1-статья. Коргоонун негиздери
Күчүн жоготкон · 24.07.2009 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 242.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 января 2005 года №2
Бул Мыйзамда коргоо деп куралдуу кол салуудан коргоого мамлекеттин
даярдыгын камсыз кылуу боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социал-
дык, укуктук жана башка чаралардын системасы, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасынын калкын, аймагын жана суверенитетин коргоо түшүнүлөт.
Коргоо коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эњ маанилүү функци-
яларынын бири болуп саналат.
Коргоо эл аралык укукка, Кыргыз Республикасынын Конституциясына,
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республи-
касынын аскердик-коргонуу концепциясына ылайык уюштурулат жана ишке
ашырылат.
Куралдуу күрөш каражаттарын колдонуу менен коргоо үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын Куралдуу Күчтөрү түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын граж-
дандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети киргизилет.
Коргоого куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен Кыргыз Рес-
публикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Экология жана
өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвар-
диясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз
Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
күзөт кызматынын аскердик бөлүмчөлөрү, бөлүктөрү жана бирикмелери тар-
тылат.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн аскерлердин тизмесине тынчтык мезгилде
башкалар киргизилбейт.
Кыргыз Республикасында башка аскердик түзүлүштөрдүн болушуна жана
түзүлүшүнө Мыйзам боюнча жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/735/st-1" title="1-статья - Об обороне (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>