14-статья. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия белгиленген товарлардын айрым түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого мамлекеттик монополия товарларды экспорттоо жана (же) импорттоо боюнча ишти лицензиялоонун негизинде жүзөгө ашырылат. Бул ишти жүзөгө ашырууга лицензия ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык басмырлабоонун жана ак ниет соода-сатыктык тажрыйбанын принциптеринин негизинде экспорт жана (же) импорт боюнча бүтүмдөрдү жасоого милдеттүү болгон мамлекеттик ишканаларга гана берилет. Товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоо жана (же) импорттоо боюнча мамлекеттик монополияны бузуу менен жасалган бүтүмдөр негизсиз деп эсептелет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органы Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте негизсиз бүтүмдүн жараксыздыгынын натыйжаларын колдонуу жөнүндө талап коюуга укуктуу.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>