Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2006-жылга милдеттер жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 апреля 2007 года №140 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-04-20.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2000-жылдын 20-февралындагы № 140 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-марты, №169
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жыл үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
жыйынтыктары жана 2006-жылга милдеттер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өткөн жылдын башкы окуясы элдин жана
оппозициялык саясий күчтөрдүн чыгууларынын натыйжасында авторитардык
жана коррупциялашкан режимдин кулашы болуп саналгандыгын белгилейт.
Кыргызстандын алдында демократияны калыбына келтирүү, экономиканы
эркин өнүктүрүү жана ар бир кыргызстандыктын татыктуу жашоого укугун
ишке ашыруу үчүн кењири мүмкүнчүлүк ачылды.
2005-жылдын 24-мартынан кийин жањы Өкмөт ар күндүк кечиктирилгис
милдеттерди чечүү менен иш жүргүзүүгө мажбур болду. Мында негизги
максат социалдык туруктуулукту, укуктук тартипти, калктын
коопсуздугун, аткаруу бийлик органдарынын нормалдуу иштешин камсыздоо
эле.
Саясий окуялар өлкөбүздүн экономикасына таасир тийгизбей койгон
жок. Отчеттук жылда ИДПнын өсүшү 105 процент дењгээлиндеги
болжолдонгон өсүштүн ордуна 99,4 процентти түздү. Бирок, көрүлгөн
чаралардын аркасында кескин экономикалык төмөндөөгө жол берилбей,
макроэкономикалык туруктуулукту сактоого жана мамлекеттин бардык
социалдык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө мүмкүн болду. 2005-жылы
инфляция 4,9 процентти түздү. Сомго карата доллардын алмашуу курсунун
динамикасы туруктуу бойдон калып, сом 2005-жылдын ичинде 0,8 процентке
бекемделди жана 2005-жылдын декабрынын аягында эсептик алмашуу курсу
АКШнын 1 долларына 41,3 сомду түздү.
Банк системасында коммерциялык банктардын депозиттерин көбөйтүүгө
карата дурус тенденциялар сакталды. Алсак, 2005-жылдын башынан бери
депозиттердин көлөмү 59,1 процентке өскөн, мында берилген кредиттердин
көлөмү 32,8 процентке өскөн. Ошону менен бирге жањы кредиттер боюнча
жылдык орточо проценттик ставка али да болсо жогору - 19,2 процент
дењгээлинде (2004-жылы - 20,6%) калууда, бул ишканалар үчүн карыз алуу
мүмкүндүгүн чектейт.
Тышкы соода жүгүртүүсү 2005-жылы АКШнын 1779,5 млн. долларын түздү
жана 2004-жылга салыштырганда 7,2 процентке өстү. Мында товарлардын
экспорту 671,7 млн. АКШ долларын түздү жана 2004-жылга салыштырганда
6,6 процентке ачайды (алтынды, товарлардын экспортун эсептебегенде
2,2%ке көбөйдү), ал эми товарлардын импорту — 1107,8 млн. АКШ доллар
болуп жана тиешелүү түрдө 17,7 процентке өстү. Импорттун көлөмдөрүнүн
өсүшү жана экспорттун кыскарышы 2004-жылдагы 222,2 млн. АКШ долларынан
2005-жылы 436,1 млн. АКШ долларына чейин соода балансынын терс
сальдосунун көбөйүшү менен шартталган.
Мамлекеттик бюджеттин кирешелери 20368,1 млн. сомду түздү жана 2004-
жылга салыштырганда 11,1 процентке өстү. Бюджетгик кирешелердин
көбөйүшү салыктык келип түшүүлөрдүн 17,0 процентке өсүшү менен
шартталган. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
бажы инспекциясы мамлекеттик бюджетке 8075,6 млн. сом суммасында
каражаттардын түшүшүн камсыз кылды, бул 2004-жылдын дењгээлинен 23,8
процентке жогору, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик салык инспекциясы тийиштүүлүгүнө жараша - 8726,4 млн. сом
жана 10,5 процентти камсыздады.
2005-жылы акциялардын мамлекеттик үлүшүнө эсептелген 240 млн. сом
дивиденддин түшүшү пландаштырылып, иш жүзүндө 197,4 млн. сом түшкөн,
бул 2004-жылга караганда эки эсеге көп. Анын үстүнө ошол жылдын
башталышына карата акционердик коомдордун жалпы карызы 650 млн. сомду
түзгөн, алардын 63 проценттен ашууну энергетикалык секторго туура
келет.
2005-жыл үчүн республикалык бюджеттин учурдагы чыгымдары
(мамлекеттик карызды жоюуга багытталган чыгымдарды эсептебегенде)
15495,3 млн. сомду түзгөн жана 2004-жылга салыштырганда 11,5 процентке
көбөйгөн. Мында корголгон статьялар боюнча чыгымдар 12,3 процентке,
атап айтканда республикалык бюджеттен эмгек акы боюнча -12,1 процентке
өскөн.
Кредиторлордун Париж клубу менен макулдашууларга ылайык тышкы
карызды реструктуралаштыруу боюнча иштер улантылууда. Россия,
Германия, Франция, Дания менен карызды реструктуралаштыруу боюнча эки
тараптуу макулдашууга жана Япония менен алмашуу нотасына кол коюлган.
2005-2008-жылдардын мезгилинде проценттик милдеттенмелердин бөлүгүн
капиталдаштыруу реструктуралаштыруунун кошумча шарты болуп калды.
Пакистандын Өкмөтү Кыргыз Республикасы үчүн АКШнын 10 млн. доллар
суммасындагы кредитти гранттык каражатка конвертирледи. Түркия Өкмөтү
менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
2005-жылы заемдук каражаттардын кайтарылышы 787,6 млн. сомду түздү
жана 2004-жылга салыштырганда 1,8 процентке көбөйдү. Карызды жоюу
көлөмдөрүнүн көбөйүшүнө карабастан бюджеттик ссуда жана чет өлкөлүк
кредиттер боюнча карыздарды кайтарып берүү проблемасы актуалдуу бойдон
калууда. 2006-жылдын 1-январына карата чарбакер субъекттердин
карыздарынын калдыгы 18,4 млрд. сомду, анын ичинде мөөнөтү өткөн
карыздар — 4,87 млрд. сомду түздү. Кыйла мөөнөтү өткөн карыздар
«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКында (929,6 млн.сом),
«Электр станциялары» ААКында (605,3 млн. сом), «Ала-Тоо» ГРКында
(333,8 млн. сом) жана башкаларында орун алган.
Кыргыз Республикасы 70тен ашуун эл аралык уюмдарда мүчө болуп
саналат, бул алардын иштерин каржылоого жана туруктуу органдарды
күтүүгө үлүштүк взносторду дайыма төлөп туруу зарылдыгын карайт. Эл
аралык иштерди каржылоого үлүштүк взносторду төлөөлөр боюнча Кыргыз
Республикасынын иш жүзүндөгү карызы 964,1 млн. сомду түзөт.
Реалдуу сектордогу абал кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө жана
курулушта өсүш темпинин кечењдеши жана өнөр жай менен айыл чарбасында
өндүрүш көлөмдөрүнүн кыскаруу тенденциясында түзүлгөн.
2005-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрү дээрлик
12 процентке төмөндөгөндүгү белгиленет. Бул өнөр жай саясатынын
жоктугунун натыйжасы. «Кумтөр» кенин иштетүү башталган учурдан тартып
10 жылдан бери өнөр жайды диверсификациялоо милдети чечилген эмес.
Кен казып алуу өнөр жайында өндүрүштүн төмөндөшү 13,9 процентти
түзгөн, көмүр казып алуу 28 процентке жана жаратылыш газы — 14,5
процентке кыскарган.
Иштетүүчү өнөр жайда өндүрүш 15,6 процентке, анын ичинде
металлургиялык өндүрүшто - 23,8 процентке азайган, бул негизинен
«Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканалардагы көлөмдөрдүн кыскарышынан
болгон. «Кыргызалтын» ААКы боюнча өндүрүштүк программа толук дењгээлде
аткарылган эмес.
Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча тармактарда кант өндүрүү
(49,5%ке), эт азыктары (11,8%ке), ликер-арак ичимдиктери (16,3%ке)
кыскарган. Ликер-арак ичимдиктерине акциз салыгынын түшүшүнүн
натыйжасында 2004-жылга салыштырганда 73 млн. сомго азайган.
Электр энергиясын иштеп чыгуу өткөн жылдын дењгээлине карата 1,6
процентке азайган, бул аны Россияга (өсүш темпи 52%) жана Тажикстанга
(47,5%) берүүлөрдүн кыскарышы менен шартталган.
Энергетика секторунда структуралык реформалардын аяктабагандыгы
инвестицияларды тартууну, энергетика компанияларын финансылык жактан
жакшыртууну чектейт. Аллын ала маалыматтар боюнча 2005-жылдын 11
айында электр энергетика секторундагы квазифискапдык дефицит (КФД)
6556 млн. сом (159,9 млн. АКШ доллары) көлөмүндө түзүлгөн же ИДПга
карата 7,1 процент, система боюнча жалпы жоготуулар 43 процентти
түзгөн.
2005-жылы өнөр жай продукцияларынын физикалык көлөмүнүн өсүшү
Бишкек шаарында (2,5%ке), Баткен (12,5%ке) жана Талас (20,4%ке)
облустарында белгиленген. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүш темптеринин
азайышы Жалалабат (7,4%ке), Ысыккөл (21,1%ке), Ош (9,5%ке), Чүй
(15,6%ке) облустарында жана Ош шаарында (13,7%ке) байкалат.
613 негизги өнөр жай ишканаларынын 202си (алардын жалпы санынын
33%и) 2004-жылдын декабрындагы өндүрүш дењгээлине жетише албай
калышкан.
Реалдуу сектордун өнүгүшүн кечењдетүүчү факторлордун бири жүгүртүү
каражаттарынын жетишсиздиги жана колдонуудагы проценттик ставкаларда
карыз алуунун чектелген мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
Бүгүнкү күндө иш жүзүндө мамлекеттик үлүшү бар бардык тармактар же
ири ишканалар иштебей токтоп турат же зыян тартып иштөөдө. Натыйжасыз
башкаруу мамлекеттик ишканаларда да байкалат.
Стратегиялык тармактарды ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн өзгөчө
мамлекеттик үлүш бар жерлерде корпоративдик башкаруу системасын түп
тамырынан жакшыртуу зарыл. Акционердик коомдорго мамлекеттик өкүлдөрдү
же мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин дайындоодо тармактык
министрликтердин жана ведомстволордун ролун көтөрүү керек. Башкаруу
кадрларын тандоо процесси компанияларды профессионалдуу менеджерлер
башкарышы үчүн болушунча ачык-айкын болууга тийиш. Мамлекеттик
өкүлдөрдүн отчеттуулугу боюнча талапты жогорулатуу жана аларга
акционердик коомдун бюджетин кароо жана бекитүү боюнча, өзгөчө
өндүрүштүк эмес чыгымдар бөлүгүндө көбүрөөк ыйгарым укуктарды берүү
керек.
Экспорттолуучу продукция үчүн КНСти кайтарып берүүгө карата
чарбакер субъекттер жагынан көптөгөн нааразылыктар бар. Бир нече жолку
тапшырууга карабастан бул маселе акыр-аягына чейин чечилген эмес.
2005-жылы айыл чарбасында дүњ продукция чыгаруу өткөн жылга
салыштырганда негизинен өсүмдүк продукциясынын 8 процентке
кыскарышынан улам 4,2 процентке азайган. 2004-жылга салыштырганда дан
эгинин жыйноо (4,5%ке), пахта (2,9%ке), кант кызылчасы (55%ке),
картошка (16,2%ке), жашылча (0,7%ке), мөмө-жемиш (16,6%ке) аз.
Узак убакыттан бери чечилбей келе жаткан проблемалардын бири фермер
жана дыйкан чарбаларын керектүү айыл чарба техникасы менен камсыздоо
болуп саналат. Азыркы убакта ата мекендик ишканалардын базасында анча
чоњ эмес кубаттуулуктагы тракторлорду чогултуу жөнүндө кытай тарап
менен макулдашуута жетишилди.
2005-жылы объекттерди курууга, реконструкциялоого, кењейтүүгө жана
техникалык жактан кайра жабдуута 10631,8 млн. сом жумшалган.
Ошону менен пессимисттик божомолдорго карабастан отчеттук мезгилде
чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү алдын ала маалымат боюнча 20
процентке өскөн. Эл аралык ишкерлик кењештин баасы боюнча 2005-жылдын
аягына карата инвестициялык климат жагындагы абал кыйла жакшырган.
Инвесторлордун бийликке ишениминин төмөндөшүнүн терс тенденциясы өткөн
жылдын сентябрынан тартып жакшы жагына оогон.
2005-жыл үчүн курулуштагы дүњ продукциянын көлөмү 2,1 процентке
реалдуу өскөн жана 9278,1 млн. сомду түзгөн. Жалпы аянты 531,5 мињ
квадрат метр (2004-жылга караганда 6,9%ке көп) 5230 квартира
пайдаланууга берилген. Турак жай курууга 2005-жылы негизги капиталдагы
2405,6 млн. сом инвестиция (баалоо боюнча) жумшалган, бул 2004-жылга
караганда 18,8 процентке көп.
Туризмдин салыштырма салмагы 2005-жылдын 9 айында ИДПга карата 3,1
процентти түзгөн. Чакан жана орто ишкерликтин үлүшү 2005-жылдын 9
айында ИДПга карата 45,7 процентти түзгөн.
2005-жылы монополистири ишканаларды реструктуралаштыруу жагында
олуттуу жылыштар болгон жок. 2004-2006-жылдарга мамлекеттик менчикти
менчиктештирүү программасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
тарабынан жеткире иштеп чыгууга кайтарылып берилген. Энергетика
секторунун менчиктештирүү программасынын IV этабы Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан жактырылган жок, Газ
секторундагы өзгөртүп кайра түзүү жана менчиктештирүү программасы
каралган эмес.
2005-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги социалдык көрсөткучтөр
экономикадагы татаалдыктарга карабастан жакшыруу тенденциясына ээ
болду.
2005-жылы пенсиянын базалык бөлүгү 16 процентке жогорулаган.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйүп, 5тен 15 процентке чейин
дифференцияланган. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгек
акысы -50 процентке, маданияттыкы - 30 процентке, билим берүүнүкү
(жогорку окуу жайларынан тышкары) жана саламаттык сактоонуку - 15
процентке жогорулаган.
2005-жылы орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 11,9 процентги
(чакан бизнестин ишканаларысыз) түзген, ал эми орточо айлык эмгек акы
номиналдык туюнтулушта (2569,5 сом) эмгекке жарамдуу калктын
минималдуу керектөө бюджетинин өлчөмүнөн (1832,91 сом) 20,8 процентке
ашып кеткен.
Пенсионер аскер кызматчыларына пенсия эсептөөдө чектөөлөрдү алып
салуу маселеси боюнча (эмгек акынын 15 эсе минималдуу ставкасы) сотгук
териштирүүлөргө байланыштуу ушул категориялардагы пенсия алуучуларга
төлөөгө бюджеттик каражаттарды ар жылдык кошумча керектөө жылына 70
млн.го жакын сомду түзөт. Мындан тышкары бул аскер кызматчылардын
арасындагы адамдарга жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык
камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде
пенсия дайындала турган адамдарга пенсия дайындоодогу айырмачылыктар
менен да терењдейт.
2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо жана 2005-
жылдын 15-октябрындагы республикалык кењешмеде Кыргыз Республикасынын
Президенти койгон милдеттерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо жана 2006-жылдын
биринчи жарымындагы мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн конкреттүү иш-аракеттеринин программасынын
биринчи кезектеги милдеттери бекитилсин жана аткарууга алынсын
(тиркелет).
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана
Бишкек менен Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жетекчилери:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №
616 токтому менен бекитилген 2006-жылга тездетилген экономикалык
өсүштү камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конкреттүү иш-
аракеттеринин программасынын чектериндеги Иш-чаралардын планын толук
көлөмүндө жүзөгө ашырууну камсыз кылышсын;
- минималдуу керектөөлөрдү эске алуу менен чыгымдар боюнча 2006-
жылдын I кварталына өздөрүнүн бюджеттик программаларын карашсын.
3. Кыргыз Реснубликасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- 2006-жылдын I кварталында чыгымдардын артыкчылыктуу статьяларын
гана каржылоону ишке ашырсын, мында корголбогон статьяларды каржылоону
чектесин;
- бюджеттик мекемелер казыначылык системасынан айланып өтүү менен
атайын каражаттарды пайдаланган фактылары аныкталса, Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү
мекемелеринин атайын каражаттарын кошпогондо каражаттарды
республикалык бюджеттин кирешесине алсын;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте
казыначылык системасына кириштебестен Кыргыз Республикасынын чет
өлкөлөрдөгү мекемелеринин атайын каражаттарын пайдалануу тартибин
иштеп чыксын;
- жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларына
тамак-аш берүү боюнча чыгымдарды өз учурунда жана толук көлөмүндө
каржылоону камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги менен бирдикте КЭРдин гранты боюнча айыл чарба
техникаларын сатып алуу маселесин тездетсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык
инспекциясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги менен бирдикте нефти
казып алууга акциз салыгын жоюу жөнүндө маселени иштеп чыксын жана бир
айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте
сунуш киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлиги 2006-жылдын биринчи жарымында тиешелүү нормативдик укуктук
актылардын аскер кызматчыларына жењилдиктерди берүү жана адамдардын
ушул категорияларын пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү боюнча сунуш киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы
инспекциясы 2006-жылы мамлекеттик бюджетке 700 млн. сом кошумча
түшүүсүн камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги:
- 2006-жылдын III кварталында «Чакан жана орто ишкердик жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген
тартипте киргизсин;
- 2006-жылдын сентябрында өлкөнүн жетекчилигинин катышуусу менен
улуттук бизнес-форум өткөрсүн;
- министрликтер жана ведомстволор, облустардын мамлекеттик
администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен
бирдикте 2006-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын ишкердик
структураларынын арасында аларды Москвада Кыргызстан үйүн курууга
тартуу боюнча кењири масштабдуу иш жүргүзсүн;
- Кыргызстандын өкмөтгүк эмес уюмдары жана ишкерлер ассоциациясы
менен чакан жана орто ишкердиктин иштерин талдоо жана мониторинг
жүргүзүүгө багытталган биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу жана
кызматташууну чыњдоо боюнча сунуш киргизсин;
- 2006-жылдын II кварталында «Туризм жана саякат ВIТF-2006» Бишкек
эл аралык биринчи туристтик жарманке өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Гышкы иштер министрлиги менен бирдикте
төмөнкүдөй маселелерди чечсин:
- туристтик сезондун ичинде Кыргыз Республикасынын чегарасы аркылуу
КМШнын жарандарынын ар жылдык визасыз өтүшү тууралуу;
Кыргыз Республикасынын башкы консулдуктарынын жана
элчиликтеринин базасында маалыматтык борборлорду ачуу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы жана Кыргыз
Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскерлери менен
бирдикте чет өлкөлүк туристтерди туристтик сезондун ичинде Кыргыз
Республикасынын ар кандай мамлекеттик структураларынын өкүлдөрү
тарабынан укукка жат иш-аракеттерден коргоо жана коопсуздугун
камсыздоо боюнча жыл сайын оперативдүү топ түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлкту башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети менен бирдикте акциялардын мамлекеттик пакеттерин
башкаруу боюнча холдинг компания түзүү жөнүндө маселени бир айлык
мөөнөттө изилдесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген
тартипте сунуш киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен бирдикте
узак мезгил иштебей токтоп турган ишканаларды реестрлерден чыгаруу
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна бир айлык мөөнөттө
сунуш киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы полиция кызматына Кыргыз
Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Экономиканы
өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте «Кыргызстандын улуттук
электр тармактары» ААКынын жана «Электр станциялары» ААКынын
мамлекеттик заемдук каражаттарды бюджетке кайтарып берүү боюнча
келишимдик милдеттенмелерди бузуу себептерин аныктоо сунуш кылынсын.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна белгиленген тартипте сунуш киргизсии.
8. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети:
- 1999-2003-жылдардын мезгилинде акциялардын мамлекеттик пакетине
дивиденддер боюнча карыздарды төлөө графигин 2006-жылдын 1-апрелине
чейинки мөөнеттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
белгиленген тартипте киргизсин, карызы бар акционердик коомдор менен
тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
- 2005-жыл үчүн финансы-чарбалык иштердин жыйынтыгы боюнча
акциялардын мамлекеттик пакетине зсептелген дивиденддерди төлөө
жөнүндө мамлекеттин катышуу үлүшү бар ишканалар менен макулдашууларды
түзсүн;
- мамлекеттик менчикте турган жайларды ижаралоо бөлүгүндө
мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча контролдукту катуулатсын;
- 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти
менчиктештирүү программасын 2006-жылдын I кварталында жана 2006-жылдын
1-майына чейин – «Кыргызэнерго» акционердик коомун мамлекеттен
ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын IV этабынын иш-чараларын,
«Кыргызгаз» ачык акционердик коомун өзгөртүп кайра түзүү жана түзүлгөн
газ бөлүштүрүү компанияларынын акцияларынын мамлекетгик пакеттерин
менчиктештирүү программасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде
бекитүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Спирт жана алкоголдук
продукция чыгарууну, сактоону жана сатууну контролдоо боюнча
мамлекеттик инспекция 2006-жылы ликер-арак ичимдиктерин чыгаруунун
өсүшүн камсыздоо боюнча конкреттүү чараларды көрсүн.
10. «Кыргызалтын» ААКы:
- «Макмал» руднигинин жер алдындагы бөлүгүнүн курулушун аяктасын
жана анын келечектүү сырьелук базасын даярдасын;
- калдык сактоочу жайды реконструкциялоо жүргүзүү менен жыл бою
иштөө режимине өткөрүүнүн эсебинен 2006-жылы "Солтон-Сары" руднигинин
туруктуу иштешин камсыздасын;
- Терек-Сай руднигинин кубаттуулугун көбөйтүүнү камсыздасын;
- чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди активдештирсин
жана Жерүй жана Талды-Булак Сол жээк кендеринде алтын казуучу
ишканаларды курууга киришсин.
11. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана
атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик 2006-жылдын 10-
апрелинен тартып калк үчүн электр энергиясына бирдиктүү тарифти иштеп
чыксын жана киргизсин.
12. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана
алыскы райондорунда жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептердин I-IV
класстарынын окуучуларына тамак-аш уюштурушсун жана бюджеттик
каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдук жүргүзүшсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги төмөнкүлөр менен бирдикте:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен айыл чарба
техникаларын, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарды
айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруута өз учурунда даярдоо, чарбакер
субъекттерди үрөн, минералдык жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү
коргоо каражаттары, күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо,
күздүк дан өсүмдүктөрүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө
азыктандыруу, ошондой эле пайдаланылбай жаткан айдоо жерлерин
болушунча иштетүү боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана
атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиги менен жазгы талаа
жумуштары башталганга чейин тамеки жалбырагын сатып алуучу негизги
ишканалар менен тамеки сырьесуна сатып алуу бааларынын минималдуу
дењгээлин белгилөө маселесин иштеп чыксын жана жана республиканын
тамеки өстүрүүчүлөрүнө маалыматтарды жеткирсин;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети менен бирдикте «Кайыњды-Кант» АКын Кызылчачылар
ассоциациясынын ишенимдүү башкаруусуна кийин өткөрүп берүү үчүн анын
акцияларынын контролдук пакетин сатып апуу жөнүндө сунуш даярдасын
жана сунуш киргизсин.
14. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулутун жогорулатуу жана ачык-
айкындыгын камсыздоо, мамлекеттик кызматка квалификациялуу жана
компетенттүү кадрларды тандоо, аткаруу тартибин чыњдоо жана
мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында:
- «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» жана «Саясий жана башка атайын
мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын, ошондой эле алардьш жакын
туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө
маалыматтарды жарыялоо жана декларациялоо тууралуу» Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жана жоболорун сөзсүз аткаруу
камсыз кылынсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча
агенттигине мамлекеттик кызматгын маселелери боюнча мамлекеттик
органдардын статс-катчыларынын иштерин, айрыкча ваканттык кызматтарды
конкурстук ээлөө, мамлекеттик кьпматтын кадрларынын резервин түзүү
жана иштетүү, мамлекеттик кызматчыларды сапаттуу аттестациялоо
жүргүзүү бөлүгүндө координациялоо боюнча иштерди активдештирүү
сунушталсын;
- мамлекеттик органдардын чечимдерин даярдоо жана кабыл алуу сапаты
жогорулатылсын.
15. «Электр станциялары», «Кыргызстандын улугтук электр тармактары»
ачык акционердик коомдору, бөлүштүрүүчү электр компаниялары 2006-жылы
электр энергетика тармактарында квазифискалдык дефицит көрсөткүчтөрүн
ИДПнын 6,4 процентине чейин сөзсүз азайтуу боюнча чараларды көрүшсүн.
16. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен
бирдикте Ганси атындагы авиабазаны жайгаштыруунун шарттары жөнүндө
жањы макулдашууга кол коюу боюнча иштерди улантсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
менен бирдикте Кытай-Кыргыз-Өзбек темир жолун куруу маселесин чечүү
боюнча иштерди улантсын;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен
бирдикте мамлекеттер аралык иштерди жана интеграциялык иш-чараларды
каржылоонун реалдуу көлөмдөрүн эске алуу менен артыкчылыктуу эл аралык
уюмдардын санын 2006-жылдын I кварталында кыскартуу жүргүзсүн.
17. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек
менен Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-февралындагы кењейтилген
заседаниесинде Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев койгон
милдеттерди сөзсүз аткарууга алышсын, атап айтканда:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги
ички керектөөнү жана экспортту канааттандыруу үчүн курулуш
материалдарын чыгарууну уюштурсун;

республиканын ичиндеги жана анын чегинен сырткары кыргызстандыктардын
арасында дүйнөлүк электрондук тармакты уюштурсун;
- орточо класстын үлүшүн көбөйтүүнү стимулдасын;
- райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери улуттар аралык
дењгээлдеги кагылышууларга жол бербөө максатында калк менен дайыма
жолугушууларды, тынчтык жана достук идеяларын, республиканын түштүгү
менен түндүгүн ар тараптан интеграциялоону кенири масштабда
пропагандалоону жана турмушка ашырууну жүргүзүшсүн;
- тышкы жардамды ишке ашыруүнун натыйжалуулугун жогорулатуу жана
шайкеш келтирүү боюнча чаралардын пакетин иштеп чыгышсын;
- ата мекендик продукцияны сатып өткөрүү рыногун
диверсификациялашсын жана жањы рынокторду өздөштүрүшсүн;
- экономикалык өсүштүн булактарынын жана субъекттеринин кењири
чөйрөсүн өлкө ичинде түзүүнү камсыздоочу жањы тармактык жана
структуралык саясатты иштеп чыгышсын, экономика секторлорунун орто
жана ири ишканаларына болушунча мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз
кылышсын;
- чарбакер субъекттерге жана инвесторлорго түшүнүктүү болгон,
салмакталган көз карандысыз экономикалык саясатты иштеп чыгышсын;
- жеке менчиктин кол тийгистигинин кепилдигин камсыз кылышсын, 2006-
жылдын аягына чейин менчиктештирүү жана капиталдарды амнистиялоонун
жыйынтыктарын бекемдөөнү ишке ашырышсын;
- ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн болушунча ыњгайлуу
режимин тү-зүшсүн;
- конкреттүү багыттар боюнча өндүрүштөрдү кластердик өнүктүрүүгө
өтүүнү башташсын.
18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү башкармалыктарына жана
бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов

Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы №626 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2006-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жыйынтыктары…Постановление · 28.08.2006 · № 626
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 140 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"Постановление · 20.04.2007 · № 140
- 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында экспортту жана импортту алмаштырууну өнүктүрүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому…Программа · 09.02.2007 · № 43 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 140 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө"Постановление · 20.04.2007 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү…Постановление · 23.12.2005 · № 616 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- План мероприятий по обеспечению ускоренного экономического роста в 2006 году (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 декабря 2005 года № 616)План · 23.12.2005 · № 616
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тезтетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү иштеринин ПРОГРАММАСЫ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын…Программа · 23.12.2005 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 384 " 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2006 · № 384 · Күчүн жоготкон
- Концепция развития физической культуры и спорта в Кыргызской Республике на период 2006 - 2010 годы (утверждена Указом Президента КР от 20 января 2006 года УП №23)Концепция · 20.01.2006 · № 23 · Күчүн жоготкон