына парламент-
тик контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тир-
келген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
2006-жылдын 6-марты
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши
"Кыргыз Республикасынын аскердик уюмдарына
парламенттик контроль жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев демилге көтөргөн "Кыргыз Республикасы-
нын аскердик уюмдарына парламенттик контроль жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып, жогоруда аталган Мыйзам-
дын долбооруна төмөнкүдөй пикирлердин жана сунуштардын негизинде макул
эмес.
Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясы,
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Консти-
туциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын "Коргоо жөнүндө", "Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө", "Ички иштер органдары
жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" мый-
замдары сыяктуу бир топ нормативдик укуктук актылардын нормаларын кай-
талайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Жогорку Кењештин ыйгарым
укуктарын аныктаган 58-статьясында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Кыргыз Республикасынын аскердик уюмдарын контролдоо укугу ка-
ралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясына жана "Коргоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Президенти Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы болуп
эсептелет, ал эми Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн түздөн түз
жетектөө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлөт.
"Саясий партиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
3-статьясына ылайык саясий партиялар калктын тийиштүү бөлүгүнүн саясий
эркин ишке ашыруу максатында түзүлөрүн жана мамлекеттик иштерди башка-
рууга катышууну негизги максат кылып коерун эске алып, Мыйзамдын долбо-
орунун 1-статьясынын 5-пунктунун 2-пунктчасын алып салууну сунуш кыла-
быз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна берет, анын аткарылышын
камсыздайт жана аткарылышы жөнүндө отчет берет, ошондой эле "Коргоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына ылайык корго-
нуу республикалык бюджеттен каржыланарын эске алып, Мыйзамдын долбоору-
нун 2-статьясынын 2-пунктчасын жана 4-статьясынын 5-пунктчасын алып са-
лууну сунуш кылабыз.
Аскерлештирилген кошуундардын Жоболоруна ылайык командирлер (на-
чальниктер) буйрук берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянууга
тийиштиган эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 3-статьясынын 2-пунктунун
3-пунктчасын алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасын
төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"5) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу
системасынын органдары жана мекемелери;".
Жарандык иштердин ведомстволук тиешеси жана кылмыш иштердин терге-
лиши Кыргыз Республикасынын Граждандык-процесстик кодекси менен жана
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси менен аныкталгандыктан,
долбоордун 3-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасын алып салууну сунуш-
тайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 4-статьясынын 3-пунктунун 2-абзацына ылайык
республикалык бюджеттин аскердик уюмдарды каржылоо боюнча бөлүмдөрү жа-
на статьялары "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык гана ачыкка чыгарылчу
жабык маалыматка киргизилиши мүмкүн болгондуктан, жогоруда айтылган
статьянын 3-пунктунун 1-абзацын алып салууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Конституциялык кењешме ишин аяктаганга жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы кабыл алынганга чейин
бул Мыйзамды кароону жана кабыл алууну токтото туруу ылайык деп эсеп-
тейбиз.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 6
Шилтеме берет (7)
- Саясий партиялар жөнүндөЗакон · 12.06.1999 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Об оборонеЗакон · 13.04.1994 · № 1462-XII · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- О защите государственных секретов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.04.1994 · № 1476-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1362-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик күзөт жөнүндөЗакон · 29.12.1997 · № 105 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 1-мартындагы №136 "Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 01.03.2006 · № 136 · Күчүн жоготкон