Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
568-статья. Мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коюу жана транспорт каражаттарын кармоо, транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана мас абалын аныктоо жүйөсүн күбөлөндүрүү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39
Ушул Кодекстин 46-1-статьясынын биринчи бөлүгүндө аныкталган администрациялык жазаны төлөө мөөнөтү бузулганда, ошондой эле ушул Кодекстин 224-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясында, 235-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 238-статьясында, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-244, 244-1, 248, 249-1-статьяларында каралган бузууларда, ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмчөлөрүнүн кызмат адамдары, ошондой эле Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органынын кызматкерлери (автомототранспорттон тышкары) транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алат же транспорт каражатын кармайт жана аларды ишти караганга чейин белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери боюнча түзүлгөн айып алынуучу атайын токтотмо жайларга убактылуу сактоо үчүн жеткирет. 2291-статьяда каралган укук бузуу үчүн, ага тете 229-1-статьяда каралган, бажы иши чөлкөмүндө табылган укук бузуу болгондо, салынган администрациялык айып төлөнбөгөн учурда транспорт каражатын кармоо, ошондой эле транспорт каражатын бажы иши чөлкөмүнүн убактылуу кармоо капмалардын аймагына же бажы иши чөлкөмүнүн туруктуу аймагы болгон башка жерге токтотуу белгиленген тартипте иш каралганга чейин бажы органынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилери алып коюлганда же транспорт каражаты кармалганда айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилет, ал жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколго же ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү пунктунда каралган тартипте чыгарылган токтомго тиешелүү жазуу жазылат. Транспорт каражатынын алып коюлган мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин же кармалган транспорт каражатын ээсине (айдоочуга) берүү администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан, айып акынын жана (же) туумдун суммалары, анын ичинде мурда салынган жана өндүрүлбөгөн айып акылар боюнча суммалар өндүрүлгөндөн, кармалган транспорт каражатынын ордун которуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдарды төлөгөндөн кийин ички иштер органынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүргүзүлөт, ал протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган тартипте чыгарылган токтомдо кармалган транспорт каражаты, алып коюлган мамлекеттик каттоо номерлик белгилери берилген датаны, ошондой эле аларды алган адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, дарегин, телефон номерин жана колтамгасын көрсөтүү менен жазуу жазат. Транспорт каражаттарын кармоо, ошондой эле мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин жана транспорт каражаттарын алып коюу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Транспорт каражаттарын башкарган, алар мас абалда деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгон айдоочулар мас абалын аныктоо боюнча күбөлөндүрүлүүгө жатат. Аталган адамдарды ошондой күбөлөндүрүүгө жөнөтүү тартиби жана аларды күбөлөндүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2008-жылдын 4-августундагы №185, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2015-жылдын 16-февралындагы № 33, 2015-жылдын 3-августундагы № 211, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2015 года № 211 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 февраля 2015 года № 33 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
08.04.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, алынып салынды: 234 жана 238-статьяларында, кошулду: 234-статьясында, 235-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 238-статьясында, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-244, 244-1, 248, … 110, 2015-жылдын 16-февралындагы № 33, 2015-жылдын 3-августундагы № алынып салынды: 211 кошулду: 211, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Инструкция по организации производства по делам об административных нарушениях правил дорожного движения, технической эксплуатации тракторов, прицепов, комбайнов…Инструкция · 07.02.2002 · № 37 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-568" title="568-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>