568-1-статья. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу иштерди туура жана өз убагында кароону, администрациялык укук бузуу боюнча токтомду аткарууну камсыз кылуу максатында колдонулат. Мажбурлап эвакуациялоо - бул ушул Кодекстин 223, 231-1-статьяларында, 235-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 238-статьясында (тогузунчу бөлүгүн кошпогондо), 242-244, 248, 249-1-статьяларында ал үчүн жоопкерчилик каралган администрациялык укук бузуу жасалган жерден же жол транспорт кырсыгы жасалган жерден транспорт каражатын атайын токтотуучу жайга мажбурлап алып кетүү. Дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу - бул транспорт каражатын айдоочу тарабынан ушул Кодекстин 223-статьясында, 235-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө ал үчүн жоопкерчилик каралган эрежелер бузулган учурда, администрациялык укук бузуу жасалган жерде транспорт каражаттарына транспорт каражатынын кыймылдоо мүмкүнчүлүгүн (дөңгөлөктөрдүн айлануусун) жокко чыгаруучу техникалык каражаттарды мажбурлап орнотуу. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээси (айдоочу, ээсинин өкүлү) транспорт каражатынын турган жери жөнүндө кабарландырылат. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу жөнүндө администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколго тиешелүү белги коюлат, ал эми зарыл учурда транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу жөнүндө протокол түзүлөт. Мажбурлап эвакуацияланган транспорт каражаттарын алып кетүүгө жана сактоого кеткен чыгымдардын орду транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого алып келген администрациялык укук бузууну жасаган адам тарабынан толтурулат. Транспорт каражатын атайын токтотмо жайга мажбурлап эвакуациялоо, аны сактоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
568-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-568-1" title="568-1-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>