Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 22 мая 2023 года № 104 "Об автомобильных дорогах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-22.
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 3-августу № 211 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин, КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55, 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. (КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене
2-берене. (КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене. "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 17-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат.".
2. 18-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-10-бөлүктөр менен толукталсын:
Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйым алынат. Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн жыйым алуудан бошотулат:
- табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга арналган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган жактарга акысыз таратууга, же болбосо ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүүгө арналган товарларды ташыган;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон.
Кыргыз Республикасында катталган, коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыз кылуу максатында пайдаланылуучу жүк ташуучу транспорт каражаттары, автобустар, өрттөн коргоо кызматынын ишин, медициналык тез жардамды жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жол жана жол инфратүзүмүн колдонуу жана техникалык тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары жолдо жүрүү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат. Ушул статьянын сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын жол жүрүү үчүн жыйым төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
4-берене. (КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
5-берене. Ушул Мыйзамдын 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-беренесинин 2-пунктун жана 4-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу…Закон · 26.05.2018 · № 55
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Жол фонду жөнүндөЗакон · 01.06.1998 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.12.2017 · № 793 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 22.05.2023 · № 104
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу…Закон · 26.05.2018 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон