Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин программасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 апреля 2007 года №140 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-04-20.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 20-февралындагы № 140 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 23-декабры № 616
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы
тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо
боюнча конкреттүү иштеринин
программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев 2005-жылдын 15-октяб-
рындагы республикалык кењешмеде экономиканын ургаалдуу жана туруктуу
өсүшүн жана элдин жашоо дењгээлин жогорулатууну камсыздоо үчүн шарттар-
ды түзүү боюнча койгон артыкчылыктуу маселелерди чечүү максатында Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономи-
калык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин программасы;
- 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча
иш-чаралардын планы.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор:
- 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча
иш-чаралардын бекитилген планын эске алып өздөрү тейлеген багыттар бо-
юнча тийиштүү тармактык программаларды жана иш-чаралардын пландарын эки
аптанын ичинде иштеп чыгышсын жана аныкталган тартипте бекитишсин;
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн ке-
чиктирбей Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча иш-чаралар-
дын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет беришсин.
3. Облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаар-
ларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулары:
- 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча
иш-чаралардын бекитилген планын эске алып региондорду өнүктүрүү боюнча
тийиштүү программаларды жана иш-чаралардын пландарын иштеп чыгышсын жа-
на аныкталган тартипте бекитишсин;
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн ке-
чиктирбей Кыргыз Рсспубликасынын Экономика жана финансы министрлигине
региондорду өнүктүрүү боюнча 2006-жылга карата социалдык-экономикалык
өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет
беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги квар-
тал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбей
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2006-жылы тездетилген экономикалык
өсүштү камсыздоо боюнча көрсөтүлгөн программанын жана Иш-чаралардын
планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалымат берсин.
5. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Конституциялык мыйзамынын 13-статьясына жана "Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
203-статьясына ылайык аталган Программа жана 2006-жылы тездетилген эко-
номикалык өсүштү камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин кароосуна жиберилсин.
6. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри аталган
Программа жана 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо бо-
юнча иш-чаралардын планы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде ка-
ралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга да-
йындалсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын тийиштүү башкармалыктарына жана
бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (9)
- " Кыргыз Республикасында 2006-2008-жылдарда ишкердикти өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасы"(2006-жылдын 4-октябрындагы №716 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен…Программа · 04.10.2006 · № 716
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы №626 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2006-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жыйынтыктары…Постановление · 28.08.2006 · № 626
- План мероприятий по обеспечению ускоренного экономического роста в 2006 году (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 декабря 2005 года № 616)План · 23.12.2005 · № 616
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 140 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"Постановление · 20.04.2007 · № 140
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы №169 "2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2006-жылга милдеттер жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2006 · № 169 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тезтетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин ПРОГРАММАСЫ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын…Программа · 23.12.2005 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Программа «Национальная политика занятости населения Кыргызской Республики до 2010 года» (Одобрена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 17 августа 2006 года № 591)Программа · 17.08.2006 · № 591 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 384 " 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2006 · № 384 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 829 "Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2006-жылдын 9 айы үчүн Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.11.2006 · № 829 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декбрындагы №608 токтому менен бекитилген)Положение · 23.12.2005 · № 608
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-февралындагы № 112 "2006-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жана өз учурунда жүргүзүү боюнча чаралар…Постановление · 20.02.2006 · № 112 · Күчүн жоготкон