Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8 декабрындагы № 565 «Чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-08.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 8 декабры, № 565
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштар жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
Ө.Ч.Текебаев, М.К.Жураев, Б.Э.Шерниязов жана К.К.Иманалиев тарабынан
демилге көтөрүлгөн «Чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштар
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген
корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
«Чегара жанындагы калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
Ө.Ч.Текебаев, М.К.Жураев, Б.Э.Шерниязов жана К.К.Иманалиев тарабынан
демилге көтөрүлгөн «Чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштар
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй себептерге жана сунуштарга
байланыштуу аны кабыл алууга макулдук бербеди.
Сунушталган мыйзам долбоорунда чегара жанындагы аймактарды чыњдоо,
ошондой эле мамлекеттик коопсуздукту жана мамлекеттик чегаранын
бүтүндүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында
«чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуш» деген өзгөчө статус
берилчү администрациялык-аймактарды түзүү каралган. Бул «Мамлекеттик
чегара жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келет, атап
айтканда, Мыйзамда минтип айтылган:
- 24-статья: «- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз
алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
чегарасын кайтарууга жарандарды ыктыярдуу негизде тартууга шарт түзөт
жана көмөктөшөт;
- 27-статья: «- юридикалык жактар мамлекеттик чегараны кайтарууга
шарт түзүүгө, өз кызматкерлерин, коомдук бирикмелердин мүчөлөрүн
ыктыярдуунегизде тартууга көмөктөшүүгө милдеттүү»;
- 28-статья: «Кыргыз Республикасынын жарандары чегараны кайтаруу
боюнча ыктыярдуу кошуундардын курамында, ошондой эле чегара
аскерлеринин штаттан тышкаркы кызматкери катарында жана башка формада
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын кайтарууга ыктыярдуу
негизде катыша алат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын
кайтарууга жарандарды тартуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
аныктайт.».
«Чегара кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-
статьясы Кыргыз Республикасынын Чегара аскерине «- чегара райондорунун
калк отурукташкан пункттарында жана мамлекеттик чегарадан өткөрүү
пункттарында жергиликтүү калктын арасынан мамлекеттик чегараны
кайтарууга катышуу үчүн ыктыярдуу түзүлүштөрдү түзүүгө» укук берет.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы, Өзбекстан
Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы
сыяктуу мамлекеттер менен жалпы чегарасы болгондуктан Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 9-статьясынын 1-пунктуна ылайык
Кыргыз Республикасы экспансия, басып алуучулук максаттарды жана
аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт. Ал
мамлекеттик турмушту аскерлештирүүнү, мамлекетти жана анын ишин согуш
жүргүзүү максатына баш ийдирүүнү четке кагаарын белгилеп коюу керек.
Ошентип, жогоруда аталган мамлекеттер өздөрүнүн БУУнун Уставын жана
эл аралык укуктун принциптерин жакташаарын ырасташып, 1987-жылдын 18-
ноябрындагы Эл аралык мамилелерде күч колдонуу опузасынан же аны
колдонуудан баш тартуу принцибин күчөтүү жөнүндө декларацияга, 1992-
жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишимге, 1993-
жылдын 7-августундагы Чегаралардын кол тийгистиги жөнүндө келишимге
жана региондогу коопсуздук жана кызматташтык жөнүндө башка эл аралык
макулдашууларга жана келишимдерге катышуучу болуп эсептелишет.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттер Шанхай
кызматташтык уюмуна (ШОС), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине
(КМШ), Евразиядагы экономикалык шериктештикке (ЕврАзЭС) мүчө.
Мындан тышкары, коомдук тартипти, адамдын коопсуздугун камсыздоо
жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички иштер органдарына жүктөлгөн,
бул жер-жерлерде кошуундарды түзүүгө жол бербейт.
Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын
кайтарууну камсыздоодо, анын ичинде чегара жанындагы аскерлештирилген
калктуу конуштарды түзүү маселесинде негизги милдетти аткаруучу Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин ролу
аныкталган эмес. Ошондой эле республиканын башка мамлекеттик бийлик
органдарынын бул маселедеги ролдору жана өз ара байланыштары
чагылдырылган эмес.
«Аскерлештирилген калктуу конуштар» терминин колдонуу (мыйзам
долбоордун 5, 6, 7, 8 жана 9-статьялары), республиканын аймагында
кандайдыр аскердик кошуундардын болушу «Коргоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын кошуундардын тизмесин (тынчтык мезгилдеги)
аныктаган жана «Кыргыз Республикасында башка аскердик кошуундардын
болушу жана аларды түзүү мыйзам боюнча куугунтукка алынат» деп
көрсөткөн статьясына каршы келет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясына ылайык
«мамлекеттик коопсуздук» деген терминдин ордуна «улуттук коопсуздук»
деген терминди колдонуу ылайыктуу болот.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 1-абзацын алып
салууну сунуштайбыз, анткени мамлекеттик чегарага жакын жайгашкан
калктуу конуштар «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына ылайык аныкталат,
анда: - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында талаптагыдай
тартипти сактап туруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан чегара зонасы жана чегара тилкеси белгиленет. Чегара зонасы
- мамлекеттик чегарада талаптагыдай тартипти камсыз кылуу максатында
мамлекеттик чегарага жамаатташ райондун, шаардын, айылдын аймагынын
чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жер
тилкеси» - деп айтылган.
1-статьянын 2-абзацы боюнча. Жарандардын жашоосунун өзгөчө режимин
колдонуу жол берилгис, анткени өзгөчө укуктук режим убактылуу мүнөздө
болот жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде өзгөчө
абал («Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) же
аскердик абал («Аскердик абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)
жарыялоо жолу менен киргизилет.
2-статьяны алып салууну сунуштайбыз, анткени чегара жанындагы
калктуу конуштардын тизмеси жана чегаралары жогоруда белгиленгендей
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын ушул статьядан
улам келип чыгуучу башка мыйзамдык актыларынын (Кыргыз Республикасынын
2004-жылдын 15-майындагы № 362 «Кыргыз Республикасынын чек ара
зонасында жана чек ара тилкесинде чек аралык режимди орнотуу жөнүндө»
токтому) негизинде аныкталат.
Мыйзам долбоорунун жарандардын укуктарын чектөөнү караштырган 3-
статьясы (мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 2-абзацынын 2-пунктуна
шилтеме: «чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштарда
жашаган, ошол эле убакта өзүнүн калктуу конушунун чегинен сыртка
чыгуучу жарандардын санын чектөө») Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 16-статьясынын: «Ар бир адам Кыргыз Республикасынын
аймагынын чегинде орун которуу, өзү баруучу жана жашоочу жерди тандоо
укугуна ээ» деп аныктаган 8-пунктуна каршы келет.
4-статья боюнча - бул статьянын кереги жоктугу жогоруда негизделди.
5-статья боюнча. Бул статья «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кайталайт жана аскерлештирилген калктуу конуштарда куралдын
колдонулушун чектейт. Бул статьяны төмөнкүдөй редакцияда баяндоону
сунуш кылабыз: «Курал алуунун, алып жүрүүнүн жана колдонуунун тартиби
«Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө
ашырылат».
6-статья боюнча, бул статьяны алып салууну сунуштайбыз, анткени 1-
абзацында аскердик-дене бой жана күжүрмөн даярдыкка тартылчу 18 ден 45
жашка чейинки адамдардын категориясы, башкача айтканда аялдар же
эркектер экени, пландаштырылган жыйындардан аркандай себептер боюнча
бошотулчу адамдардын контингенти көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, 2-
абзацта аскердик-дене бой жана күжүрмөн даярдыктын көлөмүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү аныктайт деп айтылат. Аскердик-дене бой жана
күжүрмөн даярдыктан өтүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана Кыргыз
Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставы менен аныкталчу казармалык
абал киргизүү учурлары өзгөчө учур болуп эсептелет, турмушта бул андай
эмес. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө
пландаштырылган жыйындарда болуу, ошондой эле жыйындардын жана
күжүрмөн даярдыктын мөөнөттөрү жана көлөмү Кыргыз Республикасынын
тийиштүү ведомствосунун жыл сайынкы приказы менен аныкталат.
7-статья боюнча. «Казармалык абал» деген терминди колдонууга
болбойт, анткени «Казармалык абал» деген аскерде гана колдонулуучу
термин. Мында сунушталып жаткан статьядагы «казармалык абал» деген
термин реалдуу жана мүмкүн болгон коркунуч учурунда коопсуздукту
камсыздоо үчүн жарандардын укуктарын чектөөнү билдирет, бул Кыргыз
Республикасынын колдонуудагы нормативдик укуктук актыларына каршы
келет. Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыздоо, Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын негизинде жарандардын укуктарын
чектөө жагыидагы нормативдик укуктук актылары болуп Кыргыз
Республикасынын «Өзгөчө абал жөнүндө» жана «Аскердик абал жөнүндө»
мыйзамдары гана эсептелишет.
Мыйзам долбоорунун 8-статьясы «Аскер кызматчыларынын статусу
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына каршы келет,
анда «Кыргыз Республикасынын жарандары аскер кызматчынын статусун
аскердик кызматка чакырылган (ыктыярдуу же контракт боюнча өткөн) же
жыйынга чакырылган күндөн баштап алышат жана аскердик кызматтан
бошотулган (аскердик бөлүктүн тизмесинен чыгарылган) же жыйын бүткөн
күндөн баштап ажыратылышат...» деп айтылган.
9-статья боюнча. Аскерлештирилгеы калктуу конуштардын аймагында
жашаган жарандар мамлекеттик чегараны чыњдоого көмөк көрсөтүшөөрүн
эске алып, аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын
Чегара аскеринин Командачысына баш ийдирүү ылайыктуу, ал эми ыйгарым
укуктарын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара
аскеринин чечими боюнча өзүнчө жобо менен аныктоо туура.
Мыйзам долбоорун даярдоодо «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын"
Мыйзамынын талаптары толук эске алынган эмес, анда республиканын
аймагында жарандарга аны ташыгандан башка учурларда өзүн коргоо. үчүн
дүрмөттүү же дүрмөтсүз курал алып жүрүүгө тыюу салынган. Бул шарт
ошондой эле чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштардын
тургундарынын митингдерди, көчө бойлогон жүрүштөрдү, пикеттерди жана
башка көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүдө куралды мыйзамсыз
колодонуу мүмкүндүгүн да жокко чыгарбайт.
Мыйзам долбоорунун негизги максаттарынын бири болуп чегара
жанындагы аймактарда калктын ички миграциясын токтотуу жана аларга
туруктуу өнүгүү үчүн шарт түзүү болуп эсептелет.
Бул максатта Мыйзамдын долбоору жарандардын мындай категориялары
үчүн тийиштүү артыкчылыктарды жана жењилдиктерди (ипотекалык кредит
берүү, салыктарды жењилдетүү ж.б.) камтууга тийиш. Бирок каралып
жаткан мыйзам долбоорунда жарандардын милдеттери гана белгиленип,
жењилдиктер жана артыкчылыктар боюнча нормалар, ошондой эле башка
нормалар шилтеме мүнөздө.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, кандайдыр бир конкреттүү
сунуштарды киргизүү мүмкүн эмес деп ойлойбуз, анткени мыйзамдын
долбоору так варианттуу жана структуралык фундаменттүү болбогондуктан
конкреттүү багыт боюнча сунуш киргизүүнү татаалдатат. Ушуга
байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик чегараны чыњдоо
жана чегара жанындагы райондордун калкынын турмуш дењгээлин
жогорулатуу үчүн аларга тийиштүү укуктарды, жењилдиктерди берүү жана
милдеттерди тагуу, ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун
чегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына жооп берүүчү башка иш-
чараларды жүргүзүү ылайыксыз деп эсептейт жана Кыргыз Республикасынын
башка нормативдик укуктук актыларына, мисалы Кыргыз Республикасынын
«Мамлекеттик чек ара жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш
кылат.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (11)
- Курал жөнүндөЗакон · 09.06.1999 · № 49
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- О статусе военнослужащихЗакон · 01.07.1992 · № 930-XII
- Договор о коллективной безопасности (Ратифицирован постановлением Жогорку Кенеша КР от 18 декабря 1992 года № 1113-XII)Договор · 15.05.1992
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 19.03.1999 · № 27 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 мая 2004 года №362 "Об установлении пограничного режима в пограничной зоне и пограничной полосе Кыргызской Республики"Постановление · 15.05.2004 · № 362 · Күчүн жоготкон
- О пограничной службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.03.1999 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Об оборонеЗакон · 13.04.1994 · № 1462-XII · Күчүн жоготкон
- О военном положенииЗакон · 30.09.1998 · № 126 · Күчүн жоготкон