Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Америка Кошмо Штаттарына иш жана туристтик максаттардагы сапарлары үчүн өз ара түшүнүшүү принцибинде ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 13-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргыз Республикасына иш жана туристтик максаттарда убактылуу келүүчү Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 180 күнгө чейин үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү менен, 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөнү жана берүүнү жүргүзүшсүн.
Көп жолку визалардын негизинде Кыргыз Республикасына кийинки жолку кирүүлөрдө 180 күнгө чейин үзгүлтүксүз болуу мөөнөтүн эсептөө кирген күндөн тартып башталат.
2. Көп жолку визаларды тариздөө жана берүү үчүн консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардын тарифтеринин ставкалары өз ара түшүнүшүү принцибинде белгиленгендиги жана төмөнкүлөрдү түзө тургандыгы белгиленсин:
- Америка Кошмо Штаттарынын жарандары үчүн - 205 АКШ долларын, алардын ичинен консулдук жыйым 160 АКШ долларын түзөт жана документтерди берүүдө төлөнөт, иш жүзүндөгү жыйым 45 АКШ долларын түзөт жана визаны тариздөөдө төлөнөт.
Визаны тариздөөдөн баш тартылган учурда, өлчөмү 160 АКШ долларын түзгөн консулдук жыйым кайтарылып берилбейт.
5 жылга чейинки мөөнөткө көп жолку визаларды кароодогу жана тариздөөдөгү жана берүүдөгү башка шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
10-мартындагы № 156 “Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Визаларды тариздөө жана берүү, категориялары, колдонуу мөөнөттөрү боюнча шарттардын айрым өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.”.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
18-декабрындагы № 839 “Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө жободо:
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Консулдук жыйымдар жана консулдук кызматтарды көрсөтүүдөгү иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдардын өлчөмүн аныктоонун жана аларды алуунун айрым өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталышы мүмкүн.”.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган шарттарды пайдаланууга Кыргыз Республикасынын даяр экендиги тууралуу тийиштүү нотаны америка тарапка жиберсин.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын жарандарына карата окшош шарттарды пайдалануу жөнүндө Америка Кошмо Штаттарынын жооп нотасын алган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр Дж.К.Оторбаев
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук жыйымдар жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 839
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы N 156 "Кыргыз Республикасынын визасын тариздөө жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2009 · № 156 · Күчүн жоготкон