20-статья. Тышкы соода ишин өнүктүрүү программалары
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Улуттук экономиканын өсүшүнө түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы соода ишин өнүктүрүүгө, анын ичинде тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык, региондук программаларын жүзөгө ашыруу аркылуу көмөк көрсөтөт. Тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн республикалык программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын республикалык бюджеттин долбоору менен бир мезгилде иштелип чыгат. Аталган республикалык программада:
1) Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын курамдык бөлүгү катары болгон болжолдуу соода балансы;
2) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелеринин азыркы кездеги абалына жана анын проблемаларына баа берүү;
3) Кыргыз Республикасынын сырттан алган карыздарынын жана чет өлкөлүк кредиттерди максаттуу пайдаланууну ар тараптан баяндаган планы;
4) республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануу менен же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги алдында берилген экспорттук кредиттердин планы;
5) Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөөнүн планы;
6) чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасына болгон карыздарын тейлөөдөн түшкөн каражаттардын планы;
7) тиешелүү жылда көрүлгөн же белгиленген тышкы сооданы мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын тизмеги, бажы тарифинин жыйымдарынын өлчөмдөрү жана алардын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнүн чектери, экспортту жана импортту сандык чектөө, ошондой эле ички рынокту коргоо жана валюталык жөнгө салуу боюнча чаралардын тизмеги;
8) тиешелүү жылга өнөр жайлык экспортко түрткү берүүчү чаралардын тизмеги;
9) айрым мамлекеттердин рынокторунда кыргыз ишкерлерине карата жол берилген басмырлоо, эки тараптуу жана көп тараптуу милдеттенмелердин бузулган учурларынын реестри, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу соода-экономикалык таламдарын коргоо боюнча көрүлгөн же белгиленип жаткан чаралардын тизмеги камтылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын 9-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткаруу бийлигинин органы менен биргелешип, кызмат укуктарынын чектеринде өз аймагында тышкы соода ишин өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-20" title="20-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>