Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
559-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөөчү учурлар
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 38-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39
1. Эскертүү же эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаган администрациялык айып түрүндөгү администрациялык жаза чара көрүүгө алып келүүчү администрациялык укук бузуулар жасалганда администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми эскертүү же болбосо айып администрациялык укук бузуу жасалган жерде андайга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан таризделет же болбосо айып салынат жана алынат.
2. Ага карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча турган жеринде айып төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок же болбосо өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адам ушул статьянын 1-пункту тарабынан белгиленген тартипте ага салынган жаза чарасына макул болбосо, ушул Кодекстин 556-статьясына ылайык администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлөт.
3. Судьялардын компетенциясына тиешелүү болгон администрациялык укук бузууларды копшогондо ушул Кодекстин 20-главасында каралган фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен укук бузуулар табылган жана белгиленген учурларда, администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адам катышпастан, ага карата администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом чыгарылат жана ушул Кодекстин 589-статьясында каралган тартипте жол-жоболоштурулат.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдарды тиркөө менен электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча материалдарды кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук санарип колтамгасы менен тастыкталат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом жана фотожана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу аркылуу даярдалат. Бул токтомдун көчүрмөсү аталган токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде почта аркылуу, заказ почта жөнөтүүсү менен администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адамга жиберилет. (КР 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2011-жылдын 8-августундагы № 151, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2011 года № 151 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
08.04.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ылайык администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлөт.
3. алынып салынды: Ушул кошулду: Судьялардын компетенциясына тиешелүү болгон администрациялык укук бузууларды копшогондо ушул Кодекстин 20-главасында каралган фото- жана кино тартуу, видеожазуу … № 185, 2011-жылдын 8-августундагы № 151, 2012-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 142 кошулду: 142, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-559" title="559-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>