Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Чет элдик жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына киргизүүгө, алардын Кыргыз Республикасында болуусуна, транзиттик өтүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгуусуна уруксат
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 августа 2023 года № 183
Аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандары визаны жол-жоболоштурбастан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына кириши, чыгышы, транзит менен жүрүшү, орун которушу мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандарынын болуу мөөнөтү, жүз жыйырма календардык күндөн турган ар бир мезгилдин ичинде суммалык алтымыш календардык күндөн ашпоого тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тийиштүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн визалык режимди пайдаланышат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болот. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө, визасын жол-жоболоштурбастан, жарактуу документтердин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына көп жолу кирүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Электрондук визаны (документтик ырастоону) жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилген визанын, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте келген жери боюнча беш жумушчу күндүн ичинде катталууга милдеттүү. Чет өлкөлүк мекендештин статусун алган жарандарды, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксаты болууга тийиш. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн учурдан тартып, токсон жумушчу күндүн ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте турган жери боюнча катталууга милдеттүү. Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздар өздөрү жашап жаткан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын юридикалык дареги боюнча каттала алышат. Кыргыз Республикасында турган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визаны, жашап туруу мүмкүнчүлүгүн жана иштөөгө уруксатты узартууну өтүнө алат. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар визанын, каттоонун мөөнөтү бүткөн, жашап туруу мөөнөтү кыскарган же жашоого уруксаты жокко чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 21-ноябрындагы № 153, 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 августа 2023 года № 183 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 32 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики", "О внешней миграции")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2020 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "О внешней трудовой миграции", "О внешней миграции")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2013 года № 160 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 2 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
16.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Чет алынып салынды: өлкөлүк жарандардын жана кошулду: элдик жарандарды же жарандыгы жок алынып салынды: адамдардын кошулду: адамдарды Кыргыз Республикасына алынып салынды: киришине, кошулду: киргизүүгө, алардын Кыргыз Республикасында алынып салынды: болушуна кошулду: болуусуна, транзиттик өтүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан алынып салынды: чыгып кетишине уруксаты
Визасыз режимден пайдаланган кошулду: чыгуусуна уруксат
Аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин алынып салынды: жараны кошулду: жарандары визаны жол-жоболоштурбастан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жарактуу документтеринин бири боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына алынып салынды: визасыз келүүгө, кетүүгө, кошулду: кириши, чыгышы, транзит менен алынып салынды: өтүүгө, кошулду: жүрүшү, орун которушу мүмкүн.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, визасыз режим колдонулган чет мамлекеттин жарандарынын болуу мөөнөтү, жүз жыйырма календардык күндөн турган ар бир алынып салынды: жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга мүмкүндүк алат. Бул чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасында болгон учурда, эгерде алардын
кошулду: мезгилдин ичинде суммалык алтымыш календардык күндөн ашпоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген … Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилген алынып салынды: жарактуу документтердин жана визанын негизинде, кошулду: визанын, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке … белгиленген тартипте турган жери боюнча катталууга милдеттүү.
алынып салынды: Тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксаты болууга тийиш.
Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздар өздөрү жашап жаткан … 89, 2023-жылдын 16-февралындагы № 32, 2023-жылдын 27-февралындагы № алынып салынды: 43 кошулду: 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (18)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 132 "Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү…Постановление · 20.03.2015 · № 132
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 364 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 13.06.2017 · № 364
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.05.2019 · № 253
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-августундагы № 466 "Виза жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 19.08.2022 · № 466
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2014 · № 710
- Постановление Правительства КР от 31 декабря 2019 года № 734 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Инструкции о порядке…Постановление · 31.12.2019 · № 734
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 511 "Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз…Постановление · 27.09.2016 · № 511
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-октябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз…Постановление · 28.10.2024 · № 646
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-январындагы № 3 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр жана визалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 10.01.2025 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы №132 токтомуПостановление · 20.03.2015 · № 132
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 734 токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 734
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 66 токтомуПостановление · 08.07.2021 · № 66
- КР Министрлер Кабинетинин 06.04.23 ж. №197 токтомуПостановление · 06.04.2023 · № 197
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 токтомуПостановление · 15.03.2017 · № 158
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет…Постановление · 01.08.2019 · № 391 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет…Постановление · 08.07.2021 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн…Постановление · 06.04.2023 · № 197 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-марты № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин…Постановление · 15.03.2017 · № 158 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-6" title="6-статья - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>