235-статья. Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, адамдарды ташуунун эрежелерин бузушу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринин башка одоно бузулуулары
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39
Транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан жол белгилерин же жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандык, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун эрежелерин, жолдордун кесилишинен өтүү, жөө киши өтүүчү жерден өтүү, жолдун четинде, тротуарларда, жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдордо жана башка газондордо жүрүүнүн эрежелерин бузушу (ушул Кодекстин 20-главасында каралган учурларды кошпогондо) - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Тыгылыш болуп калган учурда жолдун кесилишине чыгуу же жолдордун жана көчөлөрдүн өтө турган бөлүгүн кесип өтүү, ал айдоочуну токтотууга аргасыз кылышы, туурасынан кетүүчү багытта транспорттук каражаттардын кыймылына тоскоолдук түзүшү, - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун транспорт каражатын токтотуу жана токтотмо жай талаптарын сактабоосу (ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо) - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Белгиленген талаптарды бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине транспорт каражатынын чыгышы - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Транспорттук каражаттын айдоочунун адамдарды ташуу боюнча белгиленген талаптарды бузушу - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Жол кыймылына тоскоолдук түзгөнү, токтотуу жана (же) автоктотмо жай (парковка) эрежелерин бузганы үчүн, ошондой эле транспорт каражаты жол-транспорттук кырсыкка катышкан учурда, айдоочусу (ээси) болбосо да транспорт каражатын атайын автотоктотмо жайга жеткирүү менен аны мажбурлап эвакуациялоого жол берилет. Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № 110, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
235-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 апреля 2016 года № 39 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 июля 2014 года № 110 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 142 "О внесении дополнений и изменений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 августа 2008 года № 185 "О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности"Редакцияларды салыштыруу
08.04.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жайга жеткирүү менен аны мажбурлап эвакуациялоого жол берилет.
кошулду: Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктүн блокираторлорун же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2014-жылдын 3-июлундагы № алынып салынды: 110 кошулду: 110, 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/6/st-235" title="235-статья - Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>