Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 23-майы № 98
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу"
2008-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) тө-
мөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Визасыз режим - Кыргыз Республикасы тарабынан жарактуу деп таа-
нылган, документтердин бири боюнча, эгерде Кыргыз Республикасынын эла-
ралык келишимдеринде башкалар каралбаган болсо, чет мамлекеттердин жа-
рандары визаны жол-жоболоштурбай туруп, Кыргыз Республикасынын аймагына
кирүүгө, чыгып кетүүгө, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана бо-
лууга укук берген режим.";
- 4-бөлүктөгү "паспорту же аны алмаштырган акысыз жол жүрүү кага-
зы" жана "жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү" деген сөздөр тиеше-
лүүлүгүнө жараша "жарактуу" жана ". Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү
жана транзит менен өтүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:
"Визалуу режим - алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленүүчү жарактуу визанын негизинде чет мамлекеттердин жарандарына
Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүү-
гө, орун которууга жана болууга укук берген режим.
Инсандыгын ырастаган документ - дипломатиялык каналдар боюнча жө-
нөтүлгөн жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган, эгерде Кыргыз
Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаган болсо, Кыр-
гыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан өтүүчү адамдын статусун да-
лилдеген документ.
Жарактуу документ - инсандыгын ырастаган жана анын бардык бөлүктө-
рү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары та-
рабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө жол-жоболошту-
рулган жана ага ыйгарым укуктуу органдарга бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн,
көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ.".
2. 5-берененин 1-бөлүгүндө "Улуттук коопсуздук кызматы" жана "Кор-
гоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Мамлекеттик улут-
тук коопсуздук комитети" жана "Чегара кызматы" деген сөздөр менен ал-
маштырылсын.
3. 6-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Чет элдик жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз
Республикасына киргизүүгө, алардын Кыргыз
Республикасында болуусуна, транзиттик өтүүсүнө жана
Кыргыз Республикасынан чыгуусуна уруксат";
- 1-бөлүктөгү "(паспорту же аны алмаштырган документи)" деген сөз-
дөр алып салынсын; "чет өлкөлүк паспорттордун" деген сөздөр "инсандыгын
ырастаган документтер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-2-бөлүктөгү "чет өлкөлүк паспорттордун" деген сөздөр "инсандыгын
ырастаган документтердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан
тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук акты-
ларында же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар ка-
ралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына
кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу
документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет
жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет.";
- 4-бөлүктөгү "визанын негизинде" деген сөздөр "жарактуу документ-
тердин жана визанын негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 7-беренеде:
- берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын
Кыргыз Республикасына кириши жана Кыргыз
Республикасынан чыгып кетиши";
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документ-
тер жана визалар боюнча эларалык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик че-
гарада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана
Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери менен башкалар каралбаса,
өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз
Республикасынан чыгып кетишет.";
- 2-бөлүктө:
1-пунктта "жарактуу виза, паспорт же аны алмаштырган документи
болбосо" деген сөздөр "виза же жарактуу документи болбосо" деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жањы 6-пункт менен толукталсын:
"6) эгерде ошол жаранга карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым
укуктуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген
тартипте Кыргыз Республикасында болушунун (жашоосунун) мүмкүн эместиги
жөнүндө чечим кабыл алынса;";
6-пункт 7-пункт деп эсептелсин;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республика-
сына кирүүгө төмөндөгүдөй учурларда чектелиши мүмкүн эгерде алар:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жасоого шек-
түү деп кармалышса, же күнөөлүү катары тартылышса, - иш боюнча чечим
кабыл алынганга чейин же соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн сотто-
лушса, - жазаны өтөөгө (аткарууга) же жазадан бошотулганга чейин;
3) сот тарабынан айып салынган милдеттерди аткаруудан баш тартыш-
са, - милдеттерин аткарууга же тараптар макулдашууга жетишкенге чейин;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган салыктарды төлөө
боюнча милдеттерди аткарышпаса, - мындай милдеттерди аткарганга чейин;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында администрациялык тартип буз-
гандыгы учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрация-
лык жоопкерчиликке тартылышса, - жазаны аткарууга же жазадан бошотул-
ганга чейин.";
- 4-бөлүк "Кыргыз Республикасына кирүүдө" деген сөздөрдөн кийин
"жана Кыргыз Республикасынан чыгып кеткенде" деген сөздөр менен толук-
талсын;
- 4 жана 5-бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша 5 жана 6-бөлүктөр деп
эсептелсин.
5. 8-беренеде:
- 2-бөлүктүн биринчи абзацында "чет өлкөлүк паспортторун" деген
сөздөр "инсандыгын ырастаган документтерин" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын;
- 3-бөлүктө "паспорт же аны алмаштыруучу документке" деген сөздөр
"бул максаттарда атайын баракчалары бар инсандыгын ырастаган документке
гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 10-беренеде "чет өлкөлүк паспортторду" деген сөздөр "инсандыгын
ырастаган документтерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 11-беренеде "чет өлкөлүк паспорттор" деген сөздөр "инсандыгын
ырастаган документтер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 12-берене "чет өлкөлүк жарандардын" деген сөздөрдөн кийин "жана
жарандыгы жок адамдардын" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 14-берененин 7-абзацында "өткөрүү" деген сөз "жарактуу" деген
сөз менен алмаштырылсын.
10. 15-берененин 7-бөлүгүндө "паспорт менен" деген сөздөр "жарак-
туу документи менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Кыргыз Респуб-
ликасына кирүүгө" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынан
чыгып кетүүгө" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 19-беренеде:
- 3-бөлүктүн 3-пунктту "тартууга негиз" деген сөздөрдөн кийин
"аларды" деген сөз менен толукталсын;
- 6-бөлүктө "Улуттук коопсуздук министрлиги тарабынан" деген сөз-
дөр "Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан" деген сөздөр
менен алмаштырылсын; бөлүк "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министр-
лиги" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызма-
ты" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 20-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар алардын баруусуна
ачык болгон Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жүрө алышат.";
- 2-бөлүк "чет өлкөлүк жарандар" деген сөздөрдөн кийин "жана жа-
рандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын.
13. 21-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүнүн
тартиби, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жана анын
өкүлчүлүктөрүндө катталган жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу
документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан
аныкталат.".
14. 22-беренеде:
- 1-бөлүктө "түп нускадагы паспорту же алардын өздөрүн күбөлөндү-
рүүдө паспортту алмаштырган документи" деген сөздөр "жарактуу документ-
ти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктө "паспорттун же аны алмаштыруучу документтин" деген
сөздөр "инсандыгын ырастаган документтин" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын.
15. 23-берененин 2-бөлүгү "чет өлкөлүк жарандар" деген сөздөрдөн
кийин "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 31-берененин 3-бөлүгүндө "куракка жеткен жаран" деген сөздөр
"куракка жеткен жаран же жарандыгы жок адам" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын.
17. 32-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
"Жарактуу документтин же эларалык келишимдердин негизинде аны ал-
маштыруучу документтин көчүрмөсү:".
18. 39-берененин 3-бөлүгүндө "түп нускадагы паспорттору, визасы"
деген сөздөр "жарактуу документтер жана эларалык келишимдердин негизин-
де аларды алмаштыруучу документтер боюнча" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын.
19. 42-беренеде:
4-бөлүктө "ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган документтер-
дин" жана "инсандык күбөлүктүн" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ин-
сандыгын ырастаган документтердин" жана "күбөлүктүн" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
20. 43-берененин 6-бөлүгүндө "баланын" деген сөз тиешелүү жөндөмө-
лөр түрүндө "16 жашка чыга элек жаран" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын; "(16 жашка чейинки балдар үчүн гана)" деген сөздөр алып салынсын.
7-бөлүктө "баланын" деген сөз "16 жашка чыга элек жаран" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
21. 46-берененин 2-бөлүгүндө "улуттук коопсуздук органдары тарабы-
нан" деген сөздөр ", чегара кызматынын органдары тарабынан" деген сөз-
дөр менен толукталсын.
22. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмө түрүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ал-
дындагы Миграция жана демография боюнча мамлекеттик агенттиги"" деген
сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын;
ар кандай жөндөмө түрүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење-
шинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
Шилтеме берет (1)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61