Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 „Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 октября 2023 года № 541 "Об утверждении Положения о порядке пребывания иностранных граждан на территории Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-10-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-июлу № 66 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Визалык режимди либералдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуучу Тизменин 69-79-абзацтарын кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.";
2) аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесинде:
- алтымыш тогузунчу-жетимиш тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Алжир Элдик Демократиялык Республикасы(**) Бангладеш Эл Республикасы(**) Египет Араб Республикасы(**) Индия Республикасы(**) Иордания Хашимит Королдугу(**) Ливан Республикасы(**) Марокко Королдугу(**) Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы(**) Пакистан Ислам Республикасы(**) Тунис Республикасы(**) Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы(**);
3) (**) эскертүүсү "Эмирликтери," деген сөздөн кийин "Сауд Аравия Королдугу," деген сөздөр менен толукталсын.";
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 13-июлундагы № 79 жарыяланды
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2023 · № 541
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2009 · № 87 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2023 · № 541
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2009 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон