Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызматтарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын түзүлүштөрдүн кызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 27-июнундагы № 377
токтому менен бекитилген
Согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик
кызматтарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө
катталган аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча
аскер кызматына чакыруу же аларды Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын, атайын
түзүлүштөрдүн кызматтарында иштөөгө жиберүү жөнүндө
Жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 21-сентябрындагы № 429 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо согуштук мезгилдин штатында каралган аскердик кызмат-
тарга аскер кызматын өтөө үчүн аскер бөлүктөрүнө катталган аскерге мил-
деттүүлөрдү мобилизациялоо боюнча аскер кызматына чакыруу же аларды
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн граждандык персоналынын,
атайын түзүлүштөрдүн кызматтарында иштөөгө жиберүү (мындан ары -
иштөөгө жиберүү) тартибин аныктайт.
Анык аскердик кызматка чакыруу жана иштөөгө жиберүү деп төмөнкүдөй
иш-чаралар түшүнүлөт:
а) жалпы же айрым мобилизация жарыялоо;
б) жалпы же айрым мобилизация жүргүзүү жөнүндө аскерге мил-
деттүүлөргө кабарлоо;
в) аскерге милдеттүүлөрдүн райондордун, районго бөлүнбөгөн шаар-
лардын, башка административдик-аймактык түзүлүштөрдүн аскер комиссари-
аттарынын алдын ала жыйым пункттарына, Кыргыз Республикасынын атайын
түзүлүштөрүн уюштурууда түздөн-түз аскер бөлүгүнө, мекемеге, аскердик
окуу жайга, ишканага (мындан ары - бөлүктөр жана атайын түзүлүштөр) ке-
лиши (жеткирилиши);
г) аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарынын алдын ала жыйым
пункттарынан (жыйым пункттары) аскер бөлүктөрүнө жана атайын
түзүлүштөргө жеткирүү;
д) аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка чакыруу (ишке жиберүү)
фактысын документтик тастыктоо.
2. Аскердик кызматка чакыруу (ишке жиберүү) Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын, "Коргонуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын граждан-
дарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүдө", "Кыргыз Республика-
сында мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамдарынын жана мамлекеттин коргонуу жана коопсуздугун
камсыз кылуу тармагындагы башка нормативдик-укуктук актылардын негизин-
де жүргүзүлөт.
3. Аскердик кызматка чакыруу (ишке жиберүү) жалпы же айрым мобили-
зациялоону - жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ука-
зынын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын, райондун, районго бөлүнбөгөн шаардын, баш-
ка административдик-аймактык түзүлүштүн аймагында жалпы же айрым моби-
лизациялоону жарыялоо жөнүндө буйруктар жалпы же айрым мобилизациялоону
жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Указын аткаруу
максатында жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин тийиштүү буй-
ругун, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын на-
чальнигинин директиваларынын негизинде аскер комиссарлары чыгарылат.
4. Аскердик кызматка чакыруу (ишке жиберүү) аскердик бөлүктөрдүн
жана атайын түзүлүштөрдүн аларды уюмдарга жана аскердик мезгилдеги ку-
рамга которууну караган мобилизациялык планында белгиленген көлөмдө
жүргүзүлөт.
5. Аскердик кызматка чакырууга (ишке жиберүүгө) тийиш болгон ас-
керге милдеттүүлөрдүн келиш мөөнөтү жана орду аскердик бөлүктөрдүн,
атайын түзүлүштөрдүн мобилизациялык пландарында аныкталат жана аскерге
милдеттүүлөргө берилүүчү мобилизациялык көрсөтмөлөрдө жана жекече чакы-
руу кагаздарында көрсөтүлөт.
6. Аскердик кызматка чакырылууга (ишке жиберүү) тийиш болгон,
ошондой эле аскердик кызматка чакыруудан (ишке жиберүү) кийинкиге кал-
тыруу мөөнөтү бар же чакырылууга тийиш болбогон аскерге милдеттүүлөрдүн
категорияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
6-1. Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде катталган талапкер аскердик
кызматка же аскердик жыйынга чакырылышы мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-сентябрындагы №
429 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Аскерге милдеттүүлөрдү аскерди бөлүктөргө каттоо (атайын
түзүлүштөргө дайындоо) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы
штабы жана аткаруу бийлик органдары аныктаган тартипте аскер
бөлүктөрүнүн жана атайын түзүлүштөрүнүн командирлери менен өз ара бир-
дикте райондун, районго бөлүнбөгөн шаардын, башка административдик-ай-
мактык түзүлүштүн аскер комиссарлары жана аткаруу бийлик органдары та-
рабынан уюштурулат.
Тынчтык мезгилинде аскердик бөлүктөрдө жана атайын түзүлүштөрдө
граждандык персонал кызматтарында иштегендер бул министрликтердин жана
административдик ведомстволордун аскердик бөлүктөрүнө, түзүлүштөрүнө
биринчи кезекте катталууга тийиш.
8. Аскердик кызматка пландаштырылган чакыруу (ишке жиберүү)
жөнүндө чечим аскердик билеттерине тийиштүү белги коюу жана мобилизаци-
ялык көрсөтмөлөрдү тапшыруу аркылуу аскерге милдеттүүлөргө чейин аскер
коыиссарларына берилет. Мындан тышкары министрликтердин жана ведомство-
лордун аскер бөлүктөрүнө катталган (түзүлүштөргө дайындалган) бардык
аскерге милдеттүүлөргө, ошондой эле аскер комиссариаттарын чыњдоо аппа-
раттарына дайындалган аскерге милдеттүүлөргө тийиштүү аскер комиссариа-
ты тарабынан жекече чакыруу кагазы жазылат. Мобилизациялык көрсөтмөгө
жана жеке чакыруу кагазына аскер комиссарынын колу коюлуп, гербдүү мөөр
менен күбөлөндүрүлөт.
Мобилизациялык көрсөтмөнүн жана жеке чакыруу кагазынын формасы
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан белги-
ленет.
9. Аскердик кызматка чакыруу үчүн (ишке жиберүү) ар бир райондо,
районго бөлүнбөгөн шаарда, башка административдик-аймактык түзүлүштө
жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын токтому (буйругу) ме-
нен граждандарды мобилизациялоо боюнча чакыруу комиссиясы түзүлөт (мын-
дан ары - чакыруу комиссиясы).
10. Чакыруу комиссиясынын курамы, милдети жана иш тартиби жерги-
ликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын токтому (буйругу) менен
бекитилет. Чакыруу комиссиясынын төрагасы эреже катарында жергиликтүү
мамлекеттик администрация башчысы тарабынан, ал эми комиссиянын төрага-
сынын орун басарлары - аскер комиссары тарабынан дайындалат.
Чакыруу комиссиясынын өкүлдөрү алдын ала жыйым пункттарынын (жыйым
пункттары) администрациясынын курамына кирет.
Чакыруу комиссиясынын мүчөлөрүнөн кимдир бирөө жок болуп калган
учурда анын резервдик курамы белгиленген тартипте бекитилет.
11. Аскерге милдеттүүлөрдү жалпы же айрым мобилизация жүргүзүү жа-
на алардын баштапкы жыйын пункттарына (жыйын пункттарына) келүү зарыл-
дыгы жөнүндө аскер комиссариаты аткаруу бийлигинин тийиштүү органы ме-
нен бирдикте кабарлайт жана уюштурат. Кабарлоого мекемелердин кызмат
адамдары жана аскер комиссариаттарынын күчтөндүрүү аппараттарына дайын-
далган адамдар тартылышат жана байланыштын техникалык каражаттары жана
чабармандар пайдаланылат.
Аскерге милдеттүүлөрдү иштеген жеринде кабарландыруу үчүн мекеме-
лерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында кабар берүү
штабдары түзүлөт. Ал штабдарды уюштуруу үчүн жоопкерчилик мекеме жетек-
чилерине жана аскер комиссарларына тапшырылат.
Жергиликтүү радио уктуруу, теле көрсөтүү тармактарын, анын ичинде
жалпыга маалымдоонун электрондук жана башка каражаттарын аскер комисса-
рынын жалпы же айрым-айрым мобилизация жүргүзүү жөнүндө буйругун жет-
кирүү үчүн пайдалануунун тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрация
башчысынын токтому (буйругу) менен белгиленет.
Аскерге милдеттүүлөрдүн баштапкы жыйын пункттарына (жыйын пунктта-
рына) же түз эле аскер бөлүктөрүнө жана атайын кошуундарга келиши (жет-
кирүү) мобилизациялык тапшырмалардын жана жекече чакыруулардын негизин-
де жүргүзүлөт.
12. Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү) аскерге
милдеттүүлөрдү ташуу үчүн баарыдан мурда коомдук жүргүнчүлүк транспорт
пайдаланылат. Зарыл учурларда уюмдардын жана граждандардан аскердик
бөлүктөрдү жана атайын кошуундарды түзүү үчүн алынган, ошол багытка ка-
рай өз жүрүшү менен бараткан транспорт аныкталган тартипте пайдаланы-
лат.
Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү) аскерге мил-
деттүүлөр аскердик бөлүктөрдү жана атайын кошуундарды толуктоочу тосуп
алуу пункттарына же жыйын пункттарына Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнүн Башкы штабы аныктачу тартапте жөнөтүлүшөт.
Аскерге милдеттүүлөрдү баштапкы жыйын пункттарынан аскер
бөлүктөрүнө жана атайын кошуундарга өткөрүп берүү үчүн коштоодо ар бир
командага аскерге чакырылбачу (жумушка жиберилбечү) аскерге мил-
деттүүлөрдүн ичинен аскердин запастагы офицердик, прапорщиктик жана
сержанттык наамы барлардан команданын начальниги дайындалат.
Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү) аскерге мил-
деттүүлөр аскер бөлүктөрүнө жана атайын кошуундарга аскер бөлүктөрүнүн
жана атайын кошуундардын өздүк курамды кабыл алуу пункттарында же баш-
тапкы жыйын пункттарынын (жыйын пункттарынын) өзүндө Кыргыз Республика-
сынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аныктачу тартипте өткөрүп бери-
лет.
Аскердик бөлүктөргө катталган (атайын кошуундарга дайындалган) ас-
керге милдеттүүлөрдү жөнөтүү адатта жыйын пункттары аркылуу жүргүзүлөт.
13. Аскердик бөлүктөрдүн жана атайын кошуундардын өзүнө түздөн-түз
жиберилиши мүмкүн болгон аскердик кызматка чакырылган (жумушка жибе-
рилүүчү) аскерге милдеттүүлөр:
а) аскердик бөлүктөрдө жана атайын кошуундарда согуштук мезгилди
уюштурууга жана анын курамына которууда биринчи кезектеги жумуштарды
аткарууга тартылуучулар;
б) тынчтык мезгилде аскердик бөлүктөрдө жана атайын кошуундарда
штаттык расписаниеге ылайык граждандык кызматкерлердин кызмат ордунда
иштегендер жана аларга катталгандар (дайындалгандар).
14. Баштапкы жыйын пункттарынын (жыйын пункттарынын) пландуу
иштөөсүн, командаларды топтоонун жана жөнөтүүнүн ыргактуулугун камсыз-
доо максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдары
мамлекеттик администрация башчыларынын токтомдорунда белгиленген тар-
типте андай пункттарды жайгаштыруу үчүн имараттарды (жайларды) бөлүп
беришет. Андай имараттар (жайлар) аскердик кызматка чакырылган (жумушка
жиберилүүчү) аскерге милдеттүүлөргө жакшы белгилүү болууга жана алардын
жолунун негизги маршрутунда жайгашууга тийиш.
15. Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү), айыл же-
ринде жашаган аскерге милдеттүүлөрдү чогултуу жана баштапкы жыйын пунк-
ттарына (жыйын пункттарына) жеткирүү жергиликтүү мамлекеттик админист-
рациянын органдары тарабынан жүргүзүлөт. Бул аскерге милдеттүүлөр баш-
тапкы жыйын пункттарында (жыйын пункттарында) жергиликтүү мамлекеттик
администрациянын органынын жетекчиси күбөлөндүргөн тизме боюнча өткөрүп
берилет. Ал тизмелер менен кошо чакырууну албай калган граждандардын
чакыруулары кабарланбай калгандыгынын себебин көрсөтүү менен берилет.
Тизменин формасын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы шта-
бы белгилейт.
16. Аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарысыз аскердик кыз-
матка чакырууга жана жумушка жиберүүгө тыюу салынат (анын ичинде ыкты-
ярдуу негизде да).
17. Аскер бөлүктөрүнө катталган (атайын кошуундарга дайындалган)
аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка чакырууга (жумушка жиберүүтө)
мүмкүндүк жок болгон учурларда, мобилизациялык тапшырмасы жок аскерге
милдеттүүлөр аскерге чакырылат (жумушка жиберилет). Бул аталган аскерге
милдеттүүлөр аскер бөлүктөрүнө жана атайын кошуундарга аларды толук жа-
на сапаттуу комплектилөө үчүн жиберилет.
18. Аскердик кызматка чакырылган (жумушка жиберилүүчү) аскерге
милдеттүүлөрдүн паспорту жана башка документтери алып коюлбайт.
19. Аскерге милдеттүү анын аскердик эсеп-каттоо документтерине ча-
кыруу (жумушка алуу) фактысы жөнүндө жазылып жана аскердик бөлүктүн же
атайын кошуундун командири аскерге милдеттүүнү аскердик бөлүктүн же
атайын кошуундун тизмесине киргизүү жана аскердик кызматка (граждандык
кызматкердин кызматына) дайындоо жөнүндө буйрукка кол койгондон кийин
аскерге чакырылды деп эсептелет.
20. Мекемелердин жетекчилери аскердик кызматка чакырылган (жумушка
жиберилген) аскерге милдеттүүлөрдү аскер комиссариаттарынын бил-
дирүүлөрүнүн негизинде аныкталган тартипте бошотушат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 27 июня 2000 года N 377 "Об утверждении Положения о призыве на военную службу по мобилизации военнообязанных, приписанных к воинским частям для…Постановление · 27.06.2000 · № 377
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Об оборонеЗакон · 13.04.1994 · № 1462-XII · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.