Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-статья. Тышкы соода ишин маалымат менен камсыздоо
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Кыргыз Республикасынын аймагында тышкы соода ишин өнүктүрүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы тарабынан башкарылган тышкы соода маалыматынын тутуму иш жүргүзөт. Тышкы соода маалыматында:
1) тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык жана региондук программалары;
2) Кыргыз Республикасынын рыногунда тышкы соода ишин жүзөгө ашырып жаткан кыргыз жана чет өлкөлүк жактар жөнүндө;
3) квоталарды жана лицензияларды алган кыргыз жана чет өлкөлүк жактар жөнүндө;
4) тышкы соода чөйрөсүндөгү кыргыз жана чет өлкөлүк мыйзамдар жөнүндө;
5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү соода өкүлчүлүктөрүнүн иши жөнүндө;
6) мамлекеттик адистештирилген кыргыз экспорттук-импорттук банктын жана тышкы соода иши жагында кредиттөө жана камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөткөн башка уюмдардын иши жөнүндө;
7) Кыргыз Республикасындагы бажы статистикасы жөнүндө;
8) негизги товардык топтор боюнча чет өлкөлүк рыноктордогу кырдаалдар жөнүндө;
9) стандартташтыруу жана сертификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын укук актылары жөнүндө;
10) тышкы соода ишинин чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө;
11) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө жана анын аймагынан алып кетүүгө тыюу салынган товарлардын тизмеги жөнүндө;
12) тышкы соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалуу болгон башка маалыматтар камтылат.
Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы акы алуу менен ылайыктуу мөөнөттө тышкы соода ишине катышкан кыргыз же чет өлкөлүк жакка зарыл болгон тышкы соода маалыматын берүүгө укуктуу.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-21" title="21-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>