5671-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын, дагы башка мүлктү камакка алуу
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 39-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Товарларды, транспорт каражаттарын, документтерди, укук бузулушуна курал же ага тике объект болгон дагы башка буюмзаттарды алып коюуга мүмкүнчүлүк болбогондо, эгерде администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам белгиленген эрежелерди бир нече жолу бузса же бир нече администрациялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке бир учурда тартылып жатса, же администрациялык укук бузуу мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгына орчундуу зыян келтирип жатса, администрациялык укук бузуу боюнча иш кароосунда турган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын товарын, транспорт каражаттарын, дагы башка каражаттарын камакка алууга укуктуу. Мүлктү камакка алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы жүйөлү токтом чыгарат. Мүлктү камакка алуу жана бул тууралу протокол түзүү ушул Кодекстин 567-статьясында каралган тартипте өз алдынча процесстик иш-аракет катары буюмдар менен документтерди алып коюуга ылайык ишке ашырылат. Карап - багуусунда турган жеке адамга же адамдарга зарыл болгон буюмзаттар камакка алынышы мүмкүн эмес. Мындай буюмзаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аркылуу аныкталат. Мүлктү камакка алуу жөнүндө токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы ошол камакка алынган мүлк кайда турушу керек экендигин аныктайт. Камакка алынган мүлктүн ысырап кылынышына, ажыратылышына же жашырылып коюлушуна жол берилбейт жана Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинде каралган жоопкерчиликке тартылат. Мындай мүлктү пайдаланууга ушул орган тарабынан жогору турган орган аныктаган тартипте коюлуучу талаптар жана чектөөлөр сакталган учурда гана уруксат берилет, аларды бузуу ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке кириптер кылат. Администрациялык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдын ыйгарым укуктуу банкттардын алыш-бериш эсебинде турган акчалай каражаттары камакка алынган учурда мындай алыш-бериш эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү токтотулат. Мүлктү камакка алуу, эгерде ушундай чараны колдонуунун мындан ары зарылдыгы болбой калса, ошол токтомду чыгарган адам тарабынан четке кагылышы мүмкүн. (КР 2004-жылдын 11-июнундагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5671-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-5671" title="5671-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>