238-статья. Айдоочулардын же башка адамдардын транспорт каражаттарын мас абалында айдоосу, ошого тете эле транспорт каражатын мас абалындагы адамга айдоого берүү
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июля 2014 года № 110
Айдоочунун транспорт каражаттарын алкоголдук, наркотикалык же токсикоманиялык мас абалында айдоосу, - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет авариялык кырдаалды түзүүгө учуратканда, - эки жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун ден соолугуна зыян келтирген же жазык жактан жазалоо жосунунун белгилери болбогон, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрдү бузган аракет, - үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпеген тарабынан жасалганда, - кырк саатка коомдук иштерге тартууга же болбосо бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет транспорт каражаттарын айдоого укугу жок адамдар тарабынан жасалганда, - эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо беш суткалык мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. (6-бөлүк КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (7-бөлүк КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (8-бөлүк КР 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Транспорт каражатын башкарууну алкоголдук, наркотикалык жана токсикоманиялык мас абалындагы адамга айдоого уруксат берүү, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочулардын жана транспорт каражаттарын айдаган адамдардын белгиленген тартипке ылайык мас абалын күбөлөндүрүүдөн өткөрүүдөн баш тартуусу, - үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи-үчүнчү жана бешинчи бөлүктөрүндө каралган, үч жылдын ичинде эки жолудан ашык жасалган аракеттер, - беш жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет. (КР 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2013-жылдын 10-январындагы № 2, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
238-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 января 2013 года № 2 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын МыйзамыЗакон · 03.07.2014 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 25.07.2012 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-238" title="238-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>