Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген спецификалуу товарлардын экспортун жана импортун лицензиялоо боюнча уюм-эксперттердин жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства Кыргызской Республики от 20 апреля 2021 года № 156 "Об утверждении Перечня организаций-экспертов по выдаче экспертного заключения и уполномоченных органов по выдаче разрешительных документов на экспорт и импорт товаров, включенных в Единый перечень товаров, к которым применяются меры нетарифного регулирования в торговле с третьими странами, и внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в сфере нетарифного регулирования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-04-20.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 24-марты № 142 Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401, 2016-жылдын 15-июлундагы № 402, 2017-жылдын 22-майындагы № 300, 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 518, 2020-жылдын 22-июлундагы № 392, 2021-жылдын 5-мартындагы № 79, 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 11-1-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо: 6-пункттун 2-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет.".
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө жободо:
- 7-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет". жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө жободо:
- 10-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".
7. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө жободо:
- 8-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет".
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Тиркеме
Эксперттик корутунду берүү боюнча уюм-эксперттердин жана үчүнчү өлкөлөр менен сооданы тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ТИЗМЕГИ (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Товардын аталышы
Уюм-эксперттин аталышы
Ыйгарым укуктуу органдын аталышы
1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүгө жана (же) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууга уруксат тартиби белгиленген товарлар
1
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.1 позициясына ылайык озонду бузуучу заттар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
2
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.2 позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
3
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.3 позициясына ылайык кооптуу калдыктар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
4
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.4 позициясына ылайык минералогия жана палеонтология боюнча коллекциялар жана коллекциялоо предметтери
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
5
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.6 позициясына ылайык жапайы тирүү жаныбарлар жана айрым жапайы өскөн өсүмдүктөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
6
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.8 позициясына ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жапайы жаныбарлардын жана жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
7
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.9 позициясына ылайык асыл таштар
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
8
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.10 позициясына ылайык баалуу металлдар жана баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарлар
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (баалуу металлдардын кендерин жана концентраттарын, баалуу металлдарды камтыган сырьёлук товарларды ташып чыгууда)
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
9
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.11 позициясына ылайык минералдык сырьёнун түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
10
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.12 позициясына ылайык баңгизат каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык техника департаменти
11
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.14 позициясына ылайык дары-дармек каражаттары
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар департаменти
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык буюмдар департаменти
12
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.13 позициясына ылайык баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын прекурсорлору болуп саналбаган уулуу заттар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
13
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.16 позициясына ылайык радиоэлектрондук каражаттар жана (же) жарандык багыттагы жогорку жыштыктуу түзүлүштөр, анын ичинде башка товарлардын курамына орнотулгандар же киргизилгендер
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
14
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.17 позициясына ылайык маалыматты жашырын алууга арналган атайын техникалык каражаттар
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
15
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.19 позициясына ылайык шифрлөөчү (криптографиялык) каражаттар
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
16
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.20 позициясына ылайык маданий баалуулуктар, улуттук архивдик фонддордун документтери, архивдик документтердин түп нускалары
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
17
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.21 позициясына ылайык адамдын органдары жана ткандары, кан жана анын компоненттери, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрү
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
18
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.22 позициясына ылайык кызматтык жана жарандык курал, анын негизги (курамдык) бөлүктөрү жана аларга патрондор
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
19
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.23 позициясына ылайык отун энергетикалык жана минералдык сырьёлордун райондору жана кендүү жерлери боюнча жер казынасы жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
20
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.30 позициясына ылайык лабораториянын масштабындагы изилдөөлөрдө, ошондой эле эталондуу стандарт катары пайдаланылган өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка туруктуу органикалык булгоочулар
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
2. Тарифтик квоталарды, атайын коргоочу чаралар катары импорттук (атайын) квоталарды белгилөө жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган товарлар
1
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27 позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
2
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2019-жылдын 6-августундагы № 137 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.29 позициясына ылайык атайын квоталарды белгилөө тууралуу жана лицензияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алынган ысык таптоо прокаты
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
3. Автоматтык түрдө лицензиялоо (байкоо жүргүзүү) киргизилген товарлар
1
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2019-жылдын 4-июнундагы № 90 чечимине ылайык импорттоодо автоматтык лицензиялоо (байкоо жүргүзүү) киргизилген болот түтүктөрдүн айрым түрлөрү
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 22 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (22)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес…Постановление · 20.04.2021 · № 156
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012 · № 124
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчан турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №…Положение · 20.02.2012 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Положение · 20.02.2012 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 токтому менен бекитилген)Положение · 20.02.2012
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 247 "Агрохимикаттарды жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын (пестициддерди) жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам…Постановление · 30.05.2019 · № 247
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын…Постановление · 12.03.2015 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында…Постановление · 30.09.2016 · № 520 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" жобо (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө…Положение · 20.02.2012 · № 118 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 токтому менен бекитилген)Постановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 402 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 88 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 401 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 96 токтомуна "2019-2022-жылдар мезгилине ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана ишин уюштуруу КОНЦЕПЦИЯСЫ"Концепция · 01.03.2019 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 79 "О вопросах Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"Постановление · 05.03.2021 · № 79 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 518-токтомуПостановление · 02.11.2018 · № 518
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 402
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 401
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы №392 токтомуПостановление · 22.07.2020 · № 392
22 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (13)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес…Постановление · 20.04.2021 · № 156
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын…Постановление · 12.03.2015 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 41 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 402 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 401 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 88 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 5 марта 2021 года № 79 "О вопросах Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики"Постановление · 05.03.2021 · № 79 · Күчүн жоготкон
13 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 124
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.05.2013 · № 236 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 127 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 118 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-декабрындагы № 708 "Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, "бирдиктүү терезе" принциби боюнча үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес…Постановление · 26.12.2019 · № 708 · Күчүн жоготкон