Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу үчүн жооптуу органдары
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 марта 2021 года № 39
Мамлекеттик тышкы соода саясаты ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экономикалык жана административдик жөнгө салууну колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасында бирдиктүү тышкы соода саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, тиешелүү чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын камсыз кылат;
2) тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат;
3) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;
4) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, ташып чыгуу бажы алымдарынын ставкасын белгилейт;
5) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экспортко жана импортко сандык чектөө киргизет;
6) өз кызматтык укуктарынын чектеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
7) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү менчигин башкарууну жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы соода ишин мамлекеттик башкаруу жагындагы указдары тарабынан өзүнө жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы соода саясаты, тышкы соода ишин жана анын катышуучуларын жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тышкы соода ишин ыңгайлаштыруу жана жөнгө салуу тикелей жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо боюнча мамлекеттик сырткы соода саясатынын милдеттерин түздөн-түз ишке ашырууну, ошондой эле тышкы соода ишин жөнгө салууга байланыштуу чараларды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү камсыз кылат. Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2015-жылдын 10-июнундагы N 128, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40, 2021-жылдын 23-мартындагы N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 марта 2021 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по приведению в соответствие с кодексами Кыргызской Республики о нарушениях и о проступках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 июня 2015 года № 128 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
23.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органдары
Мамлекеттик тышкы соода саясаты ушул Мыйзамга, Кыргыз алынып салынды: Республикасынын башка мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына кошулду: Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экономикалык жана административдик жөнгө салууну колдонуу … 2015-жылдын 10-июнундагы N 128, 2019-жылдын 29-мартындагы N алынып салынды: 40 кошулду: 40, 2021-жылдын 23-мартындагы N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес…Постановление · 20.04.2021 · № 156
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине…Постановление · 24.03.2016 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 24 мартындагы № 142 токтомуПостановление · 24.03.2016 · № 142
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы №392 токтомуПостановление · 22.07.2020 · № 392
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 "Тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 22.07.2020 · № 392 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>