Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 23-декбрындагы №608
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №128 токтомунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин (мындан
ары - Маданият министрлиги) ишмердигинин укуктук жана уюштуруучулук
негизин аныктайт.
2. Маданият министрлиги аткаруучу бийлик системасындагы мамлекеттик
орган болот жана театр, музыка, хореография, сүрөт, декорациялык-
колдонмо, эстрада, цирк искусстволорун, маданий бош убакытты,
китепкана менен музей иштерин, тарыхый, археологиялык эстеликтерди
реставрациялоо жана пайдалануу, имарат куруу жана архитектура иштерин
координациялоо, каржылоо, окутуу, маалыматтык, укуктук,
консультациялык, басма жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган ишкердиктин башка түрлөрүн каржылоо жолу менен маданият,
искусство, адабий чыгармачылык тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат
жүргүзөт.
3. Маданият министрлиги өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз
Республикасынын Президентинин буйруктарына жана жарлыктарына, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарына, ошондой эле
ушул Жобого таянат.
4. Маданият министрлиги юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин казначылык
системасында өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана өзүнө
бекитилген мүлкү бар.
5. Маданият министрлигинин мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы
жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн
мөөрү, штампы жана бланктары бар.
II. Маданият министрлигинин негизги милдеттери
6. Маданият министрлигинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр
эсептелет:
- мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердигин координациялоо жолу менен
улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын негизинде инсандын ар
тараптуу калыптанышы жана жетилишине багытталган маданият, искусство
жана адабиятты өнүктүрүү үчүн натыйжалуу иштеген системаны түзүү;
- келечектеги муундар үчүн маданий баалуулуктарды сактап калуу жана
өнүктүрүү;
- ата-мекендин жана дүйнөлүк маданияттын байлыктарына элдин калыњ
катмарын тартуу, маданият, искусство жана адабият чыгармачылыгынын
жетишкендиктерин пайдаланууга жарандар мүмкүнчүлүк алуу үчүн шарттарды
түзүү;
- кыргыз улуттук маданиятынын ар тараптуу өнүгүшүнө, республикада
жашаган элдердин улуттук маданиятынын өз ара байышына көмөк көрсөтүү;
- элдик салттарды, үрп-адаттарды жана адеп-ахлактык нормалардын
кайра жаралуусун камсыздоо;
- маданият жана искусство чөйрөсүндө тейлөө сапатын камсыз кылуу;
- маданият жана искусство уюмдарынын туруктуу өнүгүшүн камсыз
кылуу;
- улуттук библиографияны өнүктүрүүгө мезгилдүү басылмалардын жана
улуттук басма сөздүн толук эсебин алууга жана контролдоо жүргүзүүгө,
басма иштеринде улуттук жана эл аралык стандарттарды киргизүүгө
көмөктөшүү.
III. Маданият министрлигинин функциялары
7. Маданият министрлиги өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу
максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- маданиятты, искусствону жана адабиятты өнүктүрүү жаатында
бирдиктүү мамлекеттик саясаттын стратегиялык багытын иштеп чыгат;
- маданият, искусство жана адабият чөйрөсүн ар тараптуу өнүктүрүү
үчүн шарттарды түзөт;
- бекитилген тартипте ведомствого караштуу ишканаларды, мекемелер
менен уюмдарды каржылайт, алардын финансылык-экономикалык ишмердигине,
финансылык, материалдык жана эмгек ресурстарынын тиешелүү
пайдаланылышына контроль жүргүзөт;
- белгиленген тартипте маданият органдары менен мекемелеринин
финансылык-чарбалык ишмердигинин эсебин жана отчетун, аларды тийиштүү
органдарга тапшыруусун камсыз кылат;
- маданият тутумундагы органдар менен уюмдардын материалдык-
техникалык ресурстарга болгон муктаждыгын аныктайт, аларды тескейт
жана аларды пайдалангандыгы үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик
тартат;
- программалык бюджеттөөнүн негизинде ведомствого караштуу
мекемелердин чыгымдоо сметасын карайт жана аларды бекитет;
- ведомствого караштуу мекемелердин жоболорун, түзүмүн жана штаттык
орундардын санын бекитет, жетекчи кызматкерлердин кызматтык
маяналарынын схемасынын сакталышына байкоо жүргүзөт;
- маданият жана искусство тармагында илимий изилдөөлөрдүн
натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын натыйжаларын ишке киргизүү боюнча
чараларды иштеп чыгат жана иш жүзүнө ашырат, илимий жана окуу
адабияттарын чыгарууну камсыз кылат;
- ведомствого караштуу мекемелердин ишмердигин өркүндөтүү, калктын
маданияттык зарылчылыгына мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча
маданияторгандарына жардам көрсөтөт;
- маданият, искусство жана адабиятты өнүктүрүү маселелери боюнча
министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик
ведомстволордун, жергиликтүү мамадминистрациялардын, коомдук уюмдар
жана чыгармачыл бирликтердин ишмердигин координациялайт;
- маданий баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө контроль
жүргүзөт, аларга жарандардын бирдей жетишүүсүн камсыз кылат,
жарандардын эркин көркөм чыгармачылыгына жана өзүн көрсөтүүсүнө жардам
көрсөтөт;
- улуттук маданий мурастарды коргоо тартибин аныктайт, мамлекетгак
жана жеке менчикте болгон маданият чыгармаларынын эсебин жүргүзөт,
алардын мыйзамда белгиленген тартипте сакталышы боюнча чара көрөт;
- мыйзамда белгиленген тартипте музыкалык, көркөм мектептерге жана
искусство мектептерине жетекчилик жүргүзөт;
- мамлекеттик администрациялар менен бирге маданият жана искусство
объектилерин долборлоо жана капиталдык ремонт жүргүзүү, жањы
курулуштарды жайгаштыруу маселелеринде бирдиктүү саясат жүргүзөт;
- маданият жана искусство мекемелерин капиталдык ремонттоо,
модернизациялоо, техникалык жана технологиялык дењгээлдерин
жогорулатуу иштерин уюштурат;
- ведомствого караштуу органдар менен мекемелердин, маданиятты
башкаруунун аймактык органдардын, материалдык-техникалык ресурстарга
болгон муктаждыгын аныктайт, аларды тескейт жана аларды пайдалан-
гандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
IV. Маданият министрлигинин ыйгарым укуктары
8. Маданият министрлиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:
- маданият жана искусствонун бардык ведомствого караштуу
органдары менен мекемелери милдеттүү түрдө аткаруу үчүн ведомстволук
нормативдик укуктук актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган
облустук, Бишкек, Ош шаарларынын маданият бөлүмдөрүнүн, республикалык
маданият жана искусство мекемелеринин актыларын жокко чыгарат;
- маданият менен искусствонун ведомствого караштуу органдарынын
жана мекемелеринин ишмердигине мыйзамда берилген укуктардын чегинде
контроль жүргүзөт;
- Маданият министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча
облустук, Бишкек, Ош шаардык маданият бөлүмдөрүнөн, республикалык
маданият жана искусство мекемелеринен жана башка түзүмдөрдөн
маалыматтарды, отчетторду, статистикалык маалыматтарды алат;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик
ведомстволор иштеп чыккан маданият жана искусство маселелерине
тиешелүү нормативдик укуктук актылардын долбоорун макулдашат;
- мыйзамда аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча
маданият жана искусствону өнүктүрүү жаатында эл аралык, өкмөттөр
аралык, ведомстволор аралык келишимдерди (макулдашууну) түзөт;
- таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер, башка башкаруунун
борбордук аткаруу органдары менен биргелешип маданият жана искусствону
өнүктүрүү жаатында максаттуу эл аралык, республикалык жана региондук
программаларды иштеп чыгууга катышат жана аларды ишке ашырат;
- таламдаш министрликтер, мамлекеттик комитеттер, башка мамлекеттик
органдар, иш берүүчүлөр жана башка социалдык өнөктөр
менен кадрларды даярдоо үчүн керектүү кесиптердин жана адистердин
тизмесин макулдашат;
- Маданият министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча
эл аралык фестиваль, кароолорду, конкурс, кењешме, семинар жана
конференцияларды уюштурат;
- республикалык баланстагы маданият менен искусствонун ведомствого
караштуу органдары менен мекемелеринин чыгымдоо сметасын карайт жана
бекитет, анын аткарылышын камсыздайт;
- Маданият министрлигинин борборлоштурулган иш-чараларын өткөрүүнү
иштеп чыгат жана бекитилген сметаларды аткарат;
- эмгек акылардын белгиленген фондусунун чегинде маданият менен
искусствонун ведомствого караштуу органдары менен мекемелеринин
штаттык ордун аныктайт жана бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Маданият
министрлиги бекиткен кызматтардын номенклатурасына ылайык маданият
жана искусство органдары менен мекемелеринин кызматкерлерин ишке кабыл
алат жана бошотот;
- белгиленген тартипте ведомствого караштуу ишкана, мекеме жана
уюмдарды каржылайт, алардын финансылык чарбалык ишмердигине,
финансылык, материалдык жана эмгек ресурстарынын пайдаланылышына,
эмгекти уюштуруунун прогрессивдүү форма менен ыкмаларын киргизүүсүнө
контроль жүргүзөт;
- эмгек акы жана материалдык сыйлыктардын азыркы шарттарда туура
колдонулушун камсыз кылат жана контролдойт, жетекчи кызматкерлердин
кызматтык маяналарынын схемасын колдонуу менен эмгек акы фонддорун
жана сыйлык фонддорунун чыгымдалышын контролдойт;
- маданият жана искусство кызматкерлерине сыйлоонун тармактык
системасын иштеп чыгат жана бекитет;
- ведомствого караштуу мекемелердеги жана маданиятты башкаруу
органдарындагы кадрлардын курамын, алардын резервин түзүүгө контроль
жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте
ведомствого караштуу мекемелердин жана маданиятты башкаруу
органдарынын кызматкерлерин аттестация жана кесиптик экзаменден
өткөрөт;
- маданият жана искусствонун ведомствого караштуу мекемелерине
«Улуттук», «Академиялык» статусун ыйгаруу боюнча белгиленген тартипте
сунуштарды киргизет;
- Маданият министрлигинин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча
калкка маалымат берүүнү жүргүзөт, маданият жана искусство системасына
методикалык жана кењеш берүү тейлөөлөрүн камсыз кылат;
- менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында
түзүлгөн концерттик оюн-зоок жамааттарын эсепке алууну жана каттоону
жүргүзөт;
- маданият чөйрөсүндө бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын
чыгымдалышын контролдойт жана эсебин алат.
V. Маданият министрлигинин ишин уюштуруу
9. Маданият министрлигин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин макулдугу
менен Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган министр жетектейт.
10. Министрдин статс-катчысы жана эки орунбасары болот.
Статс-катчыны кызматка Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу
жана министрдин макулдугу менен менен Кыргыз Республикасынын Премьер-
министри дайындайт жана кызматтан бошотот. Статс-катчынын милдеттери
менен ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш бекиткен статс-
катчы жөнүндөгү жобо менен аныкталат. Министр статс-катчыга башка иш
милдеттер менен ыйгарым укуктарды жүктөшү да мүмкүн.
Министрдин орунбасарларын министрдин сунушу боюнча Кыргыз
Республикасынын Премьер-министри дайындайт, алар министрге түздөн түз
баш ийет жана ишмердигин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишке
ашырат.
11. Маданият министри:
- Маданият министрлигине жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- Маданият министрлигине жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке
жоопкерчилик тартат;
- буйруктарга кол коет, ведомстволук нормативдик укуктук актыларды,
эрежелерди, жоболорду, нускамаларды бекитет;
- аларга тапшырылган иш участогуна жооптуу министрдин орун
басарларынын, cтатс-катчысы,Маданият министрлигинин түзүмдүк бөлүктө-
рүнүн жетекчилеринин милдеттерин бөлүштүрөт;
- ведомствого караштуу мекемелерге жана аймактык органдарга
методикалык жетекчиликти жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
- белгиленген тартипте өзгөчө айырмаланган маданият кызматкерлерин
мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт, материалдык жана
моралдык сыйлоонун башка чараларын колдонот;
- маданият жана искусствону башкаруунун ведомствого караштуу
уюмдары менен аймактык органдарынын жетекчилеринин кызмат орундарынын
номенклатурасына ылайык белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана
бошотот;
- маданият министрлигинин компетенциясына кирген маселелер боюнча
эл аралык келишимдерге (макулдашууларга) жана программаларга өзүнүн
ыйгарым укугунун чегинде чет өлкөлүк өнөктөр менен сүйлөшүүлөрдү
жүргүзөт жана кол коет;
- маданияттын ведомствого караштуу органдары менен мекемелеринин
кызматтык номенклатурасын аныктайт жана бекитет, алардын иш
милдеттерин аныктайт;
- белгиленген тартипке ылайык маданият менен искусствонун
ведомствого караштуу органдарын жана мекемелерин түзөт, кайра уюштурат
жана жоет;
- ведомствого караштуу мекемелер жана уюмдардын, аймактык маданият
бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келген буйруктары
менен нускамаларын жокко чыгарат;
- эмгек акынын белгиленген фондусунун чегинде ведомствого караштуу
уюмдардын, мекемелердин түзүмүн жана штаттык орундарынын санын
бекитет;
- Маданият министирлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлерин,
ошондой эле белгиленген тартипте Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери,
мамлекеттик администрацияларынын башчылары менен макулдашуу боюнча
маданият менен искусствонун облустук, шаардык органдары менен
уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- маданият менен искусствону өнүктүрүү тармагында өкмөттөр аралык
макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана
тапшырмасы боюнча кол коет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ага берилген башка ыйгарым
укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Маданият министрлигинде 11 адамдан турган коллегия түзүлөт,
анын курамына кызматы боюнча министр (коллегиянын төрагасы),
статс-катчысы, министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Пре-
мьер-министринин Аппаратынын өкүлү, искусство жана маданият ишмер-
лери, ошондой эле Маданият министрлигине караштуу органдар менен
уюмдардын башка жетекчи кызматкерлери кирет.
13. Маданият министрлигинин коллегиясынын жеке курамы министрдин
сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
бекитилет.
14. Маданият министрлигинин коллегиясы маданият жана искусствону
өнүктүрүүнүн негизги маселелерин карайт, Маданият министрлигинин
борбордук аппаратындагы башкармалыктар менен бөлүмдөрүн, ведомствого
караштуу органдар менен мекемелердин жетекчилеринин алардын ишин
уюштуруу, коллегиянын чечимдерин аткарууну контролдоо боюнча
отчетторун угат.
15. Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк
добушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар тењ болуп калса, төрага
добуш берген чечим кабыл алынат. Бул чечимге макул болбогон коллегия
мүчөлөрү өздөрунүнүн пикирин жазуу түрүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө билдире алышат. Коллегиянын чечими министрдин буйругу менен
ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-февралындагы №128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 608 «Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери»…Постановление · 28.02.2006 · № 128 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №608 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 23.12.2005 · № 608 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 641 токтому менен бекитилген)Положение · 08.09.2006 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү…Постановление · 23.12.2005 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минкултьинформации КР от 22 февраля 2007 года № 55 "Об утверждении Положения"Приказ · 22.02.2007 · № 55 · Күчүн жоготкон