Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2006-жылдын 9 айы үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 30-ноябры № 829
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2006-жылдын 9 айы үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылдын январь- сентябрында сактылган макроэкономикалык туруктуулук аркылуу экономикалык өсүштүн дурус тенденциясы сакталгандыгын белгилейт. Реалдуу ИДПнын өсүшү өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги 1,0 процентке төмөндөөгө карата 3,2 процентти түздү. "Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканаларды эсептебегенде ИДПнын чыгарылышы 6,1 процентке өстү. Быйылкы жылдын башталышынан берки инфляция 2,5 процентти түздү. АКШнын долларына карата сомдун алмашуу курсу 5 процентке бекемделип, 1 доллар үчүн 39,2 сомду түздү. 2006-жылдын январь-сентябрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 38,1 процентке өстү жана 1821,8 млн. АКШ долларын түздү. Товарлардын экспорту 568,7 млн. АКШ долларын түздү жана 16,3 процентке көбөйдү (алтын берүүлөрдү эсептебегенде экспорттун көлөмү 400,0 млн. АКШ долларын түздү жана 31,8 процентке өстү). Импорт 1253,1 млн. АКШ долларын түздү жана негизинен нефтепродуктулардын 1,6 эсеге көп келүүлөрүнүн эсебинен 50,9 процентке өстү. Јздүк муктаждыктар үчүн алып келинүүчү негизги каражаттарды КНСтен бошотуу инвестициялык товарлардын импортунун 62.8 процентине өсүшүнө шарт түздү. Соода балансынын терс сальдосу 684,4 млн. АКШ доллары өлчөмүндө болду. 2006-жылдын январь-сентябрында өнөр жайда ""Кумтөр" кенин иштетүүчү ишканалардагы јндүрүш 40 процентке азайышынан улам
11.4 процентке тјмөндөгөндүгү байкалган. Бул ишканалардын ишин
эсептебегенде өнөр жай јндүрүшүнүн көлөмү 6,5 процентке кјбөйгөн. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө (6,8%ке өсүш), текстиль жана тигүү јндүрүшүндө (32%), металл эмес (6,2%), резина жана пластмассалык буюмдар (24,8%), машиналар жана жабдуулар (21,2%) өндүрүшүндө жакшы өсүш темптерине жетишилди. Кјптјгөн ишканалардын туруктуу иштешинин, мурда токтоп турган өндүрүштөрдү ишке киргизүүнүн жана жањы өндүрүштөрдүн эсебинен 66,3 мињден ашуун жумушчу орундары түзүлдү же бул јткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 30 процентке көп. Ушул жылдын январь-сентябрында 27 ишкана толугу менен токтоп турган же бул өткөн жылга караганда 25 процентке аз. "Майлуу-Суу электр лампа заводу" акционердик коомунун иштеринде дурус жылыштар байкалды. Жумушчуларга эмгек акы боюнча карыздар төлөндү. Бюджетке салыктар өз учурунда төлөнөт. Продукцияны экспорттоо 25 процентке өстү. Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода- экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын заседаниесинде Тараптар электр лампаларын экспорттоону кјбөйтүү зарылдыгын белгилешкен. Ошону менен бирге, отчеттук мезгилде "Хайдаркан сымап комбинаты" (35%ке кыскаруу), "Кыргыз Петролеум Компани" (9,9%), "Кара-Балта тоо кен комбинаты" (27%), "Бишкек ликер-арак заводу" (88,1%), "Автомашрадиатор" (35%), "ОРЕМИ" (51,2%), "Бишкек штамптоочу заводу" (66,2%), "Бишкек машина куруу заводу" (77,3%), "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" (63%) сыяктуу ири ишканаларда өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы байкалган. Бир катар ири экспортко багытталган ишканалар үчүн КНСти өз swspsmd` кайтаруу проблемасы чечилбей келүүдө. Жеѕил өнөр жайдын айрым ишканалары Германия Федеративдүү Республикасынын жана Япония өкмөттөрунөн алынган кредиттер боюнча карыздарды реструктуралаштырууга муктаж. 2006-жылдын январь-сентябрында өнөр жай продукциясынын өсүшү Жалалабат, Ош жана Талас облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында камсыз кылынган. Өндүрүш көлөмдөрүнүн азайышына Баткен, Ысыккөл, Нарын жана Чүй облустарынын өнөр жай ишканалары жол беришкен. Айыл чарба продукциясын дүњ чыгаруу 2006-жылдын январь- сентябрында негизинен өсүмдүк өстүрүү тармагынын эсебинен (4,2%ке өсүш) 2,8 процентке көбөйгөн. Республиканын чарбаларында кылкандуу дан өсүмдүктөрүн, техникалык жана башка јсүмдүктөрдү жыйноо аяктоодо. Ушул жылдын 15-октябрына карата республиканын чарбаларында жүгөрүнү кошо алганда 611 мињ гектар дан жана дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналып алынды. Бул аларды жыйноо аяктынын 97,3 процентин түзөт. Жүгөрүнү кошо алганда дан жана дан буурчак өсүмдүктөрүнүн түшүмү республика боюнча өткөн жылдагы гектарына 27,6 центнердин ордуна гектарына 25,5 центнерди (баштапкы кириштелген салмагында) түздү. Түшүмдүүлүктүн азайышы өткөн жылдагы күздүн кургакчылыгынан жана сууктун тез түзүшүнүн натыйжасында күздүк айдалган өсүмдүктөрдүн начар болушунан, быйылкы жылдагы жайдын кургакчылыгынан улам болду. Тескерисинче картошканын түшімдүүлүгү дээрлик 5 ц/гектарга кебөйгөн, бул дүњ жыйымдын 110,1 мињ тоннага көбјйүшүнө шарт түздү, Өткөн жылга салыштырганда тамеки (2,3%ке), пахта (48,1 %ке), бакча (15,1%ке) жана мөмө-жемиш өсүмдуктјрү (31,9%ке) көп өндүрүлдү, Азыркы убакта айылдык товар өндүруучүлөр 2007-жылдын түшүмү үчін кылкандуу дан өсүмдүктјрүн күздүк себүүгө киришти. Республиканын бардык облустарында куздук айдоого жана күздүк себүүгө зарыл болгон ГСМдин жетиштүү запасы бар. Айылдык товар јндүрүүчүлөргө рыноктон төмөнкү баада мамлекеттик материалдык резервден 5 мин тонна бензин бөлүу түрүнднј мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн, мамлекеттик үрөн фондусунан күздүк буудайдын 975 тонна сорттуу урөну бөлунгөн. Быйылкы жылы куздүк урөнду себүүдөгү жагдай жакшырды (керектөөгө карата 93,5%). Быйылкы жылдын августунда Кытай Эл Республикасынын Өкмјтүнүн грантынын эсебинен келген 310 тракторлордон дыйкан жана фермердик чарбалар үчін 241 трактор алууга документтер таризделген. 2006-жылдын ноябрында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн экинчи гранты боюнча 895 трактор келди. Салык оорчулугун жењилдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрулгөн чаралар чакан жана орто бизнести андан ары өнүктүрүүгө көмөктөштү. Отчеттук мезгилдин ичинде ишкердик менен алектенген юридикалык жактардын саны 2,9 процењтке, жеке адамдар - 7,1 процентке көбөйгөн. Чакан жана орто бизнесте иштегењдердин саны 7,8 процентке өскөн. Быйылкы жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто бизнестин ИДП өндүрүшүнө салымы 46,7 процентти түздү. Ошону менен бирге эле ашыкча каттоо жана уруксат беріү процедураларына, чарбакер субъекттерди мамлекетгик контролдоочу органдар негизсиз текшерүүсүнө байланыштуу проблемалар али да сакталууда. 2006-жылдын январь-сентябрында 8710,3 млн. сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлгөн, бул 2005-жылдын ушундай мезгилине караганда 25,5 процентке көп. Негизги капиталга инвестициялардын жалпы көлөмүнөн подряддык иштердин көлөмунүн эн чоњ ілішү (63%) туура келет, бул гидроэлектростанцияларды, автомобиль жолдорун, өнөр жай ишканаларын, Бишкек шаарындагы "ВЕФА" соода борборун, айылдардагы суу түтүктөрун, жалпы билим берүүчү мектептерди, турак жайларды курууга жана реконструкциялоого байланыштуу, Чет өлкөлүк тике инвестициялардын агымы (кетишин }qekreaecemde) ушул жылдын 9 айында 1,4 эсеге көбөйдү жана 189,5 млн. АКШ долларын тізді. Инвестицияларды салуу ічін кыйла жагымдуу тармактар иштетүүчү жана кен казып алуучу өнөр жай, финансылык иштер, соода чөйрөсү болуп саналат. Республиканын дээрлик бардык региондорунда өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү өстү. Алардын кыйла өсушү Нарын (3,1 эсеге), Чүй (2,3 эсеге), Талас (2,2 эсеге) облустарында, Бишкек шаарында (1,4 эсеге) байкалды. Быйылкы жылдын январь-сентябрында дүн курулуш продукцияларынын жалпы көлөмү 7052,9 млњ. сомду, реалдуу өсүш- 21,7 процентти түздү. Отчеттук мезгилде "Бишкек-Ош", "Бишкек- Курдай" жана "Тараз-Талас-Суусамыр" автожолдорун реабилитациялоо улантылды. Жалпы аянты 368,3 мин квадрат метр болгон 3660 квартира курулду (9,3%ке өсүш). Турак жай курууга 2191,1 млн. сом негизги капиталдагы инвестиция жумшалды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги дењгээлден 58,7 процентке көп. Отчеттук мезгилдин ичинде айыл жерлеринде 205,6 мин квадрат метр турак жай же пайдаланууга берилгендердин жалпы санынын 55,8 проценти ишке киргизилди. Курулган жеке турак үйлјрдүн жалпы аянтын пайдаланууга берүү көлөмү өткөн жылдагы январь-сентябрдын денгээлинен Бишкек (50,9%ке) жана Ош (19,2%ке), Жалалабат (24%ке) шаарларында, Чүй (6,1%ке) жана Талас (1,2%ке) облустарында ашьш кетти. Турак жайларды куруу темпи Нарын облусунда кыйла азайган (68,6%ке). Киреше дењгээли төмөн жана орточо болгон жарандарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүү учүн каржылоонун төмөнкүдөй үч багыты иштелип чыккан, алар: "Жаш мугалимдин депозити" жана "Жаш врачтын депозити" программаларынын алкагында жаш мугалим/врач үчүн турак жай, турак жайлык кредиттөөнүн топтомо системасы, социалдык турак жайды үлүштүк куруу. Курулуш көлөмдөрүнүн өсүшүн курулуш материалдарына, анын ичинде цемент менен шиферге болгон жогарку суроо-талап шарттады. Бааларды кармап туруу жана ички рынокту толтуруу максатында Кыргыз Республикасыныњ Өкмөтү тарабынан цемент менен шиферди экспорттоону тартипке келтирүү, контрабандалык алып чыгууларга жол бербөө боюнча чаралар көрүлду. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында республиканын региондорунда (Баткен, Ош жана Жалалабат облустарын кошпогондо) курулуш материалдарына бааны олуттуу төмөндөтуүгө жетишилди. Гранттарды эсепке алганда мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси алдыга ала маалыматтар боюнча 2006-жылдын январь- сентябрында 17484,8 млн. сомду түздү. Гранттарды кошпогондо мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 17284,8 млн. сомду түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 22,5 процентке көп. Бюджеттик кирешелердин көбөйүшү салыктык түшүүлөрдүн 20,8 процентке өсушү менен шартталган, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы мамлекеттик бюджетке 7539,6 млн. сомдун же 34,8 процентке көп түшүшун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы
- тиешелүү түрдө 6863,8 млн. сомдун же 9,4 процентке көп
тушүшүн камсыз кылышкан. Ошону менен бирге эле айрым ири ишканалардын салыктык төлөмдөр боюнча карыздары бар. Жалпысынан республика боюнча 2006-жылдын 1-октябрына карата салыктар боюнча карыз 1808,8 млн. сомду түзгөн, анын үстүнө жалпы карыздын 70 проценти энергетика компанияларына туура келет. 2006-жылдын январь-сентябрында республикалык бюджеттин учурдагы сарптоолору (мамлекеттик карызды төлөөгө багытталган чыгымдарды эске албаганда) 13739 млн. сомду түздү жана өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырганда 26,5 процентке көбөйгөн. Учурдагы чыгымдарды каржылоодо корголгон статьялар `pr
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылы тездетилген экономикалык өсүштү камсыздоо боюнча конкреттүү…Постановление · 23.12.2005 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-апрелиндеги № 318 "2006-жылдын 10-мартында жергиликтүү өз алдынча башкармалыктардын башчылары менен болгон республикалык кеңешмеде…Постановление · 28.04.2006 · № 318 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 31-декабрынын № 975 "Текстиль тармагындагы ишканалардын ОЕСР (Япония) жана КРW банкынын (Германия) кредиттери боюнча милдеттенмелерди…Постановление · 31.12.2004 · № 975 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 04.04.2006 · № 82
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004- жылдын 21- сентябрынын № 702 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим беруу уюмдарына жаш адистерди бекитуу боюнча чаралар…Постановление · 21.09.2004 · № 702 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-апрелиндагы ПЖ № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан…Указ · 28.04.2006 · № 192 · Күчүн жоготкон