Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169 "О государственном регулировании внешнеторговой деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-08-08.
КР 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 10-июну № 128 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 376-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьяда:
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Товарлардын тышкы соодасы - товарлардын импорту жана (же) экспорту;"; төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын: "Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууга лицензия - белгилүү сандагы товарлардын айрым өзгөчө түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого укукту ырастаган документ; Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү - товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоонун жана (же) импорттоонун динамикасынын мониторинги максатында белгиленүүчү убактылуу чара;".
2. 6-статьяда:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, ошондой эле товарларды Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынан алып кетүүгө байланыштуу милдеттүү талаптарга товарлардын ылайыктуулугун ырастоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуу;"; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баалуу металлдарды, асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды, баалуу металлдардын жана асыл таштардын сыныктарын, аларды иштетүүнүн калдыктарын жана баалуу металлдарды камтыган химиялык кошулмаларды алып келүүнүн жана алып кетүүнүн тартибин аныктоо;".
3. 9-статьяда:
2-бөлүгүнүн 2 - 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат;
3) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча чараларды көрөт;
4) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бажы алымдарынын ставкасын белгилейт;
5) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык экспортко жана импортко сандык чектөө киргизет;";
5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарлардын экспортун жана (же) импортун лицензиялоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда лицензиялоо Товарларды экспорттоону жана (же) импорттоону лицензиялоо аларды аткаруу үчүн киргизилген чектөөлөрдүн максаттарына караганда товарларды экспорттоонун же импорттоонун ашыкча чектелген же бурмаланган таасирине ээ болбошу керек. Экспортко жана (же) импортко лицензия жана уруксат берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Лицензияларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарына, улуттук жана экономикалык коопсуздугунан келип чыккан товардын экспортунун жана (же) импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө адистештирилген эксперт-уюмдун корутундусу негиз болуп саналат. Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарларды экспорттоого жана (же) импорттоого лицензияларды берүү жөнүндө чечимди макулдашууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген эксперт-уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
5. 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Импорттук товарларга карата коргоо чаралары Мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн товарларды импорттоодо атайын коргоо чаралары, демпингге каршы чаралар жана компенсациялык чаралар киргизилиши мүмкүн.".
6. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-статья менен толукталсын:
"17-1-статья. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого байкоо жүргүзүү Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык уруксаттарды берүү аркылуу жүзөгө ашырылат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 169
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5048-V "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 30.04.2015 · № 5048-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5075-V "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду…Постановление · 06.05.2015 · № 5075-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5076-V "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду…Постановление · 06.05.2015 · № 5076-V
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 41 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана…Постановление · 25.03.2015 · № 155 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 169
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 41 · Күчүн жоготкон