Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2006-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жана өз учурунда жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-02-20.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 20-февралы № 112
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылы Кыргыз Республикасында жазгы талаа
жумуштарын уюшкандыкта жана өз учурунда жүргүзүү
боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү күйүүчү-майлоочу материалдарга баа-
нын өсүшүнөн 2006-жылдын түшүмүнө күздүк себүүнү жүргүзүүнүн мезгилинде
республикада оор абал түзүлгөндүгүн белгилейт. Натыйжада күздүк дан
өсүмдүктөрүнүн себүү аянты жалпысынан республика боюнча 281,5 мињ гек-
тарды түздү, бул өткөн жылдын дењгээлинен 15,8 мињ гектарга аз. Муну
менен катар аба ырайынын ыњгайсыз жаратылыш шарттарынын натыйжасында
күздүк буудай себүүнүн кыйла бөлүгү начар чыгып, үшүк жүрүп кетти.
Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн себүүлөргө тандалган монолиттерди
анализдөө жалпысынан республика боюнча 45,4 мињ гектар күздүк дан
өсүмдүктөрүн себүүлөрдүн начар абалда экендигин айкындады.
Күздүктү кем себүүдөн жана коњтормо айдоонун азайышынан 2006-жылы
жазгы айдап-себүү 2005-жылга салыштырганда 14,9 мињ гектарга көбөйөт
жана 587,0 мињ гектарды түзөт, жаздык себүүнүн көлөмү 668,7 мињ гектар-
ды түзөт. Бул өткөн жылдын дењгээлине салыштырганда 28,4 мињ гектарга
ашыкча. Чыкпай калган күздүк себүүлөрдү кайра себүү мүмкүндүгүн эске
алганда бул цифралар кыйла көбөйүшү мүмкүн.
Жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө болжолдуу керектөө рес-
публиканын чарбакер субъекттеринде аларды өстүрүү аркылуу толукталат.
Бирок, 39,2 мињ тонна көлөмүндөгү жаздык буудай үрөндөрүнө керектөө 84
процентке гана канааттандырылат жана тартыштык 6,3 мињ тоннаны, жаздык
арпага - 20,1 мињ тоннаны же камсыздуулук 86 процентти (тартыштык - 2,9
мињ тонна), пахтага - 3,3 мињ тоннаны, камсыздуулук 85 процентти (тар-
тыштык - 0,5 мињ тонна) түзөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөнүнүн республикалык мамлекет-
тик үрөнчүлүк фондунда жаздык буудайдын 3,1 мињ тонна жана жаздык арпа-
нын 0,2 мињ тонна үрөнү топтолот. Мындан тышкары республиканын
үрөнчүлүк чарбаларында 3,2 мињ тонна жаздык буудайдын жана 1,0 мињ тон-
на жаздык арпанын үрөнү бар, алар дыйкандар жана фермерлерде финансылык
каражаттардын жоктугунан улам талап кылынбай калган.
Жогоруда аталган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн тартыштыгына
байланыштуу оор абал чыкпай калган күздүк мүмкүн болгон кайра себүү
үчүн кошумча 9,0 мињ тонна жаздык буудайдын үрөнүн издеп табуу зарылды-
гы менен да терењдөөдө.
Күздүк дан өсүмдүктөрүн себүүлөрдү азыктандыруу үчүн 48,0 мињ тон-
на азоттук минералдык жер семирткичтерди, ошондой эле жаздык дан
өсүмдүктөрүнүн үрөнүн тазалоо үчүн 40 тонна үрөн дарылагычтарды топтоо
зарыл.
2006-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу
материалдарга керектөө дизель отуну боюнча - 40 мињ тоннаны жана бензин
боюнча - 10,0 мињ тоннаны түзөт. Күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын
болжолдонгон дагы өсүшүнө байланыштуу дыйкандар менен фермерлердин, ай-
рыкча жаратылыштык-климаттык шарттары оор болгон алыскы жана бийик тоо-
луу райондогулардын керектөөлөрүн камсыздоо үчүн "Кыргыз Петролеум Ком-
пани" биргелешкен ишканасынын нефтини кайра иштетүүчү заводунун
өндүрүштүк кубаттуулуктарын болушунча иштетүү зарыл.
Республиканын машина-трактор паркы, анын ичинде жер айдоочу жана
себүүчү техникалар эскирип, көпчүлүк жерлерде аны жањылоону талап кы-
лат. Финансы каражаттарынын жетишсиздигинен жана запастык бөлүктөрүнүн
жоктугунан айыл чарба техникаларынын азыркы учурдагы даярдыгы: трактор-
лор жана соколор - 62 процентти, сеялкалар - 54 процентти, мала - 60
процентти жана культиваторлор - 35 процентти түзөт.
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрү 2006-жылы жазгы талаа
жумуштарын жүргүзүүдө аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2006-жылы жазгы талаа жумуштарын өз учурунда жана уюшкандыкта
жүргүзүү - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлигинин. жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, бардык тиешелүү минист-
рликтер менен ведомстволордун, республиканын айылдык товар
өндүрүүчүлөрүнүн биринчи кезектеги милдети болуп эсептелсин.
2. 2006-жылы жазгы талаа, жыйноо жана күзгү талаа жумуштарынын
бүткүл комплексин даярдоого жана жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди
оперативдүү чечүү боюнча № 1 тиркемеге ылайык курамда республикалык
штаб түзүлсүн.
Республикалык штабдын жумушчу органы катары Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аныкталсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары республиканын
бардык облустарында жана райондорунда тиешелүү штабдарды түзүү боюнча
иштерди уюштурушсун жана талаа жумуштарына даярдыктардын жүрүшү жана
аларды өткөрүү тууралуу республикалык штабга ар жума сайын маалымат бе-
рип турууну камсыз кылышсын.
4. Республиканын облустары менен райондорунун мамлекеттик адми-
нистрация башчылары:
- "2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн конкреттүү иш-аракеттеринин программасы
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-декабрындагы №
616 токтомун аткаруу максатында ("Айыл чарбасы" деген 6.2-бөлүмдүн
бөлүгүндө) Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлиги сунуш кылган № 2 тиркемеге ылайык себүү аянттары-
нын структурасын аткарууга алышсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте эки жу-
малык мөөнөттө менчиктин бардык формасындагы чарбакер субъекттерде бол-
гон жер айдоочу жана себүүчү айыл чарба техникаларын жана алардын даяр-
дыгына инвентаризация жүргүзүшсүн;
- 2006-жылы жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө өнөр жай, жол-курулуш
жана башка ишканалардын тракторлорун жана башка техникаларын өз ара
пайдалуу келишимдик шарттарда ишке тартышсын;
- талааларга органикалык жер семирткичтерди топтоо жана себүү бо-
юнча айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин
жүргүзүүнү камсыз кылышсын.
5. Айыл чарба техникаларын өз учурунда даярдоо, чарбакер субъект-
терди үрөн, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо кара-
жаттары (№ 3 тиркемеге ылайык), күйүүчү-майлоочу материалдар менен кам-
сыздоо, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактардын айыл чар-
ба өсүмдүктөрүн сугарууга даярдыгы, күздүк дан өсүмдүктөрүн оптималдуу
агротехникалык мөөнөттөрдө азыктандыруу, ошондой эле пайдаланылбай жат-
кан айдоо жерлерин болушунча ишке киргизүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик
администрация башчыларына жекече жоопкерчилик жүктөлсүн.
6. Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын мамлекеттик администра-
ция башчылары айлар боюнча (февраль, март, апрель, май) дизель отунун
берүүнүн конкреттүү көлөмдөрүн макулдашуу менен 2006-жылы жазгы талаа
иштерин жүргүзүүнүн мезгилине республиканын түштүк облустарынын айылдык
товар өндүрүүчүлөрүнө мүмкүн болгон төмөнкү баа боюнча дизель отунун
берүүгө карата "Кыргыз Петролеум Компани" биргелешкен ишканасынын же-
текчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшсүн.
7. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомуна "Кыргыз Петролеум
Компани" биргелешкен ишканасынын жетекчилиги менен Ысыккөл жана Нарын
облустарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө сатуу үчүн 3,0 мињ тонна
көлөмүндө дизель отунун 2006-жылдын апрелинде Балыкчы шаарына жеткирүү
мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу сунуш кылынсын.
8. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы минист-
рлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жана жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мам-
лекетгик үрөнчүлүк фондунда бюджеттик ссуда, чет өлкөлүк кредиттер бо-
юнча, анын ичинде Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча берилген
кредитгер боюнча карыздарды жоюу эсебине үрөнчүлүк чарбалары жана башка
чарбакер субъекттер тапшырган жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн №
4 тиркемеге ылайык көлөмдө Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы са-
ясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик белгилеген
баа боюнча топтоону камсыз кылсын;
- "Мамлекет тарабынан товардык жана финансылык жардам катарында
алынуучу же тартылган мамлекеттик кредиттердин эсебинен сатып алынуучу
минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдү
коргоо каражаттары жана башка материалдыктехникалык ресурстар түрүндө
товардык кредиттерди берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жыддын
15-ноябрындагы № 670 токтому менен бекитилген тартипте 2006-жылдын
1-декабрына чейин төлөө мөөнөтү менен 2006-жылдын түшүмүнөн айылдык то-
вар өндүрүүчүлөрдү кийинки процентсиз товардык кредиттөө үчүн жогоруда
көрсөтүлгөн үрөндү пайдалансын.
9. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- 3,2 мињ тонна көлөмүндө жаздык буудайдын райондоштурулган сорт-
торунун үрөнүн республиканын ичинде сатып алууга - 36 млн. сом, 1,6 мињ
тонна көлөмүндө жаздык арпанын үрвнүнө - 10 млн.сом, ошондой эле ата
мекендик өнөр жай ишканалары чыгарпш айыл чарба шаймандарын жана айыл
чарба техникасына запастык бөлүктөрдү сатып алууга - 5 млн. сом белсүн;
- артыкчылыктуу жана келечектүү айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүлөрдү
көбөйтүү үчүн мыкты чет өлкөлүк селекциялык жетишкендиктерди өндүрүшкө
киргизүү жана алдыњкы тажрыйбаларды пайдалануу максатында пахтанын бол-
гар селекциясындагы келечектүү сортторунун үрөнүн чет өлкөлөрдөн тен-
дердик негизде сатып алууга 1,2 млн. сом, беларусь селекциясындагы фе-
чиха үрөнүнө - 2 млн. сом жана жаздык рапстын урөнүн сатып алууга - 5
млн. сом бөлсүн;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин Суу чарба департаментинин суу чарба объектгеринин
оњдоо-калыбына келтирүү иштерин биринчи кезекте каржылоону камсыз кы-
лып, каржылоонун жылдык көлөмүнүн 70 проценти өлчөмүндөгү каражатгарды
2006-жылдын I кварталында бөлүүнү карасын;
- 2006-жылга республиканын мамлекеттик бюджетинде мамлекеттик на-
состук станциялар, скважиналар тарабынан керектелүүчү электр энергиясы-
на төлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин
өндүрүштүк-тиричиликтик муктаждыктарына 150,0 млн. сом суммасында
(КНСти кошпогондо) каржылоону карасын;
- 2006-жылы төмөнкүлөргө республикалык бюджеттен каражат бөлүүнү
карасын:
а) сугарылуучу жалпы аянты 17,4 мињ гектар болгон 133 чарба ичин-
деги станционардык насостук станцияларды толук калыбына келтирүүгө -
32,2 млн. сом, ошондой эле аларды эксплуатациялоого - 7,7 млн. сом,
анын ичинде электр энергиясына төлөөгө - 4,5 млн. сом;
б) айыл өкмөттөрүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаменти
кабыл алган жана чарбакер субъекттерге таандык болбогон 2443 км коллек-
тордук-дренаждык тармактарды эксплуатациялоого жана оњдоо-калыбына кел-
тирүү иштерине 104,5 млн.сом;
- Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча берилген товардык
кредиттер жагындагы карыздарды айыл чарба товар өндүрүүчүлөр тарабынан
төлөө эсебине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында топтолгон акча
каражаттарын айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн пайдаланууну япон
тарап меиен макулдашуу жол-жобосун тездетсин.
10. Төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогоруда көрсөтүлгөн
үрөндөрүн белгиленген тартипте сатып алууну жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна республиканын үрөнчүлүк
чарбаларынан жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн Кыргыз Республика-
сынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча
улуттук агенттик белгилеген баа боюнча үрөн тазалоочу техникалар жана
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү түрүндө Өнүктүрүүнүн эл аралык
агенттигинин (ӨЭА) линиясы боюнча берилген товардык кредиттер боюнча
карыздарды жоюу эсебине кабыл алууга жана алар менен күрөөлүк камсыздоо
аркылуу карыз милдеттенмелерин тариздөөгө.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-
пекциясы быйылкы жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде айыл-
дык товар өндүрүүчүлөр тарабынан республикага 5 тоннага чейинки өлчөмдө
минералдык жер семирткичтерди, 1 тоннага чейин өсүмдүктөрдү коргоо ка-
ражаттарын жана 500 литрге чейин дизель отунун бажылык тариздөөнүн
жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу боюнча алып келүүгө өзгөчө тартипте уруксат
берсин.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- учурдагы жаздык себүүнү жүргүзүүнүн аныкталган программасын ат-
каруу максатында төмөнкүлөрдү белгиленген тартипте брондон чыгарсын:
а) № 5 тиркемеге ылайык жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө,
күйүүчү-майлоочу материалдарга, минералдык жер семирткичтерге,
өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына жана запастык бөлүктөргө алмашуу мак-
сатында кийин айылдык товар өндүрүүчүлөрдү товардык кредиттөө үчүн 20,0
мињ тонна азык-түлүк буудай данын;
б) № 6 тиркемеге ылайык жаратылыштык-климаттык шарттары оор алыскы
жана бийик тоолуу райондордун айылдык товар өндүрүүчүлөрүн кийин товар-
дык кредиттөө үчүн 5 мињ тонна дизель отунун (топтолушуна жараша);
- Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-
тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик менен бирдикте брондон чыгарыл-
ган азык-түлүк буудай данын жана дизель отунун сактоо боюнча кызмат
көрсөтүүлөр үчүн орду толтурулууга тийиш болгон чыгымдардын суммасын
белгиленген тартипте аныктасын.
13. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду "Мамлекет тарабынан товардык
жана финансылык жардам катарында алынуучу же тартылган мамлекеттик кре-
диттердин эсебинен сатып алынуучу минералдык жер семирткичтер,
күйүүчү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана баш-
ка материалдык-техникалык ресурстар түрүндө товардык кредиттерди
берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү туу-
ралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-ноябрындагы №
670 токтомунда белгиленген тартипте 2006-жылдын 1-декабрына чейин төлөп
берүү мөөнөтү менен алуучулар менен төмөнкүлөргө кредиттик жана
күрөөлүк келишимдерди түзсүн:
- 2006-жылдын түшүмүнөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана айыл
чарба инвентарлары түрүндө процентсиз товардык кредиттерге;
- кайтарып берүүдө сактоого кызмат көрсөтүүлөр үчүн кеткен чыгым-
дарды эске алуу менен айыл чарба буудай данына жана дизель отунуна.
14. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаш-
тыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл,
суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана "Кошой" жана
"Кайыњды-Кант" акционердик коомдору менен бирдикте 2006-жылдын
түшүмүнөн кант кызылчасын кабыл алууга жана кайра иштетүүгө кызылчачы-
лар үчүн алгылыктуу шарттарда келишимдерди иштеп чыксын жана 2006-жыл-
дын 10-февралына чейинки мөөнөттө аларды жалпыга маалымдоо каражатта-
рында жарыяласын.
15. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрли-
ги:
- Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен бирдикте жазгы талаа жумушта-
рын жүргүзүүдө айыл чарба техникасынын үзгүлтүксүз иштеши үчүн № 7 тир-
кемеге ылайык көлөмдө күйүүчү-майлоочу материалдарды алып келүүнү жана
республиканын региондорунда топтоону камсыздасын;
- республиканын өнөр жай ишканаларында айыл чарба техникасынын за-
пастык бөлүктөрүн, түйүндөрүн жана агрегаттарын даярдоону, чакан меха-
низация каражаттарын чыгарууну жөнгө салуу боюнча тиешелүү уюштуруу ча-
раларын көрүшсүн.
16. Төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" жабык типтеги акционер-
дик коомуна жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн айылдык товар
өндүрүүчүлөргө кредитти артыкчылыктуу тартипте берүү;
- "Кыргызайылтехсервис лизингдик компаниясы" ачык акционердик коо-
муна жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде айылдык товар
өндүрүүчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын көлөмдөрүн жана түрлөрүн
кењейтүү.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жа-
на кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин су-
роо-талаптарына ылайык электр энергияны керектөө лимитин бекитсин.
18. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
19. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-
тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20-февралындагы № 112
токтомуна № 1 тиркеме
2006-жылы жазгы талаа, жыйноо жана күзгү талаа
жумуштарынын бүткүл комплексин даярдоого жана жүргүзүүгө
байланыштуу маселелерди оперативдүү чечүү боюнча
республикалык штабдын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министри - штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министринин би-
ринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр
жай комплекси жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укукту
каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюн-
ча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караш-
туу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспек-
циясынын директору;
"Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы" жабык типтеги акционердик
коомунун аткаруучу директору;
Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти
(макулдашуу боюнча);
"Кыргызнефтегаз" ААКынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюн-
ча);
"Кыргызайылтехсервис лизинг компаниясы" ААКынын президенти (макул-
дашуу боюнча);
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чар-
ба маселелерин тейлөөчү орун басары;
Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба масе-
лелерин тейлөөчү орун басары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба
маселелерин тейлөөчү орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба ма-
селелерин тейлөөчү орун басары.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20-февралындагы № 112
токтомуна № 2 тиркеме
2006-жылга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги
сунуш кылган айыл чарба өсүмдүктөрүн
себүү аянттарынын
СТРУКТУРАСЫ
(мињ. га)
| Өсүмдүктөрдүн | Респуб- | анын ичинде облус ар боюнча | ||||||
| аталышы | лика | ----------------------------------------------- | ||||||
| боюнча | Баткен | Жалал- | Ысыккөл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | |
| абат | ||||||||
| Айдоо аянты | 1171,4 | 59,2 | 153,1 | 187,2 | 101,4 | 171,8 | 104,9 | 384,3 |
| Дан эгиндер- | 657,4 | 38,7 | 67,9 | 10,1 | 41,6 | 100,7 | 60,4 | 238,0 |
| дин бардыгы | ||||||||
| анын ичинде | 440,0 | 25,0 | 45,7 | 85,6 | 28,0 | 80,1 | 27,3 | 148,3 |
| буудай | ||||||||
| жүгөрү | 78,5 | 6,5 | 19,0 | 14,0 | 9,0 | 30,0 | ||
| арпа | 106,7 | 3,2 | 0,9 | 24,5 | 13,5 | 4,5 | 2,0 | 57,5 |
| машбуурчак | 25,4 | 2,0 | 0,5 | 0,2 | 0,2 | 22,0 | 0,7 | |
| башкалар | 1,8 | 0,6 | 0,1 | 0,1 | 0,95 | |||
| Кант | 25,0 | 4,0 | 21,0 | |||||
| кызылчасы | ||||||||
| Пахта | 47,5 | 1,5 | 31,0 | 15,0 | ||||
| Тамеки | 6,1 | 0,8 | 0,5 | 4,8 | 0,03 | |||
| Майөсүмдүгү | 88,5 | 5,5 | 30,0 | 1,5 | 0,5 | 26,0 | 5,0 | 20,0 |
| Картошка | 78,0 | 2,0 | 6,2 | 32,3 | 6,5 | 7,5 | 12,5 | 11,0 |
| Жашылча | 43,3 | 2,4 | 6,5 | 2,5 | 0,8 | 6,0 | 4,5 | 20,0 |
| Бахча | 5,1 | 0,3 | 1,1 | 1,5 | 2,2 | |||
| өсүмдүгү | ||||||||
| Тоют өсүмдүгү | 217,0 | 8,0 | 9,5 | 40,0 | 52,0 | 10,0 | 17,5 | 80,0 |
| Мөмө-жемиш | 41,1 | 8,2 | 6,3 | 7,5 | 0,1 | 6,6 | 2,3 | 10,1 |
| Жүзүм | 7,0 | 3,0 | 1,3 | 0,008 | 0,6 | 2,1 | 2,1 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20-февралындагы № 112
токтомуна № 3 тиркеме
2006-жылы күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн
азыктандыруу үчүн жер семирткичтерге жана жаздык
себүү үчүн үрөндү дарылагычтарга айылдык
товар өндүрүүчүлөрдүн
КЕРЕКТӨӨСҮ
| Облустар | Азоттук жер семирткич | Кылкандуу дан эгиндеринин | ||||
| үрөнүн дарылоочулар | ||||||
| Керектөө | Колдо | Алып | Керектөө | Колдо | Алып | |
| физикалык | болгону | келүү | тонна | болгону | келүү | |
| салмакта, | тонн | керек, | тонн | керек, | ||
| тонна | тонн | тонн | ||||
| Баткен | 2560 | 65 | 2495 | 4 | - | 4 |
| Жалалабат | 4760 | - | 4760 | 6 | 0,4 | 5,6 |
| Ысыккөл | 2900 | 18 | 2882 | 14,5 | 0,2 | 14,3 |
| Нарын | - | - | - | 17,5 | 0 | 17,5 |
| Ош | 9560 | 1200 | 8360 | 6 | 0 | 6 |
| Талас | 2750 | - | 2750 | 1 | - | 1,0 |
| Чүй | 20390 | 1000 | 19390 | 12 | 12,0 | - |
| Республика | 42920 | 2283 | 40637 | 61 | 12,6 | 48,4 |
| боюнча |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20-февралындагы № 112
токтомуна № 4 тиркеме
Бюджеттик ссудалар жана чет влкөлүк кредиттер, анын
ичинде Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча
берилген кредиттер боюнча үрөнчүлүк жана башка
чарбакер субъекттердин карыздарды төлөө боюнча колдо
болгон мүмкүнчүлүктерүнүн эсебине 2006-жылы жаздык
себүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу
үрөнүн республикалык мамлекеттик үрөнчүлүк
фондуна топтоо боюнча
ТАПШЫРМА
| Облустар | Өсүмдүктөр | Үрөндүн | Анын ичинде карыздарды | |
| көлөмү, | төлөө эсебине: | |||
| тонна | ||||
| Япония Өкмөтүнүн | бюджеттик | |||
| гранттары боюнча, | ссудалар | |||
| тонна | боюнча, тонна | |||
| Жалалабат | жаздык | 1012 | 962 | 50 |
| буудай | ||||
| Ысыккөл | жаздык | 734,0 | 657,5 | 76,5 |
| буудай | ||||
| Ысыккөл | жаздык арпа | 29 | 29 | - |
| Нарын | жаздык | 778 | 668 | 110 |
| буудай | ||||
| Нарын | жаздык арпа | 144 | 139 | 5 |
| Чүй | жаздык | 544 | 500 | 44 |
| буудай | ||||
| Чүй | жаздык арпа | 71 | 44 | 27 |
| жүгөрү | 40 | 40 | - | |
| Республика | жаздык | 3073 | 2792,5 | 280,5 |
| боюнча | буудай | |||
| жаздык арпа | 244 | 212 | 32 | |
| жүгөрү | 40 | 40 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20-февралындагы № 112
токтомуна № 5 тиркеме
2006-жылы жаздык себүүнү жүргүзүүнүн белгиленген
программасын аткаруу үчүн кийин үрөнгө, ГСМге, минералдык
жер семирткичтерге жана запастык бөлүктөргө алмашуу үчүн
мамлекеттик резервден бөлүнүүчү азык-түлүк буудай данын
БӨЛҮШТҮРҮҮ
(тонна)
| Облустар | Бөлүнүүчү азык-түлүк буудай |
| данынын көлөмү | |
| Баткен | 2000 |
| Жалалабат | 2000 |
| Ысыккөл | 4000 |
| Нарын | 3500 |
| Ош | 2000 |
| Талас | 2000 |
| Чүй | 4500 |
| Республика боюнча | 20000 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20-февралындагы № 112
токтомуна № 6 тиркеме
2006-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүм
жаратылыштык-климаттык шарттары оор алыскы жана бийик
тоолуу райондордун айылдык товардык өндүрүүчүлөрүнө товардык
кредит түрүндө мамлекеттик резервден бөлүнүүчү дизель отунун
(топтолушуна жараша)
БӨЛҮШТҮРҮҮ
(тонна)
| Облустар | Бөлүнүүчү дизель отунунун саны |
| Баткен | 500 |
| Жалалабат | 600 |
| Ысыккөл | 1000 |
| Нарын | 1200 |
| Талас | 500 |
| Ош | 500 |
| Чүй | 500 |
| Республика боюнча | 5000 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 20-февралындагы № 112
токтомуна № 7 тиркеме
2006-жылы жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү
үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарга айылдык
товар өндүрүүчүлөрдүн
КЕРЕКТӨӨСҮ
(тонна)
| Облустар | Дизель отуну | Бензин | Дизель майы | Автол |
| Баткен | 2000 | 500 | 82 | 20 |
| Жалалабат | 6400 | 1600 | 270 | 68 |
| Ош | 5600 | 1400 | 236 | 59 |
| Нарын | 3100 | 800 | 128 | 32 |
| Ысыккөл | 7700 | 1900 | 322 | 81 |
| Талас | 4300 | 1100 | 177 | 44 |
| Чүй | 10900 | 2700 | 442 | 110 |
| Республика боюнча | 40000 | 10000 | 1657 | 415 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 384 " 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2006 · № 384 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы №606 "2006-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине коюу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2006 · № 606 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 15 ноября 2000 года N 670 " Об утверждении Типового положения о порядке выдачи и распределения товарных кредитов в виде минеральных удобрений…Постановление · 15.11.2000 · № 670 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2006-жылдын 10-мартында жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын башчылары менен болгон республикалык кеңешмеде Кыргыз Республнкасынын Президенти тарабынан коюлган милдеттерди…План · 28.04.2006 · № 318
- Типовое положение о порядке выдачи и распределения товарных кредитов в виде минеральных удобрений, горюче-смазочных материалов, средств защиты растений и других…Положение · 15.11.2000 · № 670
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү…Постановление · 23.12.2005 · № 616 · Күчүн жоготкон