10-статья. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун усулдары
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 марта 2019 года № 40
Мамлекеттик тышкы соода саясаты Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана башка укуктук актыларына ылайык, тышкы соода ишин бажылык-тарифтик жөнгө салуу (ташып кирүү жана ташып чыгуу бажы алымдарын колдонуу) жана тарифтик эмес жөнгө салуу (анын ичинде, квоталоо жана лицензиялоо жолу менен) аркылуу жүзөгө ашырылат. Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кийлигишүүсү же ар кандай чектөөлөрдү белгилеши сыяктуу башка ыкмаларына жол берилбейт. Тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн, атап айтканда эл аралык инвестициялык кызматташтыкты, өндүрүштүк кооперацияны, валюталык жана каржылык-кредиттик иш-аракеттерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары жана башка укук актылары тарабынан жүзөгө ашырылат. (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
29.03.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун усулдары
алынып салынды: Ушул кошулду: Мамлекеттик тышкы соода саясаты Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана алынып салынды: укук кошулду: башка укуктук актыларына алынып салынды: ылайык мамлекеттик тышкы соода саясаты кошулду: ылайык, тышкы соода ишин бажылык-тарифтик жөнгө салуу алынып салынды: (импорттук кошулду: (ташып кирүү жана алынып салынды: экспорттук тарифтерди кошулду: ташып чыгуу бажы алымдарын колдонуу) жана алынып салынды: тарифсиз кошулду: тарифтик эмес жөнгө салуу алынып салынды: (атап айтканда квоттоштуруу кошулду: (анын ичинде, квоталоо жана лицензиялоо алынып салынды: ыкмасы кошулду: жолу менен) аркылуу жүзөгө ашырылат.
Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө … мыйзамдары жана башка укук актылары тарабынан жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>