7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кириши жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43
(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 23-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документтер жана визалар боюнча эларалык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик чегарада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен башкалар каралбаса, өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына киришине төмөнкү себептер боюнча уруксат берилбейт:
1) виза же жарактуу документи болбосо;
2) улуттук коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуунун кызыкчылыгында;
3) эгерде бул Кыргыз Республикасынын жарандарынын же Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоодо, укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоодо олуттуу залал келтирген болсо;
4) эгерде мурда болгон учурунда ал адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы аныкталса;
5) эгерде Кыргыз Республикасына кирүүгө өтүнүч берген учурда ал өзү тууралуу жалган маалымат же жалган документтерди берген болсо;
6) эгерде ошол жаранга карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасында болушунун (жашоосунун) мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алынса;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздерде.
Визасы болгон учурда кирүүгө уруксат бербөө, аны өтүнгөн адамга, баш тартуу чечимин чыгарган укук берилген мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан мындай баш тартууну негиздөө аркылуу жазуу жүзүндө токтоосуз билдирилет. Киргизүүгө уруксат бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылат. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүүгө төмөндөгүдөй учурларда чектелиши мүмкүн эгерде алар:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шектүү деп кармалышса, же күнөөлүү катары тартылышса, - иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин же соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолушса, - жазаны өтөөгө (аткарууга) же жазадан бошотулганга чейин;
3) сот тарабынан айып салынган милдеттерди аткаруудан баш тартышса, - милдеттерин аткарууга же тараптар макулдашууга жетишкенге чейин;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктарды төлөө боюнча милдеттерди аткарышпаса, - мындай милдеттерди аткарганга чейин;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында тартип бузгандыгы учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышса, - жазаны аткарууга же жазадан бошотулганга чейин.
Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүүдө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенде миграциялык көзөмөлдөн өтүшөт. Миграциялык көзөмөлдөө жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер жарактуу документтери боюнча, чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин документин көрсөткөндө визаны жол-жоболоштурбастан, мамлекеттик чек арадагы эл аралык катнаш үчүн ачылган өткөрмө пункттар аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби ушул Мыйзам, мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 декабря 2013 года № 214 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
27.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча уруксат берилбейт:
1) виза же жарактуу документи болбосо;
2) алынып салынды: мамлекеттик кошулду: улуттук коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуунун кызыкчылыгында;
3) … ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте Кыргыз Республикасында болушунун (жашоосунун) … милдеттерди аткарганга чейин;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында алынып салынды: администрациялык тартип бузгандыгы учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынды: администрациялык жоопкерчиликке тартылышса, - жазаны аткарууга же жазадан бошотулганга … өтүшөт. Миграциялык көзөмөлдөө жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештер жарактуу … тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери менен жөнгө салынат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 214, 2020-жылдын 24-июлундагы № алынып салынды: 89 кошулду: 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (10)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы № 12-р (2021 -жылдын 29-апрелинен тартып кыргыз-тажик мамлекеттик Тажикстан Республикасына(нан) товарларды жана транзиттик…Распоряжение · 21.05.2021 · № 12-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б (Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын…Распоряжение · 17.03.2020 · № 84-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-февралындагы № 61-б (Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустук инфекциянын (2019-nCoV) киришин алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө)…Распоряжение · 28.02.2020 · № 61-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 95-б (Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 22.03.2020 · № 95-р
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 26-майындагы № 500-V "2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды изилдөө боюнча Эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчету…Постановление · 26.05.2011 · № 500-V
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.05.2019 · № 253
- Программа мероприятий по развитию туризма в Кыргызской Республике до 2010 года (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 2 февраля 2001 года N 33)Программа · 02.02.2001 · № 33 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 февраля 2001 года №43 "О реализации Указа Президента Кыргызской Республики "Об объявлении 2001 года - Годом поддержки и развития туризма в…Постановление · 09.02.2001 · № 43 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-б буйругуРаспоряжение · 17.03.2020 · № 84-б
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 95-б буйругуРаспоряжение · 22.03.2020 · № 95-б
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-7" title="7-берене - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>