Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ (КР 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 2021-жылдын 23-марты № 39 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
1-берене. (КР 2023-жылдын 8-августундагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене. "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 31-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазыктык жоопкерчиликке кириптер кылат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүктүн биринчи абзацында "же соттук тартипте, ал эми администрациялык жаза-чараларын колдонуу бөлүгүндө - администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу" деген сөздөр "жарнама берүүчү, жарнама чыгаруучу же жарнама таратуучу административдик даттануу боюнча чечимге макул болбогон учурда сотко кайрылууга, ал эми жаза чараларын колдонуу бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте даттанууга укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене. "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын 1-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-1. Техникалык регламент Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынышы мүмкүн. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кабыл алынган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин техникалык регламент ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мыйзам же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому түрүндө кабыл алынышы мүмкүн.";
2) 28-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 38-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 39-статьянын 1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 40-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 676-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 17-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
5-берене. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 11-статьяда:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2021-жылдын 30-мартындагы № 28 (3207) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 169
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4354-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын февралындагы ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2021 · № 4354-VI
- Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 41 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндөЗакон · 17.07.2026 · № 113 · Күчүнө кире элек
Шилтеме берет (6)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 169
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин2021-жылдын 29-июлундагы № 4825-VI "Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү aйрым.мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз…Постановление · 29.07.2021 · № 4825-VI
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон